Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:27

Дрон чабуулуна байланыштуу Орусияда алты аэропорттун иши убактылуу токтоду


Дрон чабуулуна байланыштуу Орусияда алты аймагындагы аэропорттордун иши токтотулганын “Росавиация” мекемеси билдирди.

Алгач Сочи, Нижний Новгород жана Геленжиктеги аба майдандар ишин токтоткон. Ошол маалда Мордовия, Липецкиде жана Ставропольск аймагында дрон чабуулуна байланыштуу эскертүү берилген.

Мындай чечим кийинчерээк Краснодар, Ярославль жана Калуга аэропортторуна киргизилди. Москва мэри Сергей Собянин Москвага учуп келаткан дронду абадан коргонуу системасы атып түшүргөнүн билдирди.

“Дрон сыныктары түшкөн жерлерде адистер иштеп жатышат”, - деп жазды ал Телеграм- каналына.

Би-Би-Синин орус кызматы орус армиясынын Украинанын Харьков облусуна урган соккуларынан төрт киши жабыркаганын облус башчысы Олег Синегубовго таянып жазды.

“Харьковдо жабыркагандардын саны төрт кишиге жетти. 63 жаштагы тургун дарыгерге кайрылды. Ага медициналык жардам көрсөтүлүүдө”, - деген Синегубов.

Харьков шаарынын мэри Игорь Терехов дрондор Новоабарский жана Шевченков райондорун бутага алганын маалымдады.

Шерине

XS
SM
MD
LG