Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:53

Орусия Киевди ракета менен аткылады, кеминде сегиз адам жараат алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын армиясы ишембиге караган түнү Украинанын борбору Киев шаарын ракета менен аткылады. Шаардын мэри Виталий Кличко телеграм-каналына кеминде сегиз адам жараат алганын, алардын үчөө ооруканага жеткирилгенин жазды. Кличко кандай объекттерге сокку урулганын тактаган жок. Анын алдында Орусия шаарды баллистикалык ракеталар менен аткылаганын кабарлаган.

Ал арада Орусиянын борбору Москва шаарынын мэри Сергей Собянин 25-октябрга караган түнү жети учкучсыз аппарат атып түшүрүлгөнүн билдирди. Өзүнүн телеграм-каналына дрондордун сыныгы кулаган аймактарда чукул кырдаалдар кызматтарынын адистери иштеп жатканын жазды. Собянин чабуулдун кесепети, кандай имараттар бутага алынганын маалымдаган жок.

Анын алдында Орусиянын Волгоград, Ленинград, Иванов, Воронеж жана Пенза облустары дагы дрон чабуулуна кабылганы тууралуу маалыматтар чыккан.

Согуш маалында мындай билдирүүлөрдү бейтарап булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG