Ошентип, 9-октябрда Бээжин менен Вашингтон ортосундагы чыңалуу мурдагыдан да күчөдү. Буга Кытайдын дагы беш металлды экспорттоого тыюу салганы себеп болду. Быйыл апрель айында Бээжин сейрек кездешүүчү металлдын жети түрү боюнча ушундай эле чечим чыгарган. Сейрек кездешүүчү, жалпы саны 17ге жеткен элементтер электр унааларынын батареяларынан тартып смартфондорго жана аскердик технологияларга чейин колдонулган маанилүү заттар болуп саналат.
Буга жооп катары АКШнын президенти Дональд Трамп 10-октябрда Кытайдан импорттолгон товарларга кошумча 100 пайыздык бажы төлөмүн киргизерин жарыялады.
Лондондо жайгашкан Chatham House изилдөө борборунун улук адиси Жеймс Кинж мындай деп жазды:
“Бээжиндин бул кадамы Кытайдын дүйнөдөгү эң ири соода өлкө катары өндүрүш чынжырындагы үстөмдүгүн колдонуп, эл аралык саясатта өз таасирин күчөтүп жатканын кайрадан эске салды.”
Эки өлкө ортосунда соода согушу тутанышы мүмкүн деген талкуулар Трамп менен Си Цзиньпиндин жолугушуусу тууралуу маалыматтар чыккан учурга туш келди. Байкоочулар муну Бээжиндин сейрек кездешүүчү металлдардагы үстөмдүгүн саясий курал катары пайдалануу стратегиясынын жаңы баскычы катары баалоодо. Кытай учурда дүйнөдөгү сейрек металлдардын 70 пайыздан ашыгын казып, 90 пайызын иштетип, 93 пайыз магнит өндүрүшүн көзөмөлдөйт.
Жаңы чектөөлөргө ылайык, Кытайдан сейрек кездешүүчү металлдардын негизинде жасалган магниттерди же курамында 0,1 пайыздан ашык сейрек металл бар айрым жарым өткөргүч материалдарды экспорттоону каалаган чет өлкөлүк компаниялар эми Бээжинден атайын уруксат алышы керек болот.
Эрежелерге ылайык, чет элдик аскердик түзүмдөр менен байланышы бар компанияларга, анын ичинде АКШнын аскердик түзүмдөрүнө да экспорттук лицензия берүү дээрлик толугу менен токтотулат.
Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун (CSIS) адиси, сейрек кездешүүчү минералдардын коопсуздугу боюнча программаны жетектеген Грейслин Баскаран мындай деди:
“Бул жаңы чектөөлөр Кытайдын азыркыга чейинки коргонуу секторуна багытталган эң олуттуу кадамы болуп саналат.”
Адистин айтымында, жаңы саясат Кытайда өндүрүлгөн сейрек металлдар жана аларга байланышкан технологиялар чет өлкөлүк аскердик камсыздоо чынжырларына түз же кыйыр түрдө колдонулбашы үчүн кабыл алынган.
Украинадагы согушка кандай таасирин тийгизет?
Европа өлкөлөрүндө Кытайдын жаңы чектөөлөрү Украинага аскердик жардам көрсөтүү аракеттерине тоскоол болушу мүмкүн деген кооптонуу жаралууда.
АКШ НАТОдогу европалык өнөктөштөрүнө курал сатууну макулдашкан. Ал курал-жарак Киевге өткөрүлүп, Орусиянын баскынчылыгына каршы согушта колдонулат. Мындан тышкары, бир катар европалык өлкөлөр Украинага өздөрүндө өндүрүлгөн аскердик жабдууларды берип келатышат.
Курал-жарак жана аскердик техниканы чыгарууда сейрек кездешүүчү элементтерге көз карандылык пайда болот. Маселен, бул тизмеге F-35 үлгүсүндөгү истребителдер, Virginia жана Columbia классындагы суу астындагы кайыктар, радар системалары, Predator учкучсуз аппараттары, Joint Direct Attack Munition аттуу акылдуу бомбалар жана Трамп Украинага жөнөтүүнү карап жаткан Tomahawk ракеталары кирет.
АКШдагы Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун маалыматына караганда, Кошмо Штаттардын Коргоо министрлиги менен кошо бир катар өлкөлөр сейрек металлдардын запасын сактап турат. Бирок Кытайдын жаңы чектөөлөрү узак мөөнөттүү келечекте Украинаны курал-жарак менен камсыздоо иштерине таасир этиши мүмкүн. Айрыкча АКШнын жогорку технология менен куралдандыруу аракетинде маселе жаратышы толук ыктымал.
