Тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн келечеги бүдөмүк болуп турган чакта АКШ президенти Дональд Трамп Москвага каршы жаңы санкциялар жакын арада киргизилиши мүмкүн деп кыйытты. Вашингтон бул жаатта Еврошаркет менен биргелешип чара көрүүнү талкуулап жатат.
Оңойго турбаган тынчтык сүйлөшүүлөрү
Быйыл жаз-жай айларында Орусия менен Украина согуштун алгачкы күндөрүндө өткөн тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн бери алгачкы ирет тикелей жолугушуу жүргүздү. Эки өлкөнүн делегациялары май-июль айларында Стамбулда үч жолу кездешти. Трамп болсо 15-августта Аляскада Путин менен, үч күндөн кийин Зеленский жана европалык лидерлер менен жолугушту.
Украина-Орусия сүйлөшүүлөрүндө согуш туткундарын жана каза болгон аскерлердин сөөктөрүн айырбаштоо тууралуу макулдашылганы менен тынчтык орнотуу же жок дегенде ок атууну токтотуу жаатында алга жылууга жетишилген эмес. Муну менен кошуна өлкөсүн басып алууну көздөгөн Путин өз шарттарынан тайбайт деген көз караш бекемдеди.
Сүйлөшүүлөрдүн эмки айлампасы качан уюштурулары азырынча белгисиз. Путин Трамп жана Зеленскийдин жолугушууга чакырганына украин лидери менен сүйлөшүүнү Москвада өткөрүү зарыл деп жооп кайтарган. Албетте, Украина үчүн бул кабыл алынгыс шарт.
Кездешүүнү үчүнчү өлкөдө өткөрүүнү жактап келаткан Зеленский Путин деле Киевге келсе болорун айтты.
“Менин өлкөм күнүгө ракетадан аткыланып жаткан маалда мен Москвага бара албайм. Террорчунун баш калаасына баруу мүмкүн эмес”, - деп билдирди Зеленский 5-сентябрда ABC News телеканалына берген интервьюда.
Бомбалоо менен коштолгон кармаштар
Эки күндөн кийин Орусия Украинага 810 дрон учуруп, эң ири аба чабуулуна күбө болдук. Соккудан Киев өзгөчө жапа чегип, бийлик өкмөт үйү зыян тартканын, үч киши, арасында 3 айлык бала энеси менен каза тапканын билдирди.
Украин баш калаасынын бутага алынышы бекер жеринен болбосо керек.
Мунун алдында Путин Кытайдагы сапары учурунда дипломатиядан майнап чыкпаса, Орусия көздөгөнүнө аскердик күч менен жетерин билдирген.
Путин Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарын толугу менен көзөмөлгө алуу максатын койгон. Украинанын ал аймактарын орус президенти 2022-жылы "Орусиянын бир бөлүгү" деп негизсиз жарыялап алган. Донецк облусунун калган бөлүгүн ээлеп алуу аракети чоң жоготуулар менен коштолуп келатат. Бирок аналитиктер белгилегендей, Путин Орусия "согуш талаасында артыкчылыкка ээ болду" деп эсептейт.
Зеленскийдин айтымында, Покровск багытында орус тарап 100 миңдей аскерди топтоп, күзгү чабуулга даярданууда.
Коопсуздук кепилдиктери
Батыш, асыресе Киевдин европалык тарапташтары тынчтык келишимине жетишилгенде Украинага кандай коопсуздук кепилдиктери берилерин кызуу талкуулап жатат.
4-сентябрда Парижде Киевге жардам берүүнү көздөгөн коалициянын жыйынын уюштурган Франциянын президенти Эммануэл Макрон 26 өлкө “Украинада коопсуздукту камсыздоо үчүн” өз аскерлерин жөнөтүү милдеттенмесин алганын билдирди.
Макрон АКШ да ал кепилдиктерди кандайча колдоору жакын арада аныкталарын айтканы менен Вашингтондун ал жараяндагы ыктымал ролуна байланышкан маселелер беймаалым.
Ал көйгөйлөрдүн бири Орусиянын каршылыгы.
Кытайда жүргөндө Путин уруш уланып жаткан чакта Украинадагы чет өлкөлүк аскерлер «мыйзамдуу согуштук бута» болуп эсептелерин эскерткен. Муну менен кошо ал тынчтык орнотуу тууралуу макулдашылса, андай контингенттин "турушуна зарылдык жок" деп айткан Путин Орусия келишимдин шарттарын кыйшаюсуз аткарарын белгиледи.
Украина жана Батыш Москванын Крымды аннексиялап алган 2014-жылдан берки кадамдарын эске алуу менен мындай билдирүүнү четке кагууда.
Дагы бир маселе согуштук аракеттерге барып такалат. Сөз болгон чет элдик аскерлерди жайгаштыруу үчүн согуш токтошу керек. Азыркы тушта жаңжал эң жакын арада жөнгө салынат деген ишеним Трамп кызматка киришкен январь айынан бери кыйла азайды. Америкалык лидер шайлоо кампаниясы маалында согушту бир-эки күндүн ичинде токтоторун жар салган болчу.
Санкциялар катаалдашы мүмкүнбү?
Учурда күн тартибинде Батыштын Орусияга жаңы санкция салуу ыктымалдыгы турган кез.
Трамп Орусияга каршы жазалоочу чаралар күчөтүлөрүн бир нече жолу эскерткен. Бирок орусиялык мунайды сатып алуу үчүн индиялык товарларга 25% тариф киргизүүдөн тышкары олуттуу чараларга бара элек. Эми гана Вашингтон жаңы санкцияларды салууга жакындагандай көрүнөт.
7-сентябрда АКШнын президенти журналисттин санкциялардын “экинчи айлампасына даярсызбы?” деген суроосуна “ооба” деп жооп берди.
Ошол эле маалда Кошмо Штаттардын финансы министри Скотт Бессент NBC каналынын эфиринде “Орусияга кысымды күчөтүүгө даярбыз, бирок Европадагы өнөктөштөрүбүз да ошондой чараларга барышы керек”, - деп айтты.
Еврошаркеттин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан жетектеген делегациясы 8-сентябрда АКШда Орусияга каршы чараларды координациялоо үчүн эки күндүк талкуу өткөрөрү кабарланды.
Трамп Орусиянын кара майын эң көп импорттогон Кытайга санкция салуудан карманып турат.
Маалыматтарга караганда, АКШ «Роснефть» жана «Лукойл» өңдүү орусиялык ири мамлекеттик энергетикалык компанияларга, “көмүскө” флоттун танкерлерине каршы санкция киргизүү мүмкүнчүлүгүн караштырууда.
Евробиримдик менен АКШнын сүйлөшүүлөрү Брюссель Москвага каршы жазалоочу чаралардын 19-пакетин даярдап жаткан чакта өтүүдө.
Шаркет асыресе, Орусиянын банк системасын, көмүскө флотту, Москвага согушту каржылоого жардам берген компанияларды бутага алган кадамдарды кеңейтиши мүмкүн.
Андан тышкары Европа биримдигинде иштеген орусиялык дипломаттардын, Европага турист болуп барган орус жарандарынын санын азайтуу каралууда.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 8-сентябрдагы басма сөз жыйынында “санкциялар Орусияны президент айтып келаткан өз позициясынан тайдырбайт” деп билдирди.
Стратегиялык изилдөөлөр боюнча эл аралык институттун улук изилдөөчүсү Найжел Гулд-Дэвистин пикиринде, санкциялар маселесинде АКШнын катышуусу абдан маанилүү.
Шерине