Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:30

2028-жыл Кыргызстанда "Айтматов жылы" деп жарыяланды


Президент Садыр Жапаров 2028-жылды “Чыңгыз Айтматов жылы” деп жарыялоо боюнча жарлыкка кол койду. 6-октябрда жарыяланган документке ылайык, мындай чечим залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата кабыл алынган.

Жарлыктын негизинде Министрлер кабинети быйыл жыл аягына чейин мааракелик иш-чараларды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүшү керек. 2026-жылдын башында Айтматовдун 100 жылдыгына карата иш-чаралардын планы бекитилет.

Анын алкагында Айтматов районунун Шекер айылындагы “Чыңгыз-Ордо” маданий-тарыхый мемориалдык музейи “Айтматов ааламы” болуп өзгөрүп, ал жерде эл аралык маданий туризмдин стандарттарына ылайык курулуш иштери жүрөт.

Чет өлкөлөрдө жазуучунун өмүр жолуна жана чыгармачылыгына арналган көргөзмөлөр, конференциялар жана илимий иш-чаралар өтүп, ЮНЕСКОнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында белгилөө аракети көрүлөт.

Адабият, философия, дипломатия жана гуманисттик баалуулуктарды жайылтуу жаатындагы өзгөчө жетишкендиктер үчүн Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык сыйлыкты уюштуруу сунушу берилет. Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча фильмдерди тартуу, жазуучунун ысымын көчөлөргө, мектептерге жана башка жайларга ыйгаруу, 100 сом номиналындагы “Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгы” коллекциялык алтын монетасын чыгаруу иштери каралган.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 1928-жылы Талас облусунун Шекер айылында туулуп, 2008-жылы 80 жаш курагында дүйнө салган. ЮНЕСКО Айтматовду чыгармалары көп басылган классиктердин бири деп тааныган. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулуп, көптөгөн өлкөлөрдө бир нече ирет чоң тираж менен чыгып келет.

Айтматов 1986-1991-жылдары Кыргызстандагы Жазуучулар союзунун туңгуч жетекчиси болуп иштеген. 1990-жылы СССРдин Люксембургдагы, 1994-2006-жылдары Кыргызстандын Бельгиядагы, Люксембургдагы, Нидерланддагы, Франциядагы элчиси болгон.


Шерине

XS
SM
MD
LG