Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Октябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Тогуз айда өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабагандарга 11,7 млн сом айып салынды


Өрт кырсыктарынын бири. Сүрөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алынды.
Өрт кырсыктарынын бири. Сүрөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) быйыл жыл башынан бери өрт коопсуздугунун эрежелерин бузган мамлекеттик мекемелер менен жеке ишкерлерге 11,7 млн сом айып салынганын билдирди.

Мекеменин маалыматында бул убакыт аралыгында жалпы 6 595 текшерүү жүргүзүлүп, мыйзам бузуу боюнча 4 269 көрсөтмө берилип, 588 административдик протоколдун негизинде 11 млн 790 миң 500 сом айып пул салынган. Бул 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу эки эсе көп.

Имараттарда жана көчөлөрдө жайгашкан 4 457 өрт гидранттары оңдоп-түзөө жана инвентаризациялоодон өтүп, бузук турган өрт гидранттары үчүн 1 млн 508 миң сом айып салынган.

ӨКМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2024-жылы 3 148 өрт кырсыгы катталып, андан 47 адам каза болгон. Алардын ичинен жетөө балдар. 2023-жылы баш-аягы 3 498 өрт кырсыгы катталып, 35 адам каза таап, 31 киши жаракат алган.

Өрт кырсыктарынын көбү электр жабдууларын этиятсыз колдонуудан улам чыгат. Андан тышкары мештерди жана морлорду колдонууда да өрт коопсуздугу сакталбаганы тилсиз жоонун негизги себептеринин бири экени айтылып келет. (BTo)



Шерине

XS
SM
MD
LG