Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:37

Трамп Жакынкы Чыгышты жайгарды, эми Украинадагы согушту токтотобу?


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

мазмуну

  • АКШ президенти Дональд Трамп Жакынкы Чыгыш үчүн "тарыхый таң атканын" жарыялап, кийинки кадам Иран жана Орусия менен тынчтык келишимдерине жетишүү экенин айтты.

АКШ лидери Жакынкы Чыгыштагы тынчтык келишимине кол коюлгандан кийин, 13-октябрда Израилдин парламенти Кнессетте сүйлөдү. Бул окуя чөлкөмдөгү дипломатия үчүн чоң бурулуш катары сыпатталууда.

Ал Израилге барганда ХАМАС (АКШ жана Европа террордук уюм деп тааныган) бошоткон туткундардын үй-бүлөлөрү менен жолугушары күтүлгөн. Бул келишимди Трамп өзү да колдогон болчу.

"Бүгүн асман тынч, мылтыктар атылбай, айгай жаңырбай Касиеттүү Өрөөндө бейпил таң атты", - деди. Трамп сүйлөп жатканда оппозициялык маанайдагы депутаттар анын сөзүн кыйкырык-сүрөөн жана кол чабуулар менен бөлүүгө аракет кылды.

Бир сааттан ашык созулган сөзүндө Трамп АКШ аскерлери июнь айында Ирандын өзөктүк объектилерине сокку урганын эске салды жана Тегеран менен мунаса табууга үмүт артты.

"Келишимге оңой эле жетебиз. Менимче, бул жеңил болот. Бирок адегенде Орусия маселесин чечишибиз керек… Келиңиздер, адегенде Орусияга көңүл буралы", - Трамп.

Тель-Авивдеги кубаныч

Тель-Авивде болжол менен 65 миңдей адам ХАМАСтын туткуну болгон 20 адамдын бошотулганын майрамдап, аянтка чогулушту.

"Мен абдан толкундандым. Кубанычым ташып турат. Азыр сезимибизди сүрөттөө кыйын. Түнү менен кирпик какпадым", - деди туткундан бошотулган Нимрод Коэндин апасы Вики Коэн Reuters агенттигине.

Жооп иретинде Израил болжол менен 2 миң палестиналык туткунду бошотууда.

Газа шаарындагы журналист Усама ал-Кахлут "Фарда" радиосуна мындай деди:

"Бул жактагы маанай - той-тамашанын жана кубанычтын маанайы. Эки жылдык согуш, өлүмдөр жана качып-бозуулар аяктаганына эл жетине албай турат", - деди.

Бирок башка бир газалык тургун (аты-жөнү жашыруун бойдон калды) мындай деди:

"Менин эң чоң кыялым - Газадан чыгып кетүү. Бул менин жалгыз кыялым. Газадагы кыйроону көрүп туруп, жерде өмүр сүрүүнү элестетүүнүн өзү кыйын".

13-октябрда түштөн кийин Трамп Газада ок атышпоо келишимин бекемдөөгө багытталган, 20дан ашуун өлкөнүн лидерлери катышкан саммитке тең төрагалык кылуу үчүн Египетке жөнөдү.

Тарыхый тынчтык планынын ишке ашуусу Ак үй эми Экинчи дүйнөлүк согуштан берки Европада боло элек кандуу жаңжалга көңүл бурабы деген суроо жаратты.

Украинадагы тынчтык орнотуу үмүтү

Иерусалимден 2 миң чакырымдан ашуун алыс Киевде Трамп инаугурациясында "тынчтык орнотом жана бириктирүүчү болом" деп айтканын аткарат жана тынчтык сүйлөшүүлөрүн жетектөөдөн акырындык менен четтеп кетпейт деген үмүт пайда болду. Анткени Украина маселесинде тез арада чечим табуу азырынча мүмкүн эместей көрүнөт.

Трамп сүйлөп бүткөндөн кийин украин президенти Владимир Зеленский X (мурунку Twitter) социалдык тармагына минтип жазды.

