Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:50

Квадрациклдерди колдонууда көзөмөл күчөтүлдү


3-октябрда кармалган кводроциклдер.
3-октябрда кармалган кводроциклдер.

Президент Жапаровдун Кыргызстандагы жайыт жерлерге аяр мамиле кылууга үндөгөн кайрылуусунан кийин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында квадроциклдерди пайдаланууга чектөө киргизүү жөнүндө" токтом долбоорун иштеп чыкты.

Министрликтин маалыматында, Бишкектин жана Аламүдүн районунун аймактык башкармалыгынын Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы ИИМдин өкүлдөрү менен биргеликте тоолуу аймакка квадроцикл менен бара жаткан жарандарды токтоткон. Аларга экологиялык коопсуздук эрежелери, жаратылышты жана мыйзамдарды сактоо зарылчылыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Андан тышкары бул боюнча материалдар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматына чара көрүү үчүн жөнөтүлгөн.

"Аталган министрлик тарабынан Министрлер кабинетинин "Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында квадроциклдерди пайдаланууга чектөө киргизүү жөнүндө" токтом долбоору иштелип чыкты. Документ коомдук талкууга чыгарылып, кийин президенттин Администрациясына жөнөтүлөт. Министрлик бардык жарандарды жаратылышты коргоого жана белгиленген эрежелерди сактоого чакырат", - деп жазылган мекеменин маалыматында.

2-октябрда Садыр Жапаров өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына пост чыгарып, анда квадрацикл, жолтандабас унааларын айдагандар жайыт жерлерди бузуп атканын белгилеген. Ал ошондой ИИМ менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлерине тоо беттерин, көк шибер, жайыттарды квадрациклдер, жол тандабастар менен тебелегендерге айыппул салууну жана техникалык каражаттарын конфискациялоону тапшырган.

Садыр Жапаров эл машине, квадроциклдерди жолдор менен гана айдоо керектигин жазган.

Кыргызстандын жалпы аянты 20 миллион гектар болсо, анын 9 миллион гектарын жайлоо менен жайыт ээлеп жатат. Бир кезде көк майсаң баскан жайлоолор төрт түлүк малдын көбөйгөнүнөн, кен байлык казуудан жана климаттын өзгөрүүсүнөн улам жылдан жылга такырга айланып баратат. Соңку беш жылда эле жайыттардын аянты 25 миң гектарга кыскарган.

Өкмөт бул көйгөйдүн алдын алуу үчүн жайыттарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык программа бекиткенин, анын негизинде такырайган жерлерге урук себүү иштерин жүргүзүп жатканын маалымдаган. (KS)


Шерине

XS
SM
MD
LG