Кытайдагы Европа соода палатасы акыркы чектөөлөр “сейрек кездешүүчү элементтердин дүйнөлүк камсыздоо чынжырын мурдагыдан да татаалдаштырды” деп билдирди. Ошол эле учурда Бээжинде экспорттук лицензия алуу процесси мурунтан эле кыйындап, акыркы жарым жылда узун кезек жаралганын билдиришти. Алар Кытай быйыл апрель айында жети түрдөгү металлга ушундай эле чектөө киргизгенден бери абал турукташа электигин баса белгилешти.
Сейрек кездешүүчү металлдар боюнча “тоскоолдуктарды” жоюу боюнча жаңы система түзүү — Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен июль айында өткөн ЕБ–Кытай саммитинде көтөргөн негизги маселелердин бири болгон. Ага карабастан, көптөгөн европалык компаниялар Бээжиндеги лицензия алуу жараяны өтө жай жүрүп жатканын, бул болсо өндүрүштү кечеңдетип жатканын билдирүүдө.
Борбордук жана Түштүк Азия Кытайдын үстөмдүгүн тең салмактай алабы?
Бээжиндеги жаңы экспорттук чектөөлөр декабрь айында күчүнө кирмекчи, ал эми Трамп сунуштаган кошумча бажы төлөмдөрү 1-ноябрдан тартып иштей баштайт.
Кытайдын сейрек кездешүүчү металлдарды казып жана иштетүүдө монополиялык абалда болушу дүйнө мамлекеттерин бул өлкөгө болгон көз карандылыгын азайтуу үчүн альтернатива издөө аракетине түртүп жатат.
ЕБнин төрайымы Урсула фон дер Ляйен, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана Европа кеңешинин президенти Антониу Кошта Өзбекстандагы саммитте дал ушул маселени талкуулашкан.
Сентябрь айында Пакистан АКШнын US Strategic Metals компаниясы менен 500 миллион долларлык меморандум түзгөн. Ал келишимге ылайык, сейрек кездешүүчү минералдардын алгачкы партиясы октябрдын башында жеткирилди.
АКШ жана ЕБ эми сейрек металлдарга жана маанилүү ресурстарга бай Борбор Азия аймагына болгон кызыгуусун күчөттү. Вашингтон C5+1 форматындагы минералдар боюнча диалогду, G7нин Глобалдык инфраструктура жана инвестициялар өнөктөштүгүн (PGII) жана Борбор Азия өлкөлөрү менен бир катар эки тараптуу меморандумдарды ишке киргизди.
Ошол эле маалда сейрек кездешүүчү жана стратегиялык минералдар маселеси апрель айында Самаркандда өткөн тарыхый саммиттин негизги темаларынын бири болду. Саммитке Европа Биримдигинин өкүлдөрү жана Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан менен Өзбекстандын лидерлери катышкан.
Ошол эле айда Казакстан сейрек кездешүүчү металлдардын 20 миллион тоннадан ашык ири кенин тапканын жарыялаган. Бул маалыматты учурда эл аралык компаниялар тактап жатат. Эгер ырасталса, анда Казакстан Кытай менен Бразилиядан кийин дүйнөдө сейрек металлдардын эң ири үчүнчү запасына ээ өлкө болуп калмак.
Казакстанга жана жалпы Борбор Азия аймагына эл аралык кызыгуу артып жатканы менен чөлкөмдүн сейрек кездешүүчү жана маанилүү минералдар тармагында күчтүү оюнчуга айланышына жолтоо болгон бир катар факторлор дагы эле бар.
Вашингтондо жайгашкан Atlantic Council аналитикалык борбору быйыл жарыялаган отчетто Борбор Азиянын бул тармактагы өнүгүүсүнө бир катар олуттуу тоскоолдуктар бар экени белгиленген. Алардын катарына жогорку транзиттик чыгымдар, экспорттук инфраструктуранын жетишсиздиги жана инвестициялык тобокелдиктердин жогору болушу кирет. Отчетто ушул факторлор аймактын соодадагы атаандаштык жөндөмүн кыйла төмөндөтүп жатканы көрсөтүлгөн.
Баяндамада АКШ кыска жана орто мөөнөттүү перспективада сейрек кездешүүчү минералдарга ээ, бирок экспорттук системасы жакшы өнүккөн өлкөлөр Канада жана Чили менен кызматташууну күчөтүшү керектиги белгиленет.
“Маанилүү минералдар боюнча тез арада өнөктөштүк түзүү — АКШ үчүн Кытайга болгон көз карандылыкты азайтууда абдан маанилүү кадам. Бирок Вашингтон Борбор Азиядан реалдуу мүмкүнчүлүктөн ашык үмүт күтүүдөн этият болушу зарыл,” — деп айтылат баяндамада.
Шерине