Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:25

Жаңы конуштагы өлүм: бир туугандарды ким бычактады?


Ак-Ордо-3 конушу
Ак-Ордо-3 конушу

Бишкекте бир үйдөн эки адам киши колдуу болду. Милиция кылмышка шектүүнүн фотороботун түзүп, издөө жарыялады.

Алдын ала маалыматтарда айтылгандай, каза тапкан жарандар бир туугандар болгон. Үйдөгү аял балдары менен качып чыгууга үлгүргөнү айтылууда. Ушул тапта окуя иликтенип, милиция конуш тургундарынан маалымат топтоп жатат.

Ак-Ордо-3 конушунда эки адам киши колдуу болду. Милициянын маалыматында, Ынтымак көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине түн катып кирген киши эки бир тууганды, 36 жаштагы аял менен 34 жаштагы эркекти бычактап өлтүргөн. Кылмыш болгон жерден дагы бир аял балдары менен качып чыгууга үлгүргөн.

Бир туугандардын өлүмү тууралуу кабар конушка чагылгандай тарап, жашоочулардын үрөйү учуп турган кези. Маркумдардын коңшуларынын бири, өзүн камерага тартууну каалабаган жана атын атагысы келбеген аял буларды айтты:

"Жакын жашаганыбыз үчүн коркуп жатабыз. Милиция келип, түшүнүк кат жазып бердик. Шектүүнү көргөн эмеспиз. Ал үйгө кирген маалда уктап жаткан элек. Кыйкырганын да уккан жокпуз. Милицияга ошону айттым".

Кылмыш болгон үй.
Кылмыш болгон үй.

Айрым коңшулары бул үйдө үч балалуу жубайлар жашарын, каза болгон күйөөсү чет мамлекетке барып-келип иштеп жүргөнүн, автоунаа сатуу менен алектенгенин айтып беришти.

Ак-Ордо-3 конушунда жашаган журналист Назгүл Мамытова каргаша болгонго чейин эле жаңы конушта үйлөргө ууру кирген окуялар катталганын айтты:

"Кооптонуп калдык. Буга чейин эле уурулар көбөйгөнү айтылды эле.
Милициянын атайын пункту бар. Алар жетишпейт окшойт... Же профилактика иштерин жакшы жүргүзүшпөйбү... Билбейм".

Алдын ала маалыматтарга караганда, кылмышка шектүү дарбазадан секирип түшүп үйгө кирүүгө аракет кылган. Ал жерден каршылык көрсөткөн үй ээсине жана анын эжесине бычак шилтеген. Ушул тапта тергөө уурулук, карактоо же жеке чыр-чатак деген үч версияны карап жатканы маалым болду.

Милиция кылмыштан кийин жакын арадагы камералардан алынган видеолорду топтоп чыгарды. Алардын бирине түн катып жолдо бараткан белгисиз адам түшүп калган. Бою 170-175 сантиметрлик 30-35 жаштар чамасындагы кылмышка шектүүнүн фотороботу жарыяланып, ал тууралуу маалымат айткандарга акчалай сыйлык убада кылууда.

"2025-жылдын 3-октябрына караган түнү Бишкек шаарынын Ленин районунун Ак-Ордо жаңы конушунун Ынтымак көчөсүндө жайгашкан үйдүн биринде болгон адам өлтүрүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, КРдин Ички иштер министрлиги тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Көзөмөл камераларынан алынган видеожазууларда кылмышка шектүү жаран түшүп калган. Окуя болгон жерден шектүүгө таандык баш кийим - кепка (сүрөттө) табылган", - деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин билдиришинче, окуя болгон жерде оперативдүү штаб түзүлүп, ал жерге министр Улан Ниязбеков келип, ишти жеке көзөмөлүнө алды.

Ак-Ордо конушу.
Ак-Ордо конушу.

Кыргызстанда акыркы айларда үрөй учурган бир катар кылмыштар катталды:

27-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунан 17 жаштагы Айсулуу Мукашева Каракол шаарына курбусунукуна кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Анын сөөгү эки күндөн кийин Боом капчыгайынан табылып, анын өлүмүнө шектелип 41 жаштагы эркек кармалган. Милициянын маалыматында ал кызды адегенде зордуктап, андан кийин мыкаачылык менен өлтүргөн.

12-сентябрда Чүйдүн Ак-Бешим айылында эки баласын өлтүрүүгө шектелип алардын энеси кармалган. Беш баласы бар 34 жаштагы аял тергөө абагына камалган.

Август айында Бишкек шаарында энесин өлтүрүп, жиликтеп таштаган 22 жаштагы жигит кармалган. Кылмыш болгону сөөк жыттанып, коңшулар милиция чакырганда гана белгилүү болгон. Окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен иш козголгон.

20-июнда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айыл аймагынын тургуну кайненесин керки менен чаап өлтүрүп, аялын уруп-сабаган окуя катталган. 34 жаштагы тургун эки айга камалып, 28 жаштагы аялы оор абалда ооруканага түшкөн. Ага чейин Кара-Кулжа районунда бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуу кечесине баргандан кийин жубайын аңчылык курал менен атып салган окуя коомчулукту нес кылып, талкууга түшкөн.

Адистер коомдо агрессия көбөйгөнүн, буга социалдык, экономикалык жана башка түрдүү жагдайлар себеп экенин айтып келишет. Ички иштер министри Улан Ниязбеков быйыл январь айында өлкөдө соңку төрт жыл ичинде кылмыштуулук жалпысынан 69% азайганын билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG