Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:48

"Орусияга басымды күчөтүү зарыл". Брюссел эки кыргыз банкына жана криптобиржага санкция салды


Европа Биримдигинин санкциясына кирген Grinex криптобиржасы, анда сатылып жаткан A7A5 токени жана бул экөөнүн артында турат делген Илан Шор. "Азаттыктын" коллажы.
Европа Биримдигинин санкциясына кирген Grinex криптобиржасы, анда сатылып жаткан A7A5 токени жана бул экөөнүн артында турат делген Илан Шор. "Азаттыктын" коллажы.

Европа Биримдиги Орусияга салган кезектеги санкцияларынын алкагында Кыргызстандагы “Толубай” банкын жана “Евразия сактык банкын”, орус ишкерлери Бишкекте жүгүртүүгө чыгарган криптовалютаны жана Кыргызстанда уюшулду делген криптобиржаны санкциялык тизмеге киргизди.

Grinex аттуу ал криптобиржага мурдараак АКШ менен Британия да санкция салган. Дүйнөлүк басылмалар аталган аянтчанын артында теги молдовалык, учурда орус жергесинде жашап-иштеген Илан Шор турарын маалымдаган.

“Биринчиси кокустук, үчүнчүсү мыйзам ченемдүүлүк”

Европа Биримдиги Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга каршы 19-санкциялык пакетин 23-октябрда кабыл алды. Анда жалпысынан 21 адам жана 42 компания санкциялык тизмеге киргизилди. Алардын көбү энергетика, финансы жана аскердик-өндүрүш комплексине туура келет.

Орусиядан сырткары Кытайдын, Индиянын, Таиланддын, Беларустун, БАЭнин жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн компаниялары бар. Финансылык компаниялардын ичинен Тажикстандын үч банкы, Казакстандын бир банкы жана Кыргызстандын эки банкы да кирди.

Тагыраагы Бишкектин “Толубай” банкы жана “Евразия сактык банкы” илешти. Кыргызстандык бул банктар Украинага каршы согуш ачкан Орусияга төлөм кызматын көрсөткөн жана криптовалюта менен камсыздаган финансылык уюмдар катары каралууда.

Европа Кеңешинин төрагасы Антониу Кошта журналисттерге маалымат берип жатып кезектеги чара Орусиянын Украинага агрессиясын токтотууга жардам кыларын айтты:

Антониу Кошта
Антониу Кошта

“Биз Орусияга басымды күчөтүү үчүн жана анын аскердик машинесине мүмкүн болушунча көбүрөөк чыгым келтирүү үчүн 19-санкциялык пакетти кабыл алдык. Уюмга мүчө мамлекеттер Орусиянын көмүскө флотунун ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу үчүн чараларды күчөтүүнү жана биргелешип аракет көрүүнү келиштик”.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 24-октябрда билдирүү таратып, Европа Биримдигинин кыргызстандык эки банкка санкция салганын өкүнүү менен кабыл алганын билдирди. Анда Кыргызстан санкция боюнча эл аралык милдеттенмелерин так сактап жатканы, бул жааттагы тобокелдиктер боюнча Евробиримдик менен тыгыз байланышта иш алып барып жатканы айтылды.

ТИМ Евробиримдиктин Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүк куруу ниетин белгилеп, кыргыз тарап да ишенимдүү алака курууга даяр экенин тактады.

“Мындай мамиле бир жактуу санкциялардан айырмаланып, өз ара пайдалуу максаттарга жетишүүгө мүмкүндүк берет. Кыргыз Республикасы фактылык жагдайларды текшерүү жана каралып жаткан чектөөчү чаралар ишенимдүү жана тастыкталган маалыматтарга негизделгендигин тастыктоо үчүн Европа Биримдигини көз карандысыз, эл аралык таанылган аудитти өткөрүүгө расмий түрдө чакырат”,-деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Санкцияга илешкен Кыргызстандын банктарынын бири “Толубай” банкын 1996-жылы 14 адам негиздеген. Азыр анда канча кожоюн бар экени белгисиз. Банктын сайтындагы маалыматта анын өздүк капиталы 736 миллион сомдон ашары көрсөтүлгөн.

Ал эми “Евразия сактык банкы” 1997-жылдан бери иштеп келет. Соңку маалыматта 2025-жылы анын өздүк капиталы 1 млрд сомдон көп экени белгиленет.

