Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова мындан 11 жыл мурда киши колдуу болгон 19 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши ачылганын билдирди. Ал 9-октябрда Фейсбуктагы баракчасына кечинде бул тууралуу түз эфирде айтып берүүну убада кылган.
"Мага жеткен маалымат боюнча Камила Дүйшөбаеванын өлүмү ачылды. Убагында мени каралоо максатында жаш кыздын өлүмүн саясатка аралаштырышып, кылмыш ачылбай калган. Бул окуя Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө кандай тиешеси бар? Ушул баракчамдан бүгүн саат 20:30да түз эфирге чыгам",-деп жазган Салянова.
Бирок көп өтпөй эле мурдагы башкы прокурор маалымат берүүнү кийинкиге калтырып, "ИИМдин өтүнүчү менен тергөө кызыкчылыгына байланыштуу маалымат берүүнү жылдырганга туура келди. Бир-эки жумадан кийин толук маалымат бергенге мүмкүнчүлүк болот деп ишенем!",-деп билдирди.
Ички иштер министрлиги Дүйшөбаеванын өлүмү, анын киши колдуу болгон Айсулуу Мукашеванын иши менен байланышы тууралуу азырынча маалымат бере элек.
Камила Дүйшөбаеванын сөөгү 2014-жылдын 16-мартында Бишкек шаарынын четиндеги Байтик айылынан табылган. Бул өлүмдү иликтөө үчүн ыкчам-оперативдик топ түзүлүп, 400гө жакын адам суракка алынган. Алардын арасында Аида Салянованын бир тууган агасы Калыйбек Салянов жана башка коомчулукка белгилүү адамдар жана алардын туугандарынын аты аталган.
Калыйбек Салянов алгач күбө катары тартылып, кийин иште шектүү катары өткөн. ИИМ 2017-жылы ага бул иште тергөөгө каршылык көрсөткөн деген айып тагып, издөө да жарыялаган.
Салянов ошол жылдары АКШга чыгып кеткени, фамилиясын Элтуйбасав деп өзгөртүп алганы айтылган.
Аида Салянова кезинде муну ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин "саясий куугунтугу" катары баалаган. Анын негизги себеби катары кызматтан кеткенден кийин тирешүүлөрдү атаган жана оппозицияга өткөнү менен байланыштырган.
Шерине