Борбор калаадагы Манас жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринде кан төгүлгөнү 15-августта белгилүү болгон. Жайдын ысыгында думуктурган жагымсыз жыттан улам жашоочулар милиция чакырышкан.
Айтылган дарекке келген күч кызматкерлери батирлердин бирин ачканда, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялдын сөөгүн көрүшкөн.
Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Алмаш Бекбоева:
“2025-жылы 15-августта эртең мененки саат 8де Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын 102 кызматына чалуу келип түшкөн. Ыкчам топ барганда 1979-жылы туулган аялдын сөөгү табылып, анын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү аныкталган. Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында маркумдун 22 жаштагы М.А. аттуу баласы кармалып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга тергөө абагына камалды. Ошондой эле КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен иш козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат”.
"Эне-баланы көргөн эмеспиз"
Кылмыш катталган көп кабаттуу үйгө барганыбызда бир подъезддин эшик-терезелеринин баары ачык туруптур. Азалуу батирдин оозу кагаз менен чапталган экен.
Үйдүн айрым тургундары маркумду же анын уулун тааныбай турганын, кылмыш жөнүндө медиа каражаттарынан билгенин айтышты.
“Мага дүкөндөгү кыздар айтты. Сүрөтүн көрсөтүштү, кылмышка барат деп ойлобойсуң. Өгүнү ушул жерде топ милиция жүргөн. Бул үйдө канча жылдан бери жашайм. Бирок энесин да, баласын да тааныбайт экем. Коңшулар киришип-чыгышпайбыз деле, анан калса жашоочулар бат-бат алмаша берет. Мен тааныгандардын көбү көчүп кетишкен”, - деди Алма (аты өзгөртүлдү-ред.) аттуу аял.
Атын атагысы келбеген дагы бир жашоочу кылмышты интернеттен окуп, келмеси оозунан түшкөнүн айтты:
“Баягыда милициялар топтошуп турган. Жолдошум барып сураса, ушундай окуя болгонун айтышкан экен. Маркумду жана анын уулун көргөн эмеспиз. Шаардын чок ортосунда ушундай кылмыш болгону өкүнүчтүү. Коркунучтуу адамдар жаныбызда эле жүрөт турбайбы деп чочулап калдык. Бул үйдө көбүнчө улгайган адамдар менен студенттер жашайт. Пенсиядагылар сыртка деле чыкпайт”.
Агрессиянын тамыры кайда?
Акыркы расмий маалыматка таянсак, Кыргызстанда калктын 11%да психикалык саламаттыкка байланыштуу көйгөй бар. Өспүрүмдөрдүн үчтөн бири көчөдө же мектепте кодулоого кабылат. Адистер бул барып-келип эле адамдын жүрүм-турумуна терс таасир этерин белгилешет. Алар муну менен катар коомдо нервди жукартып, агрессиянын күчөшүнө түрткү берген себептер көп экенин белгилешет.
Психотерапевт Азат Молдобаев терс адаттардан жабыркаган адамдар менен иштешип жүрөт. Ал агрессияны жоюу, коомду тарбиялоо оңой-олтоң иш эместигин белгиледи.
“Коомдун, маалыматтык булактардын таасири адамдын мээсине башаламан кирип жатат. Өзүмчүлдүк, ЭГО күч алууда. Биз эле эмес, бүт дүйнөдө ушундай процесстер болуп жатат. Буга туруштук берүү үчүн мамлекеттик деңгээлде идеологиялык иштер жүрүп, үй-бүлө институтуна, бала тарбиялоо иштерине көңүл бурулушу керек. Бул аябай чоң, концептуалдык маселе. Андай болбогон учурда адамдын ой жүгүртүүсүн, көз карашын өзгөртүү оңой эмес. Муну мен өз тажрыйбаман улам билем. Биз мээни өзүбүздүкү деп ойлойбуз. Бирок чындап келгенде мээ бизди башкарат. Мээнин биз билген аң-сезимдүү бөлүгү жалгыз чырактай эле. Калганынын баары көмүскөдө чалкып жатат. Кээде адамга жардам берүү үчүн ошонун баарын алып чыгууга туура келет".
Психолог Малаке Кыдыралы жабык, авторитардык коомдордогу чыңалуу кээде агрессияга айланып, трагедияга себеп болушу мүмкүн дейт. Муну менен катар үй-бүлө институтуна доо кеткени, социалдык тармактардын ээ-жаа бербей күчөшү ж.б. факторлор да роль ойнорун айтты:
“Адам жазадан кутулбасын билип, сестенген учурда кылмышка баруудан карманат. Андай болушу үчүн мыйзам сааттай иштеши керек. Экономикалык кыйынчылыкка башка көйгөйлөр, социалдык тармактардын таасири кошулганда түркүн кылмыштар чыга берет. Экинчиден, үй-бүлө институтунун кыйрашы. Мындан бир канча жыл мурда Батышта маньяктардын психологиясы тууралуу китеп чыккан. Ал жерде кылмышка баргандардын көбү жалгыз бой аялдардын же атанын ролу төмөн үй-бүлөлөрдүн балдары болгон. Ата менен эне үйдө бири-бирин тең салмактайт. Бала чоңойгондо ападан алыстап, атага ыктайт. Бул табигый процесс. Андай болбогон учурда өз алдынча сепарацияга умтулат, бирок ошол эле маалда энесинин кое бергиси келбегенин сезет. Бул болсо ички конфликтти жаратып, чыңалуу күчөйт. Эненин ашыкча камкордугу кээде эркек балага зыян алып келиши мүмкүн. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, кыз-келиндерге аңчылык кылган маньктардын көбү кылмышка энесинен өч алуу үчүн барат”.
Адистердин белгилешинче, Батышта психологдор балдар менен эрте эле иштеше баштайт. Ал эми Кыргызстанда шаар мектептеринде эле психологдор болбосо, элетте адистер тартыш. Мындан улам баланын туура эмес жүрүм-туруму убагында байкалбай каларын айтышат.
Ошол эле маалда кыргыз коому психиатр же психологго баруудан чочулап, кайсы бир көйгөйүн ачык айтуудан тартынат. Малаке Кыдыралы Түркиянын мисалында буларды айтты:
“Түркияда соңку 7-8 жылда психологго баргандар көбөйүптүр. Ал жакта Гүлсерен Будайижиоглу деген белгилүү психотерапевт бар. Ошол аял китеп жазат. Түрк коому деле бизге окшош да, китеп окугандар аз. Бирок ошол чыгармалардын негизинде көптөгөн сериалдар тартылды. Аны элдин көбү көрөт. Ошонун таасиринен улам адиске кайрылгандар көбөйгөн экен”.
"Бала улууларга, коом башчыларга карап түздөнөт"
Ал эми айрым адистер коомдо адамгерчилик, боорукерлик сапаттары жоголуп, гуманизм унутулуп баратканын айтышат.
Билим берүү боюнча эксперт Асылбек Жооданбеков жаш муундар улууларды, коом болсо жогору жакты карап түздөнөт дейт:
“Ааламдашуу шартында кайчылаш, оң жана терс окуяларга бай доордо жашап атабыз. Бирок акыркы кезде жырткычтыктын элементтерин камтыган кылмышка баргандар болууда. Айрымдарын укканда дене боюң дүркүрөп кетет. Коомдо гуманизм, адамдык баалуулуктар баарынан жогору турат деген түшүнүк орношу керек. Бирок шарт-жагдайдан улам биздин коомдо күчтүн, байлыктын үстөмдүгү күч болуп жатат. Социалдык-экономикалык абал оорлогондо адамдарда бири-бирин аёо, урматтоо сезими төмөндөп жаткандай. Агрессияны жоюш үчүн мугалим менен ата-эне эриш-аркак иштөөгө тийиш. Коомчулук дагы терс мамилеге, алдамчылыкка, зомбулукка, адамдын көңүлүн ооруткан терс көрүнүшкө чыдабасын, аны жерий турганын ачык көрсөтүшү керек. Адамды, коомду караңгылыкка түртө турган окуяларды сындап, ага каршы чыгып, анын алдын алууга бирге аракет кылуу абзел. Биз тескерисинче кайдыгер болуп баратабыз. Анын ордуна оройлукту же кол көтөрүүнү “ырас кылды” деп кол чаап, кубаттагандар бар. Мунун баары коомго терс таасир этет”.
Кыргызстанда соңку жылдары бир нече кыз-келин жакындарынын колунан ажал тапты. Расмий органдардын маалыматында Кыргызстанда соңку 2,5 жылда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен мерт болгон.
Шерине