Эки банк жетекчилиги өздөрү Европа Биримдигинин аларды санкцияга киргизилишине байланыштуу расмий билдирүү тарата элек.

Жарандык активист жана экономист Марат Мүсүралиев Кыргызстандын банктарынын улам-улам Батыш мамлекеттеринин санкцияларына илешүүсү өлкөнүн кадыр баркына доо кетирип жатканын айтты:

Марат Мүсүралиев
Марат Мүсүралиев

“2022-жылы Орусия Украинага согуш баштаган кезде “Толубай” банкынын чоң кызматкерлеринин бири Москванын агрессиясын ачык эле колдоп чыккан. Фейсбукта биз аны сындап, “банктын жетекчиси катары минткениңиз туура эмес, сиз дагы ошол санкциялык тизмеге кирип калышыңыз мүмкүн” деп жазганбыз. “Баңкыңызды кооптуу абалга келтирбеңиз” деп айтканбыз. Сыягы, азыр ал банктар Орусия менен иш кылганы, күмөндүү акчаны жүгүрткөнү билинип калды окшойт деп ойлоп жатам. Бул банктар абдан чоң банктар эмес, эл алардын кызматынан жапырт колдонбойт. Бирок алардан сырткары деле бир нече банк санкцияга кабылып калбадыбы, бул Кыргызстандын репутациясына кедергисин тийгизип жатат. “Биринчиси кокустук, экинчиси дал келүү, үчүнчүсү мыйзам ченемдүүлүк” деген айтылуу цитата бар эмеспи. Эгер Батыш өлкөлөрү санкцияга киргизип жатса, демек, биздин финансылык системада ошондой күмөндүү нерселер айланып жатат окшойт”.

Быйыл жайында Британия Кыргызстандагы “Капитал банкка” жана анын директору Кантемир Чалбаевге санкция киргизген. Жыл башында болсо АКШ “Керемет банкка” каршы чектөөчү чараларды жарыялаган.

Президент Садыр Жапаров 21-августтагы маегинде ал окуяларды комментарийлеп, "бир да факты көрсөтө алышпаганын, азыр да санкцияларды айланып өткөн факты жок экенин" айткан. Кийин кыргыз президенти мындай тариздеги билдирүүсүн БУУнун башкы ассамблеясындагы сөзүндө да кайталаган эле.

Криптобазардагы киргилт жүрүштөр

Европа Биримдигинин 19-санкциялык пакетиндеги дагы бир кызык жагдай Кыргызстанда ачылды делген Grinex криптобиржасынын жана анда соодаланып жаткан A7A5 криптовалютасына санкция салынганы болду. Расмий маалыматта Grinex "Крым жарым аралын аннексиялап алган жана Украинадагы кырдаалды бейстабилдештирген Орусиянын өкмөтүн колдойт жана андан пайда табат" деп айтылат.

Быйыл 14-августта ушул эле криптобиржага АКШнын Финансы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC) да санкция салган. Анда Grinex аянтчасы мурдараак санкцияга илешкен криптовалюта биржасы жабылып калган Garantex Europe OU (Garantex) компаниясынын мураскери катары аталган.

Financial Times басылмасынын башкы бетинен скриншот.
Financial Times басылмасынын башкы бетинен скриншот.

Эл аралык Financial Times басылмасы 25-июнда жарыялаган макаласында аталган биржа быйыл февралда Кыргызстандын аймагында уюшулганын, анда A7A5 аттуу стейблкоин соода болуп жатканын билдирген. Басылма биржа иштеп баштаган төрт айдын ичинде рублге байланган санариптик валюта менен 9 млрд долларды айлантууга жетишкенин маалымдаган.

Жарандык активист жана экономист Марат Мүсүралиев кайрадан кепке кошулду:

“Орусия Федерациясына бардык жагынан финансылык санкциялар киргизилген соң алар мүмкүн болгон жолдорду издей башташты да. Чет жактан чет элдик валюталарды алып келип, кайра сыртка өз акчасын чыгарыш керек болду. Кытай аркылуу кылалы дешсе, алар башында эле баш тартып коюшту. Ошондо Армениядагы, Казакстандагы, Тажикстандагы, Кыргызстандагы, балким, Өзбекстандагы банктар аркылуу финансылык операцияларды жүргүзүүгө аракет кылды. Азыр деле жүрүп жатат го деп ойлоп атабыз, анткени согуш токтогон жок, каражат керек. Микрочиптерди, дрондорду алыш үчүн акча чыгарыш керек да. Анын баарын нак валюта менен жүргүзсө баары бир билинип калат. Ошону үчүн криптобиржалардагы криптокапчыктар аркылуу акча айлантып жатышты го деп ойлойм. А криптовалютаны көзөмөлдөө кыйын. Кыргызстанда да биржа ачып, ошол аркылуу финансылык транзакцияларды жүргүзүп келишкен сыяктуу. Себеби Кыргызстан Орусияга кайсы бир деңгээлде көз каранды. Санкция салган тараптар, балким, мына ушунун изин таап алышса керек”.

Financial Times басылмасы өз иликтөөсүндө криптобиржа санкциялардан буйтоо үчүн Орусиядан Кыргызстанга жер которгонун, анын артында күмөндүү иштерде аты аталган молдовалык ишкер Илан Шор турарын билдирген. Шор Молдовада банктык алдамчылык менен 1 млрд долларды уурдоого айыпталып, 15 жылга соттолгон жана 2019-жылы үй камагынан качып чыгып, кийин орус жарандыгын алган олигарх. Молдованын бийлиги 2024-жылы Шорго ага чейинки шайлоолордогу добуш сатып алуу боюнча да кине койгон, ал өзү бул айыптоолорду четке кагып келет.

“Азаттык” июль айында маселенин чоо-жайын иликтеп, айрым фактыларды аныктаган. Тагыраагы, Илан Шордун Орусиядагы А7 компаниясы Бишкекте “А7-Кыргызстан” аттуу компания ачып, “Олд Вектор” аттуу фирма аркылуу A7A5 аттуу токенди же стейблкоинди сатыкка чыгарганына күбө болгон.

Кыргызстандын Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын адистери “А7-Кыргызстан” компаниясы лицензия алган-албаганын тактаган эмес, бирок “Олд Вектор” компаниясы токен чыгарууга уруксат алганын ырастаган.

Илан Шор
Илан Шор

Бул окуя Кыргызстандагы башка долбоорлордо да Илан Шордун ысымы аталып жаткан маалга туш келген. Анын аты “Капитал банк”, “Евразия” уюму, “Евразия” паркы сыяктуу ишканалар менен да байланыштырылган. Кыргыз бийлиги бул маалыматтарды төгүндөп келет.

Президент Садыр Жапаров 15-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде эл аралык басылмалардагы Илан Шорду Кыргызстанга байланыштырган маалыматтарга комментарий берген. Кыргыз мамлекет башчысы аталган ишкердин өлкөдө иш алып барып жатканын ырастаган да, төгүндөгөн да эмес:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Биринчиден, биз жактан Орусияга кирген санкциялык товарларды кыйгап өткөн бир дагы факты жок. Болсо бизге доомат коюп жаткан өлкөлөр далилдерди бетибизге коюп берсин. Андай маселе жок. Тескерисинче, Орусияга санкция салган мамлекеттер өздөрү түздөн-түз Орусия менен миллиарддаган долларларга кызматташып жаткан фактылар бар. Аны ошол эле ар кыл эл аралык медиалардагы кесиптештериңер жарыялап келишет. Экинчиден, биздин өлкөгө Илан Шорбу, Илон Маскпы же башкасыбы, келип бизнес кылабыз десе, келе беришсин. Мындан трагедия кылыштын кереги жок. Биз көп тармактуу саясат жүргүзүп келебиз, баары менен кызматташууга даярбыз. Мындан ары да бул саясатыбыз өзгөрбөйт. Ким болбосун, биздин өлкөгө келип, экономикалык салым кошобуз десе, келе беришсин. Биздин эшигибиз баары үчүн ачык. Баары менен экономикалык жактан кызматташууга даярбыз. Саясий жагын болсо жети өлчөп, бир кесебиз”, – деген президент.

Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларын 2014-жылы Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алган соң сала баштаган. 2022-жылы орус аскерлери Украинага басып киргенден бери алар Москвага улам жаңы санкциялардын топтомун салып келатышат. Орусияга санкциялардан буйтоого жардам берип жаткан өлкөлөрдөгү, анын ичинде Борбор Азия мамлекеттериндеги компанияларга да экинчи деңгээлдеги санкцияларды салып келет.

Кыргызстандын санкцияга илешкен компаниялары жыйырмадан ашты.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG