Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:53

"Быйыл суу аз". Энергетика тармагы кыштан кантип чыгат?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыш мезгилинде Кыргызстанда электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабашы керектигин билдирди. Бул туурасында ал 23-октябрда Нарынга болгон сапары учурунда айтты.

Ушул тапта өлкө аймагында жана борбор калаада жарык маал-маалы менен өчүрүлүп жатат.

Буга чейин Энергетика министрлиги быйыл кыш оор болорун айтып, элди айрым техникалык мүчүлүштүктөр менен авариялык өчүрүүлөргө түшүнүү менен кароого чакырган.

Бул күндөрү Бишкекте жана аймактарда электр жарыгы маал-маалы менен өчүп жатат.

Мисалы, Ысык-Көлдүн Дархан айылынын аты-жөнүн атагысы келбеген тургуну жарык аптасына бир нече жолу себеби да, убактысы да айтылбай эле өчүп жатканын ырастады:

«Жумасына 2 же 3 жолудан өчүп жатат. Светчилер жолго байланыштуу, жол жасалып жатат деп түшүндүрүп жатышкан. Бирок жолго деле тиешеси жок окшойт. Кечкисин деле өчүп калып жатат да. Эскертүүсүз эле өчүрүп салып жатышат. Жок дегенде эскертип койсо биз кичине даярданып турат элек».

Бул арада борбор калаада, анын айланасындагы конуштарда дагы жарык маал-маалы менен өчүрүлүп жатканына тургундар нааразы болуп, Телеграм каналдарда талкуулап жатышат:

Бишкек сегодня телеграм каналындагы шаар тургундарынын талкуусу
Бишкек сегодня телеграм каналындагы шаар тургундарынын талкуусу

«Киргизия 1де 2 жарым сааттан бери жарык жок».

«Көк-Жар конушуна жарыкты качан беришет, белгисиз».

«Газгородокто бир жарым сааттан бери жарык жок».

«Пишпекте дагы өчүрүштү. Кандай деп атаба, бул эми кезектешип өчүрүү».

Бишкек шаарынын тургуну Мунира Касиева жарык кечкисин өчкөндө балдар үй тапшырмасын аткарууга жетишпей калып жатышат дейт:

«Түнкүсүн өчкөндө балдар сабактан келгенден кийин сабак жаза албай калып жатышат. Ортодон же чайыбыз кайнабай, же тамагыбыз бышпайт. Жарыкты өчүрөрдө 1-2 күн мурда айтып койсо жакшы болмок да».

Күн мурун, 23-октябрда Нарынга иш сапары менен барган Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын райондук электр тармактар ишканасынын жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып кышында элге электр энергиясы үзгүлтүксүз берилиши керектигин айтты:

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

“Мамлекетибизде электр тармагы боюнча президентибиз койгон негизги тапшырмаларды аткара баштадыңар деп ойлойбуз. Кыш келатат. Андан тышкары суубуз быйыл аз. Бирок ошого карабастан мамлекетте жарык өчпөшү керек. Элдин жашоосуна оорчулук келтирилбеши керек. Мунун баары биздин энергетиктерге тапшырма”, - деди Ташиев.

Буга чейин энергетика министри быйыл кыш оор болорун айтып, муну Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү жылдагыдан аздыгына байланыштырып, калкты электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга, айрым техникалык мүчүлүштүктөр менен авариялык өчүрүүлөргө түшүнүү менен кароого чакырган:

Таалайбек Ибраев
Таалайбек Ибраев

“2024-жылы кышка карата суу сактагычта 12,4 миллиард кубметр суу болсо, азыр 1,6 миллиардга аз. Ошондуктан көбүрөөк сатып алууга туура келет, мындан улам элди сарамжалдуу болууга чакырып жатабыз. Жарык өчүрүлөбү? Бул деген өчүрүү эмес, бул деген жөнгө салуучу иш-чаралар. Эгер көмөкчордонго күч келсе, ал күйүп кетет”, - деп билдирген энергетика министри Таалайбек Ибраев.

Энергетика министрлиги быйыл Кыргызстан электр энергиясын Казакстандан, Өзбекстандан, Түркмөнстандан сатып аларын, бирок анын баасы ачык айтылбай турганын билдирген.

Энергетика тармагы боюнча эксперт Сапар Аргымбаев электр энергияны сырттан импорттоо оңойго турбайт деген пикирде:

Сапар Аргымбаев
Сапар Аргымбаев

"Былтыр чет өлкөдөн алышкан. Быйыл дагы импорт аркылуу чыкпаса, башка жол жок. Орусиядан алган электр энергияны Казакстан аркылуу линиялар өткөрө албайт. Ал кубаттуулукту бере албайт. Кычырап турган суукта, бизге керек болуп турган маалда өткөрө албайт. Ал чоң маселе. Азыр «Түркмөнстан көп берет» деп айтып жатышат. Түркмөнстандан Өзбекстан аркылуу келет. Алар дагы өткөрө алабы, өткөрө албайбы, чоң маселе болуп турат".

Аргымбаев электр энергиясын майнинг фермалар жеп жатат деген пикирин кошумчалады:

"Бүгүн майнинг компанияларын жоготуш керек. Майнинг компанияны токтотпосо, ошол эле акыбал келет. Бүгүнкү күндө "Жеке бизнес керекпи же жалпы 7 миллион элдин күнүмдүк оокатына жарык керекпи?" деген суроо турат да. Бийлик ошону бүгүн чечиши керек".

Энергетика тармагы боюнча дагы бир эксперт Калый Рахимов мындай кырдаалда бары бир жарандар жарыкты сарамжал колдонууга аргасыз болорун белгилейт:

Калый Рахимов
Калый Рахимов

"Жок болуп жатса, жетишпей атса, энергетиктер энергияны каяктан барып алат? Камбар-Ата ГЭС боюнча аракет кылып жатышат. Даярдоо иштери аяктап калды. 2026-жылы баштайбыз деп жатышат. Аны куруп бүтүрүш үчүн 8 жыл керек. Андыктан кыйынчылык дагы көп убакытка созулат".

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын кышындагы электр энергияны керектөөсү 18 млрд кВт/сааттан ашып, өндүрүлгөн кубаттуулуктан 4 млрд кВт/сааттан ашып түшөт.

Энергетика министрлигинен учурда электр жарыгы кандай тартип менен, эмнеге өчүрүлүп жатканын тактоого мүмкүн болгон жок.

  • 16x9 Image

    Наргиза Асекова

    Наргиза Асекова “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин журналисти. Кыргыз-Орус Славян университетинде журналистика адистигине ээ болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG