Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:40

Эл аралык жети уюм Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүү демилгесин айыптады


Кыргызстандын баш мыйзамы жана өлүм жазасын түшүндүргөн иллюстрация.
Кыргызстандын баш мыйзамы жана өлүм жазасын түшүндүргөн иллюстрация.

Адам укуктары жаатында иш алып барган эл аралык жети уюм кыргыз бийлигинин өлкөдө өлүм жазасын калыбына келтирүү демилгесин кескин айыптаган билдирүү таратты.

“Аялдарга көрсөтүлгөн зомбулукка каршы күрөшүү өтө маанилүү, бирок өлүм жазасын киргизүү аны чече турган жол эмес. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, катаал жазалар, анын ичинде өлүм жазасы да натыйжалуу чара эмес. Өлүм жазасын кайра киргизүү, тескерисинче, коррупциядан, жазасыз калуудан жана мыйзам үстөмдүгүнүн алсыздыгынан жапа чеккен укуктук системада кыянатчылыктарды күчөтөт. Ал аз келгенсип, мындай кадам Кыргызстандын Конституциясын түздөн-түз бузат. Анткени анын 25-беренесине ылайык өлүм жазасына тыюу салынган жана өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин, атап айтканда, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакттын экинчи факультативдик протоколун бузат. Бул документ аны ратификациялаган мамлекеттерден, анын ичинде Кыргызстандан, кандай гана жагдай болбосун, өлүм жазасын жоюуну талап кылат”, – деп айтылат билдирүүдө.

Укук коргоо уюмдары өлүм жазасынын ордуна кыз-келиндерди зомбулуктан коргоо үчүн комплекстүү чараларды көрүүгө, анын ичинде кризистик борборлорду, баш калкалоочу жайларды ачууну, тиешелүү кызматкерлерди окутууну, укук коргоо органдарындагы катачылыктар үчүн сөзсүз жоопко тартууну, кылмышкерлерге жасаганына жараша оор жаза берүүнү жана башка чараларды сунуштаган.

Кайрылууга Freedom For Eurasia, Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (IPHR), Адам укугу боюнча Хельсинки фонду (HFHR), Araminta, Адам укуктары боюнча эл аралык федерация (FIDH), People in Need (PIN), Civil Rights Defenders уюмдары кол койгон.

27-сентябрда Ысык-Көл облусунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 17 жаштагы окуучу кыз Айсулуу Мукашеванын өлүмүнөн кийин президент Садыр Жапаров Кыргызстанда өлүм жазасын кайтаруу демилгесин көтөрдү. 13-октябрда Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документти өлкө президентинин администрациясы иштеп чыккан.

Долбоордо Конституциянын 25-беренесине жаңы норма киргизүү сунушталууда. Ага ылайык, ар бир адамдын жашоо укугу ажыратылгыс деп белгиленгени менен өлүм жазасы балдарды зордуктоо жана зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү үчүн мыйзам менен белгилениши мүмкүн.

Кыргызстанда 1998-жылы өлүм жазасына мораторий киргизилген. 2007-жылы Жогорку Кеңеш андай жазаны өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырган. 2010-жылы Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактка кошумча Экинчи факультативдик протоколду ратификациялаган. Ал эми 2021-жылы кабыл алынган Баш мыйзам өлүм жазасын колдонууга тыюу салат. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG