Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:48

Нобел сыйлыгын "азезилди бийлеткен" мажар жазуучусу алды


Ласло Краснахоркаи
Ласло Краснахоркаи

Нобел сыйлыгынын адабият боюнча быйылкы лауреаты мажар жазуучусу Ласло Краснахоркаи болду. "Сыйлык анын кыямат шартында искусствонун күчүн ырастаган ынанымдуу жана көсөм чыгармачылыгы үчүн берилди" деп айтылды Нобел комитетинин билдирүүсүндө.

Ласло Краснахоркаинин чыгармалары 1977-жылы жарыяланганы менен орус тилине 2017-жылдан тартып которула баштаган. Кыргыз окурмандары бул автордун чыгармачылыгы менен анчейин тааныш эмес.

Ошентсе да Краснахоркаини абройлуу сыйлык алышы менен Түрксойдун атынан Эл жазуучусу Султан Раев куттуктады.

"Швед академиясы 2025-жылдын Нобел сыйлыгын Мажар (Венгрия) жазуучусу Ласло Краснахоркаиге ыйгарды. Мажар туугандарыбызды чын жүрөктөн куттуктайбыз!", - деп жазды ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Фейсбук баракчасына.

Буга чейин түрк тилдүү элдердин ичинен Нобелдин адабият сыйлыгын 2006-жылы түркиялык жазуучу Орхан Памук алган.

Чыңгыз Айтматовду бул сыйлыкка 2008-жылы түрк тилдүү мамлекеттер көрсөтүп, бирок франциялык жазуучу лауреат болгон.

"Окулбай, сезиле турган чыгармалар"

Адабий сынчылар Ласло Краснахоркаинин чыгармаларынын көп кырдуулугун, татаалдыгын белгилешет.

Ласло Краснахоркаи эл аралык Букер сыйлыгына көрсөтүлгөндө Guardian гезити "Сиздин чыгармачылыгыңыз менен тааныш эмес окурманга кайсы эмгегиңизди окууну сунуштайт элеңиз?" деген суроо узатканда жазуучу мындай жооп берген экен:

"Эгер менин китебимди окуй электер болсо, мен аларга такыр окубай турууну сунуштайт элем. Анын ордуна көчөгө чыгып, бир жерде, айталы, булак четинде эч нерсени ойлобой, жымжырттыкты тыңшап, таш сыяктуу катып отурушун каалайт элем. Анан аларга эртеби-кечпи менин чыгармаларымды окуган бирөө жолукмак..."

Жабык, келечеги жок, маанисиз дүйнөдө жашаган адамдар тууралуу антиутопиялык чыгармалардын авторуна Нобел комитети мындай баа берген:

"Ласло Краснахоркаи - Борбордук Европанын Кафкадан тарта Томас Бернхардга чейин жайылган салттуу эпикалык чыгармаларды абсурд жана кескин гротеск менен жазган автор. Бирок, ошол эле маалда, ал Чыгышка да кайрылган жаратман. Кылдат жана өзүнө таандык кынтыксыз үнү бар".

Ласло Краснахоркаи 1954-жылы Венгриянын түштүк-чыгышындагы Румыниянын чек арасына жакын Дьюла шаарчасында жарыкка келген. Өзү туулуп-өскөн аймак анын 1985-жылы жарык көргөн "Азезил тангосу" романына кирген. Автордун алты жылдай жазылган чыгармасы Венгриянын адабий чөйрөсүнө жаңылык алып келип, анын чыгармачылыгынын жаңы сереси болгон.

Романды режиссер Бела Тарр экрандаштырган. Жети сааттык фильмди тартуу он жылдай убакытты алган.

Адабият сынчылары Краснахоркаинин романы тууралуу сөз болгондо "Бул текст эмес, бүтүндөй дүйнө, ал окулбайт, тулку боюң менен сезишиң керек" дешет.

"Азезил тангосун" англис тилине которгон Жорж Сирреш кийин "Иш жай жүрүп жатты. Менин башым тынбай ооруй берди" деп эскерген экен.

Бул романда окуя Иримиаш аттуу кыштакта өнүгөт. Аймакта экономикалык кереметти жараткан сымбаттуу жигитти машине коюп кетип каза табат. Эки жылдан кийин ал аркы дүйнөдөн тирилип келип, чогулгандын баарын алдаган азезилдин өзүнө айланат.

2015-жылы Краснохаркаи эл аралык Букер сыйлыгынын лауреаты болгон. Анда калыстар автордун чыгармаларынын тилдик көркөмдүгүнүн диапазонун жана интенсивдүүлүгүн белгилешкен.

Анткен менен Краснахоркаи чыгармачылыгына алымсынбай, өзүн ыраазы кылган бир гана романды жазууну самап жүргөнүн моюнга алган.

"Менден адабий биография тууралуу сурашканда башынан эле бир гана роман жазууга чыгынганымды, ал жакшы жазылууга тийиш экенин айтып келем. Бирок андай иш колуман келбеген соң кайра-кайра аракет кылганымды койбойм", - деген жазуучу.

Ласло Краснахоркаинин "Каршылык меланхолиясы" (1989-ж.), "Согуш жана согуш" (1999-ж.) жана "Си-ван-му биздин арабызда" (2008-ж.) чыгармалары Батыштагы окурмандар арасында белгилүү.

Краснахоркаинин чыгармасына саякат жана тил өзгөчө таасир эткен. Ал коммунисттик Венгриядан 1987-жылы чыгып кеткен. Адегенде Батыш Берлинде стипендия менен бир жыл жашап, андан кийин Чыгыш Азияны, айрыкча Монголия менен Кытайды түрө кыдырган. Автордун бул өлкөлөрдөн алган чыгармачылык эргүүлөрүн кийин "Урга туткуну" жана "Асман алдындагы кыйроо менен муң" өңдүү чыгармаларынан көрүүгө болот.

"Согуш жана согуш" китебин жазуу учурунда ал Европаны чарк айланып, кайсы бир убакытка чейин акын Аллен Гинзбергдин Нью-Йорктогу батиринде турган.

1901-жылдан бери Нобелдин адабият сыйлыгын 121 адам алган. Сыйлык тарыхта төрт жолу ар кандай авторлорго бир маалда ыйгарылган. Лауреаттар арасында 18 аял бар. Эң жаш лауреат - Редьярд Киплинг, ал сыйлыкка 1907-жылы 41 жашында татыган. Эң улуусу - Дорис Лессинг, ага сыйлыкты 2007-жылы 87 жашында беришкен. Сыйлык жети жолу - 1914-ж., 1918-ж., 1935-ж., 1940-ж., 1941-ж., 1942-ж. жана 1943-жылы ээсин таппай калган.

Эки адам сыйлыкты алуудан баш тарткан. Бири Борис Пастернак 1958-жылы Советтер Союзунун басымы менен алган эмес. Экинчиси француз жазуучусу, Жан-Пол Сартр. Ал 1964-жылы бардык сыйлыктарды алгысы келбегендей эле Нобелден да баш тарткан.

2024-жылы Нобелдин адабият сыйлыгы Түштүк Кореянын аял жазуучусу Хан Ганга "Эт жебес аял" романы үчүн ыйгарылган. Хан Ган Чыгыштагы аял жазуучулардын арасынан биринчи болуп бул сыйлыкка татыган.

Нобелдин адабият сыйлыгын 2023-жылы Юн Фоссе (Норвегия), 2022-жылы Анни Эрно (Франция), 2021-жылы Абдулразак Гурна (Танзания), 2020-жылы Луиза Глюк (АКШ), 2019-жылы Петер Хандке (Австрия), 2018-жылы Ольга Токарчук (Польша), 2017-жылы Кадзуо Исигуро (Британия), 2016-жылы Боб Дилан (АКШ), 2015-жылы Светлана Алексиевич (Беларус), 2014-жылы Патрик Модиано (Франция), 2013-жылы Элис Манро (Канада), 2012-жылы Мо Ян (Кытай), 2011-жылы Томас Транстремер (Швеция), 2010-жылы Марио Варгас Льоса (Перу), 2009-жылы Герта Мюллер (Германия), 2008-жылы Жан-Мари Ле Клезио (Франция), 2007-жылы Дорис Лессинг (Британия), 2006-жылы Орхан Памук (Түркия) алган.

Макала жазууда булак катары Би-Би-Си, "Свобода" ж.б. дүйнөлүк медиалардын маалыматтары колдонулду.

Шерине

XS
SM
MD
LG