"Эгер Жакынкы Чыгыш үчүн ок атышпоо жана тынчтык орнотуу жетишилген болсо, анда дүйнөлүк оюнчулардын лидерлиги жана чечкиндүүлүгү биз үчүн да иштейт".

Зеленский жума соңунда Вашингтондо Трамп менен жолугушууну пландап жатканын ырастаган.

"Президентке сунуштагым келген кадамдардын тартибин талкуулаш керек деп ойлойм", - деди ал Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жетекчиси Кая Каллас менен биргелешкен маалымат жыйынында.

Ал ошондой эле аскердик компаниялар жана конгрессмендер менен “бир нече маанилүү жолугушууларды” өткөрүүнү пландап жатканын айтты:

"Күн тартибинде абадан коргонуу жана Орусияга басым жасоо үчүн биздин узак мөөнөттүү кызматташуубуз", - деп кошумчалады ал.

Зеленский буга чейин Орусия “дүйнө Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотууга көңүл буруп жатканын көз көрүнөө өз кызыкчылыгына пайдаланып”, Украинага абадан чабуулдарды күчөтүп жатканын билдирген.

Бул аба чабуулдары Орусиянын Украинага каршы төрт жылга аяк баскан согушун токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн ыргагы басаңдаганын айкын көрсөттү.

Албетте, эки жаңжалдын ортосунда чоң айырмачылык бар. Израил дипломатиялык жактан обочодо калдыктан жана АКШнын колдоосуна толук муктаж болгондуктан тынчтык келишимине аргасыз кол койду.

Көптөгөн аналитиктер Трамп Израилди өзүнүн 20 пункттан турган тынчтык планына макул кылуу үчүн АКШнын таасирин колдонуп басымды күчөткөнүн айтышкан. Ага катар израил армиясы АКШ менен мамилеси жакшы Катарга сокку ургандан кийин премьер-министр Биньямин Нетаньяхуга ачык басым жасалды. Тель-Авив анда бул өлкөдөгү ХАМАСтын объектисин бутага алганын билдирген.

Ал эми Орусияны экономикалык жактан Кытай, аскерий жактан Түндүк Корея колдоп турат. Эл аралык санкциялардын катуу толкунуна туруштук берип, талаптарга моюн сунбай турганын ачык көрсөтүүдө.

Кремлдин пропагандасы жоготууларга карабай Орусия согуш талаасында жеңишке жетип жатат деген түшүнүктү жайылтууну улантууда.

"Менимче, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык орнотуу аракеттеринин Украина менен Орусияга анчейин тиешеси жок", - деди Вашингтондогу Defense Priorities аналитикалык борборунун өкүлү Бен Фридман "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна.

"Алар [Орусияга] көбүрөөк санкция салабыз, басым жасайбыз деп ишендирсе да, бул олуттуу өзгөрүү алып келбейт", - деп кошумчалады ал. "Биз аларга буга чейин эле ага каршы абдан катуу санкцияларды салдык, андан башка деле арга жок".

Трамптын Украина боюнча басымы

Трамп АКШ жана анын өнөктөштөрү Москвага басымды дагы күчөтүү үчүн бир катар чараларды сунуштады. Алардын арасында Орусиянын мунай экспортун чектөө чарасы да бар.

Ал Индияга 25 пайыздык тариф киргизгенин мисал кылып, орус мунайын импорттогон өлкөлөргө каршы кошумча тарифтерди киргизүү керектигин айтты.

Трамп Европа өлкөлөрүн ушундай кадамга барып, аларды орустардан энергия ресурстарын сатып алууну токтотууга чакырды.

"Буларды “чексиз мүмкүнчүлүктөр” деп айтуудан алысмын, бирок Орусияны тынчтык келишимине макул кыла турган ыкмалар абдан көп", - деди АКШнын НАТОдогу элчиси Мэтью Уитакер 10-октябрда "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна.

Ал Трамптын позициясын кайталап, Европа өлкөлөрү көбүрөөк аракет кылышы керектигин белгиледи.

