Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:52

БШК: шайлоо күнү чет өлкөлөрдө жалпы 91 добушкана ачылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 30-ноябрда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо күнү чет өлкөлөрдө кошумча дагы 20 добушкана ачыларын, ошону менен алардын жалпы саны 91 болорун билдирди. Мындай токтом 24-октябрда кабыл алынды.

Ага ылайык, Орусияда кошумча 14, Казакстанда эки, Түштүк Корея, Италия, Сауд Арабия жана Египетте бирден шайлоо тилкелери уюштурулат.

Шайлоо тууралуу жаңы мыйзамда аралыктан добуш берүү ыкмасы киргизилген. Анда онлайн идентификация аркылуу ар бир жаран өзүнүн округунан сырткары каалаган жердеги шайлоо участкасынан аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Жогорку Кеңештин депутаттары 25-сентябрда парламентти кезексиз таркатуу тууралуу демилгечи топтун сунушун бир добуштан колдогон. Мыйзамга ылайык, парламент таркаган күндөн тартып беш күн ичинде президент мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт. Шайлоо 30-ноябрда өтөт.

Шерине

XS
SM
MD
LG