Израилдин аскер-деңиз флотунун кемелери Газага жардам жеткиребиз деген ураан менен жолго чыккан активисттердин бир нече кемесин токтоткону маалым болду. Кармалгандардын арасында швед экоактивисти Грета Тунберг да бар.
АКШнын президенти Дональд Трамп 29-сентябрда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну кабыл алып, Газа секторундагы абалды жөнгө салуу боюнча тынчтык планын талкуулады. 20 пункттан турган планды бир катар араб, мусулман өлкөлөрү, европалык мамлекеттер кубатташты.
Молдовада 28-сентябрда өткөн парламенттик шайлоо өттү деп жарыяланды. Бюллетендердин басымдуу бөлүгү эсептелгенден кийин президент Майя Сандунун Европаны жактаган "Аракет жана тилектештик" (PAS) партиясы алдыга озду. Анын партиясы добуштардын 50% ашыгын алды.
Даниянын аба мейкиндигин дрондордун кайра бузуп киришине байланыштуу НАТО Балтика деңизинде зениттик фрегат жана кошумча чалгын жабдыктарын жиберди.
АКШнын жана Украинанын президенттери Дональд Трамп менен Владимир Зеленский 23-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында жолугушту. Жолугушуунун алдында Трамп Украина “[Орусиянын] чоң армиясын токтотуу боюнча эң сонун ишти аткарып жатканын” белгиледи.
Орусия менен Беларус 12-сентябрда «Запад-2025» деп аталган аскердик машыгуусун баштады. 7-8 миңдей аскер катышкан иш-чарада өзөктүк курал жана «Орешник» баллистикалык ракеталарды колдонуу планы боюнча иштөө каралууда.
11-сентябрда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун журналисти Игорь Лосик Беларуста беш жылдан ашуун абакта отургандан кийин бошотулду. Лосик түрмөдө оор шартта кармалып, анын үй-бүлөсү, жакындары да Беларус бийлигинин куугунтугуна кабылган.
Орусия өткөн дем алышта 2022-жылы Украинага басып киргенден бери абадан эң ири чабуул койду. Муну менен катар майданда да украин аскерлерине кысымын улантууда. Украинадагы согуш канчага чейин уланат? Жакынкы күндөрдө жана апталарда кайсы жагдайларга көңүл буруу зарыл?
31-августка караган түнү Ооганстандын чыгыш аймагында болгон жер титирөөдөн каза тапкандар саны 2217ден ашып, дагы дээрлик 4000 киши жаракат алды. "Талибан" өкмөтүнүн катаал эрежелерине туш болгон аялдар жер титирөөдөн кийин медициналык жардам ала албай, оор абалга туш болушту.
4-сентябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский жана бир катар европалык лидерлер Франциянын баш калаасы Парижде чогулду. Орусиянын президенти Владимир Путин тынчтык сүйлөшүүлөрү ийгиликсиз болсо максатына аскердик жол менен жетерин кыйытты.
Дагы жүктөңүз