"АКШ эмне кылат деп суроо ордуна, мен “биз баарыбыз эмне кылабыз?” деп суроону берүүнү туура көрөт элем, анткени Европанын ролу абдан маанилүү".

АКШнын таасирдүү республикачы сенатору Линдси Грэм көптөн бери Орусиянын мунайдан түшкөн кирешесин басаңдатуу үчүн кошумча тарифтерди киргизүүнү жактап келген. АКШнын Украинага Tomahawk канаттуу ракеталарын берүүнү кыйытканы басымдын бир куралы экенин айтты.

"Мен украиндерде көбүрөөк курал болушун каалайм, бул [Орусия президенти Владимир] Путин үчүн согуштун кунун жогорулатат. Анын мунай иштеткен өнөр-жайына сокку ургула. Орусиянын түпкүрүнө чейин киргиле", - деди ал NBC телеканалынын Meet The Press программасында.

Трамп бул мүмкүнчүлүк тууралуу акыркы убакта айтканы менен ачык ишарат бере элек. Кремль мындай кадамды "согушту курчутуу" катары баалап, жооп чаралар катуу болорун билдирди.

Бул жагдай Израил–Газа процесси менен болгон дагы бир айырманы баса белгилейт: ал жерде Вашингтон мындай деңгээлдеги каршылыкка дуушар болгон эмес жана АКШ үчүн коопсуздук тобокелдиктер төмөн болчу.

Фридмандын айтымында, Вашингтон мурдараак тескерисинче Украинага өзүнүн таасирин колдонуп, Киевди айрым жеңилдиктерге барууга мажбурлоого аракет кылган.

Бул айрыкча АКШ Украинага өтө маанилүү аскердик чалгын маалыматтарын жана жабдууларды берүүнү токтоткондо ачык көрүнгөн. Чечим Трамп менен Зеленскийдин февралда Ак үйдөгү кайым айтышуусунан кийин кабыл алынган.

Бирок андан бери эки лидер алакасын оңдоодо олуттуу кадамга барышты. Трамптын Жакынкы Чыгышка сапарынын алдындагы телефон сүйлөшүүсүндө Зеленский Tomahawk ракеталарын алууга кызыкдар экенин көрсөттү.

Август айында Трамп менен Путиндин саммити да тынчтык орнотуу аракетиндеги динамиканы өзгөрттү. Аляскадагы жолугушууда Трамп Путинди жылуу тосуп алды, бирок орус лидери ийге келген жок жана Зеленский менен жолугушуудан да баш тартты.

"Менимче, [Путин] бул жолугушуудан чындыгында уткан жок. Байкасаңар бул окуялар Трамптын администрациясынын андан жүз бурушуна алып келди", - деди Фридман.

"Ал мени чындап капа кылды", - деп айтты Трамп Путин тууралуу сентябрда Британияга мамлекеттик сапар менен барганда.

13-октябрда Орусия Трамптын Жакынкы Чыгышта жүргүзгөн дипломатиялык ишин сынга алды. Тышкы иштер министри Сергей Лавров Палестинанын келечекте мамлекеттүүлүк алышына байланыштуу Трамптын планы так эместигин белгиледи.

"Биз Дональд Трамптын тынчтык планы негизинен Газа тилкесине байланыштуу экенин байкадык. Анын мамлекеттүүлүк жөнүндө айтканы жел сөз", - деди Лавров араб журналисттерине. "Бул чечимдерди толуктап иштеп чыгуу зарыл, анын ичинде Иорданиянын батыш жээгин эмне күтүп турганы так аныкталышы керек".

Трамп 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС (АКШ менен Европада террордук уюм деп таанылган) Израилге чабуул койгондон кийин башталган, 1200дөн ашуун адамдын канына забын болуп, болжол менен 250 адам туткунга алынган согушту токтотуу үчүн тараптарды 20 пункттан турган тынчтык келишимине кол коюуга көндүргөнү үчүн мактоого арзыды.

Эми ал буга чейин "чечилиши татаал эл аралык жаңжалдардын бири" деп атаган Украинадагы согушка бет келип отурат.

XS
SM
MD
LG