Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:16

Израил өкмөтү ХАМАС менен тынчтык келишиминин биринчи этабын ишке ашырууну колдоду


Израил өкмөтү АКШ менен Европа Биримдигинде террордук деп таанылган ХАМАС тобу менен тынчтык келишиминин биринчи этабын ишке ашыруу планын жактырды.

The Times of Israel басылмасы документке айрым министрлер, анын ичинде ашынган оңчул, улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир менен каржы министри Бецалел Смотрич баштаган айрым өкмөт өкүлдөрү каршы болгонун жазды. Жыйынга АКШнын президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Стивен Уиткофф менен анын күйөө баласы Жаред Кушнер дагы катышты.

Дональд Трамп шаршембиде кечинде Израил менен ХАМАС анын тынчтык планынын алгачкы этабын ишке ашырууга макул болгонун жарыялаган.

Макулдашууга ылайык, ХАМАС 2023-жылдын 7-октябрында Израилге жасалган кол салуу учурунда барымтага алынган израилдик жарандарды бошотот жана ага жооп катары Израил аскерлерин алдын ала макулдашылган чек ара сызыгына кайтарышы керек.

Бул Газа секторундагы согушту токтотуу тууралуу ортомчулар Египет, Катар жана Кошмо Штаттар өкүлдөрүнүн Египеттеги сүйлөшүүлөрүнөн кийин жетишилген чечим болгон.

Планга ылайык, ХАМАС курал-жарактан баш тартып, Газа секторундагы бийликтен четтетилиши керек.

Бул уюм 4-октябрда уюм АКШнын тынчтык планындагы айрым пункттарга, анын ичинде туткундарды айырбаштоого жана Газаны башкарууга катышуудан баш тартууга макул экенин жарыялаган. Бирок уюм башка пункттар тууралуу сүйлөшүүлөрдү улантуу зарыл экенин белгилеген.

Шерине

XS
SM
MD
LG