Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:50

"Дрон чабуулунан улам Орусиянын өзүндө мунай тартыш". Кыргызстан бензинди кайдан алат?


Бишкектеги күйүүчү майга болгон баа. 2.09.2025
Бишкектеги күйүүчү майга болгон баа. 2.09.2025

Кыргызстанда күйүүчү май дагы 4 сомго чейин кымбатташы мүмкүн. Мунай ташуучулар ассоциациясы билдиргендей, буга Орусиядагы кырдаал себеп болууда. Кыргызстан күйүүчү майга болгон керектөөсүнүн 90-95% Орусиядан сатып алат.

Мунай ташуучулар ассоциациясы Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы кымбатташы мүмкүн экенин билдирди. Уюмдун жетекчиси Канат Эшатов учурда Орусиядагы мунай заводдорунан Кыргызстанга май сатуу боюнча сунуштар азайып, баасы да өсүп жатканын айтты.

Канат Эшатов
Канат Эшатов

“Ушул бизди кооптондуруп жатат. Бул азыркы баадан дагы 3-4 сомго кымбатташы мүмкүн. Бир жагынан сунуштардын азайып жатышы биздеги майдын тартыштыгын пайда кылышы мүмкүн. Орусиядагы заводдордун айрымдарында оңдоо иштер болуп жатса, кээ бирлерине дрон чабуулу болуп, күтүүсүз жабылууда. Орусия биринчи кезекте ички керектөөсүн камсыз кылмайынча, башкаларга бербейт да”, - деди Эшатов.

Мунай ташуучулар ассоциациясынын маалыматына ылайык, соңку эки айда эле күйүүчү майдын чекене баасы литрине 3,5-4 сомго чейин өскөн.

Азыр Бишкектеги бензин сатуучу жайларда АИ-95 бензини 76, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 70 сомдун тегерегинде болууда. Ал эми дизелдин бир литри 77 сомдон сатылып жатат. Мунай ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов буларга токтолду.

“Биз азыр буга чейин арзаныраак алып келген көлөмдөрдүн эсебинен Кыргызстанда күйүүчү майга болгон чекене баа кескин түрдө кымбаттаган жок. Акырындык менен гана көтөрүлүүдө”.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясына жалпы он чакты компания мүчө.

Алардын ичинде "Газпромнефт-Азия", "Бишкек петрелеум", "Роснефть", “Партнёр Нефть” сыяктуу компаниялар негизги импортерлор болуп саналат.

Өлкөдө ассоциацияга кирбеген ушул багыттагы дагы бир нече ишкана өз алдынча иш алып барат.

  • Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда күйүүчү майга болгон жылдык керектөө 1 млн 300 миң тоннадан 1 млн 500 миң тоннага чейин жетет. Анын дээрлик 90-95% Орусиядан сатып алынат.


“Күйүүчү майга болгон баа өлкөдөгү инфляциянын негизги фактору. Анын баасы өссө башка товарлар да кымбайт. Ошондуктан өкмөт мунайды Орусиядан башка жактан да ташып келүүнүн альтернативтүү жолдорун караштырышы керек. Мисалы, Өзбекстан, Азербайжанды караштарып көрүү керек. Мындан тышкары Кыргызстандагы кайра иштетүүчү заводдорду иштетип, өлкөнүн ички керектөөсүн камсыз кылсак болот”, - деди экономист Кайрат Итибаев.

Мунай ташуучулар ассоциациясынын маалыматына ылайык, күйүүчү майга болгон тартыштык Кыргызстандын коңшуларында да байкалууда. Айрыкча Тажикстандагы баа Бишкекке салыштырмалуу кыйла кымбат.

Энергетика министрлиги Кыргызстанда күйүүчү майдын запасы жетиштүү экенин 3-сентябрда билдирди. Анда Орусиянын майды экспорттоого киргизген чектөөсүнүн мөөнөтүн узартканы Кыргызстанга тиешелүү эмес экени белгиленген.

“Кыргызстанда күйүүчү майдын жылдык керектөөсү орточо 1,6 млн тоннаны түзөт. Анын 93 пайызы Орусия Федерациясынан импорттолот. 2025-жылга карата сүйлөшүлгөн көлөм толук аткарылып бүтө элек. Алдыдагы айларда мунай продуктуларынын жеткирүүсү улантылат. Ошол эле учурда 2026-жылга карата жаңы көлөмдөрдү макулдашуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Мекеме ички рыноктун туруктуулугун камсыз кылуу жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз күйүүчү май менен камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрүп жатканын белгилеген.

Украиналык дрондор менен Орусиянын аймагындагы мунай базаларына сокку урулганы боюнча маалыматтар утур-утур чыгып турат.

"Свобода" радиосунун маалыматына караганда, Орусиянын бир катар аймактарында бензин жетишсиз болуп жатат. Приморьеде жана Забайкальеде АИ-92 бензини калкка сатылбай, өзгөчө кызматтарга гана бөлүнүүдө. Айрым аймактарда бензин талон менен гана берилүүдө. Айрым май куюучу жайларда узун кезектер пайда болгон.

Өндүрүштүн төмөндөшү 16% чейин жеткен — бул жылына болжол менен 52 млн тонна өндүрүш кубаттуулугуна тете. Орусия ички муктаждыктарды камсыз кылмайынча, сыртка экспорттоого артыкчылык бербеши мүмкүн.

Украинанын Башкы штабы 30-августка караган түнү Орусиянын Краснодар жана Сызрандагы эки мунай заводуна дрондор менен сокку урганын жарыялаган.

Маалыматта сокку "душмандын чабуул коюу потенциалын азайтуу, күйүүчү май жеткирүүгө бөгөт коюу" максатын көздөй турганы айтылат. Бутага алынган ишканаларда жарылуу жана өрт болгону жазылган.

Украин тараптын маалыматына караганда, Краснодардагы мунайды кайра иштетүүчү заводу жылына үч миллион тоннага чейин мунай өндүрөт, орус армиясын күйүүчү май менен камсыздоодо колдонулат.

Сызрандагы заводдун кубаттуулугу жылына 8 жарым миллионго жакын тоннаны түзөт.

Шерине

XS
SM
MD
LG