Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

"Мелисса" бороону Ямайка жана Гаитиде 20дан ашуун өмүрдү кыйды


Ямайка. 30-октябрь, 2025-жыл
Ямайка. 30-октябрь, 2025-жыл

Ямайкада "Мелисса" бороонунан кийинки суу каптоодон беш, Гаитиде кеминде 20 киши каза тапканы ырасталды.

Видеолордон кулаган бак-дарактарды, суу алган жолдорду, учурулуп кеткен чатырлар жатканын көрүүгө болот.

Катуу шамалдын ыкчамдыгы айрым учурларда саатына 298 км жетип турду. Бул – 2005-жылы Жаңы Орлеанда 1392 кишинин өмүрүн кыйган “Катрина” бороонун коштогон шамалдын күчүнөн ашат.

Маалыматка караганда, Сент-Элизабет району суу астында калды, 500 миңден ашуун киши электр жарыгысыз калды. Кооптуу абалдан улам куткаруучулар ал жерге жете албай жатат.

Окумуштуулар зыяндуу газдар абага бөлүнүп чыгып, океандар жылыган сайын бороон, шамал көбөйгөнүн, тез кайталанганын белгилешет.

Британ премьеринин расмий өкүлү өкмөт Ямайканы калыбына келтирүү жана гуманитардык чукул жардам иретине 3,3 миллион доллар бөлөрүн билдирди.

Буга чейин Кариб деңизи аймагындагы өлкөлөрдүн лидерлери айлана-чөйрөнү булгаган бай мамлекеттерди кенемте иретинде жардам берүүгө же карыздарын кечүүгө үндөп келген.


Шерине

XS
SM
MD
LG