Ош шаарынын 3025 жылдык мааракеси борбордук аянтта белгиленүүдө. Салтанатта сүйлөгөн президент Жапаров Ош шаарына быйыл 3 млрд сомго жакын каражат бөлүнгөнүн айтты. Анын айтымында, бул каражатка атайын техника алынып, социалдык объектилер салынып жатат.
"Бул да болсо мамлекетибиздин Ошко жасаган өзгөчө мамилеси. Элибиздин турмушун жакшыртууга камкордугу. Биздин максатыбыз - көп этностуу болгон шаар калкын, келечегибиз болгон Ош шаарынын жаштарын ар тараптан колдоо. Биз камкордугубузду мындан ары да уланта бермекчибиз", - деген Жапаров.
3025 жылдыкка карата шаардын борбордук аянтында бийиктиги 95 метрлик флагштокко туу көтөрүлдү.
Ош шаары Кыргызстандын түштүк борбору болуп саналат. Жарым миллионго жакын калк жашаган шаардагы Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын катарына кирет.
Соңку айларда шаарда мыйзамсыз салынган имараттар түрттүрүлүп, Ак-Буура дарыясынын бою тазаланган.
Ош шаар деген макамды 1876-жылы, Кокон хандыгы кулатылгандан кийин алган. Калаа тууралуу маалымат 9-кылымга таандык араб булактарында айтылат.
2000-жылдын октябрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу менен Ош шаарынын 3000 жылдык мааракеси белгиленген. Салтанат учурунда ошол кездеги биринчи президент Аскар Акаев Ошко экинчи борбор макамын берүү боюнча токтом чыгарган. (KS)
Шерине