Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:47

"Өлүм жазасы көйгөйдү чечпейт". Акыйкатчынын пикири, Европарламенттин эскертүүсү


Кыргызстандын акыйкатчысы өлүм жазасын киргизүүгө каршы пикирин билдирди. Ал БУУнун өкүлдөрү менен жолугушууда жогорку жаза киргизүүнүн терс жактарына токтолуп, андан көрө тергөөнүн сапатын жакшыртууга, сот адилеттигин камсыздоого, зомбулукту алдын алуу чараларын күчөтүүгө чакырды.

Сентябрдын соңунда 17 жаштагы окуучу кыздын зордукталып өлтүрүлүшү коомчулуктун курч реакциясын жаратты. Анын алдында дагы катарынан үрөй учурган кылмыштар катталган эле. Ошондон кийин коомчулукта өлүм жазасын киргизүү талаптары айтылып, октябрда мыйзам долбоору коомдук талкууга чыккан.

Акыйкатчынын пикири

30-октябрда акыйкатчы Жамиля Жаманбаева БУУнун туруктуу координатору Антье Граве жана уюмдун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын Борбор Азиядагы аймактык өкүлү Матильда Богнер менен жолугушуу учурунда Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүү демилгесине каршы экенин билдирди.

Ал өлкөдө аялдарга жана балдарга каршы жасалган кылмыштар жыл сайын 36% көбөйүп жатканын белгилеп, бирок өлүм жазасы көйгөйдү чечпейт деп эсептейт.

Жамиля Жаманбаева
Жамиля Жаманбаева

“Биз коомдун каргашалуу окуяларга болгон эмоционалдуу реакциясын түшүнүп жатабыз, бирок, өлүм жазасы көйгөйдү чечпейт деп эсептейбиз. Андан көрө, тергөөнүн сапатын жакшыртып, кылмышкерди жазадан качып кутулбасын камсыздап, алдын алуу чараларын күчөтүү зарыл”, - деди Жаманбаева.

Жолугушууда БУУнун өкүлдөрү акыйкатчынын пикирин колдоп, өлүм жазасын кайтаруу Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине каршы келерин эскертишкен.

Европарламентте козголгон маселе

Ал тапта Европарламенттин депутаты Начо Санчес Амор Кыргызстанда өлүм жазасын кайтаруу демилгесин сынга алды. Ал Еврокомиссияга кайрылып, Кыргызстандын бул демилгесине карата реакциясын сурады. Начо Санчес "бул чара Кыргызстанда гендердик зомбулуктун себептерин токтото албасын", эң жогорку жаза - өлүм жазасын колдонууну кеңейтерин гана белгилейт.

Кыргызстанда сентябрдын соңунда 17 жаштагы окуучу кыздын зордукталып, мыкаачылык менен өлтүрүлүшү коомчулуктун үрөйүн учуруп, курч реакцияларды жаратты. Коомчулукта айрымдар мындай кылмыштарга өлүм жазасын киргизүү сунуштарын айтышкан.

13-октябрда Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документти өлкө президентинин администрациясы иштеп чыккан. Долбоордо Баш мыйзамдын 25-беренесине жаңы норма киргизүү сунушталууда. Ага ылайык, ар бир адамдын жашоо укугу ажыратылгыс деп белгиленгени менен өлүм жазасы балдарды зордуктоо жана зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү үчүн мыйзам менен белгилениши мүмкүн. Талкуунун мөөнөтү 28-октябрда бүттү. Эми документтин тагдырын Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаттары чечет.

Өлүм жазасы талкууланып жаткан учурда ага каршы пикирин билдиргендер Кыргызстанда сот системасы, кылмыш ишин тергөө, кылмышты далилдөө боюнча укук коргоо органдарынын иши өлүм жазасын киргизүүгө даяр эмес экендигин белгилеп жатышты.

"Өлүм жазасын кайтаруу туура эмес"

Акынбек Ногоев "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунда көп жылдар юрист болуп иштеп, учурда адвокаттык менен алектенет. Адвокат өлүм жазасын кайтаруу демилгеси адам укугун коргоо жаатында артка ташталган кадам болорун белгиледи:

Акынбек Ногоев
Акынбек Ногоев

"Кыргызда "Өмүр да, өлүм да Кудайдан" деген жакшы накыл сөз бар. Бул жөн эле сөз эмес, терең түпкү философиясы бар, адам өмүрүнүн кандай кымбат экенин аныктап турат. Өнүккөн коом, өнүккөн өлкөлөр өлүм жазасынан баш тартышкан. Биздин өлкөдө да өлүм жазасы жокко чыгарылган. Бирок эми аны кайтаруу - өч алуу прецедентин жаратып, мамлекет адам өмүрүн алып кое алат дегенге алып келет. Биз адилеттүү, боорукер жана ыймандуу коом куралы десек, өлүм жазасын кайтарууга бөгөт коюшубуз керек. Бизде коом да, укук коргоо органдары да, сот системасы да буга даяр эмес. Азыр Кыргызстанда укук жаатында бузуулар көп, бизде соттук калыстар деген институт кире элек. Ал кирип, иштеп, такшалып, укук деген 1-орунга чыкканда гана балким кайтарууну ойлонууга болот. Азыр элде да коомдогу жаман окуяларга кыжыры кайнап, өч алуу сезими күчтүү болуп турган учур".

Өлүм жазасын киргизүү демилгесине буга чейин бир катар эл аралык жана жергиликтүу уюмдар, институттар каршы пикирин билдирди.

  • Кыргызстанда 1998-жылы өлүм жазасына мораторий киргизилген. 2007-жылы Жогорку Кеңеш андай жазаны өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырган.
  • 2010-жылы Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактка кошумча Экинчи факультативдик протоколду ратификациялаган. Ал эми 2021-жылы кабыл алынган Баш мыйзам өлүм жазасын колдонууга тыюу салат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG