Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:58

"Диктатордун кызы". Лола Каримова-Тилляева атасын кантип актады?


Лола Каримова жана маркум атасы Ислам Каримов
Лола Каримова жана маркум атасы Ислам Каримов

Сентябрдын башында Өзбекстандын биринчи президентинин кызы Лола Каримова-Тилляева социалдык тармакка кайрылуу менен чыкты. Лола анда тогуз жыл мурда каза тапкан атасынын өлкө үчүн эмгегин жогору баалаган. Бул кайрылуу чыккандан көп өтпөй эле анын дарегине сын жаады.

"Азаттык Азия" Лола Каримова-Тилляева атасы Ислам Каримовдун тушунда ким болгонун жана азыр эмне менен алектенерин айтып берет.

"Кычышпаган жерди тырмаба"

Каримова-Тилляеванын Instagram’га сентябрдын башында видео кайрылуу жарыялап, маркум атасы кезинде Өзбекстандагы туруктуулукка кепил болуп, коомду бөлүнүп-жарылуудан сактаганын айтты.

"Бүгүн сөзүмө толук жоопкерчилик алам. Туңгуч президент Өзбекстанды Жакынкы Чыгышты, анын ичинен Сирияны каптаган жарандык согуштун араанынан сактап калды. Бул үчүн биринчи президентке алкыш", - деген ал.

Лола учурда маалымат айдыңында Ислам Каримовдун эмгегин "буюртма маектер, каралаган материалдар жана троллдордун ишмердиги" аркылуу жаманатты кылуу аракеттери жүрүп жатканына токтолгон

"Мындай асылуунун баары күлкүнү гана келтирет. Тарыхты кайра жазуу мүмкүн эмес. Ал өлкө тарыхында өз ролун ойногон. Эң башкысы анын ишмердигинен азыркы Өзбекстан жаралды", - деген ал.

Каримова-Тилляева атасын унутпай жылуу эскергендерге ыраазылык билдирип, бир күнү өз эскерүүлөрү менен бөлүшөрүн белгилеген. Бирок кайрылуу терс реакция жаратып, каяша айткандар да чыкты.

Журналистика жана массалык коммуникация университетинин ректору Шерзодхан Кудратходжа Каримов "өлкөнү кыйроодон сактап калган" деген сөздүн өзү күдүк жаратарын белгилеген.

Шерзодхан Кудратходжа
Шерзодхан Кудратходжа

"Балким, 90-жылдардагы жаңылыш саясаттан улам коңшу өлкөлөрдөн айырмаланып бизде радикалдашуу күч алгандыр? Эгер акылман жана ар тараптан ойлонулган саясат жүргүзсө, миңдеген адамдардын тагдыры талкаланмак эместир? Балким, дал ушул Каримовдун башкаруу стили бизди мурдагы Сирия же Ооганстандай абалга алып келүүнү самаган күчтөрдү жараткандыр. Анын (Лола жана Гүлнара Каримовалардын атасы. - ред.) сөзү менен айтканда: "Кычышпаган жерди тырмап кереги жок…", - деп жазган Шерзодхан Кудратходжа.

Ал эми өзбек акыны Дилором Исхакова Paradigma.uz аттуу көз карандысыз YouTube-каналына курган маегинде мындай деген:

Дилором Исхакова
Дилором Исхакова

"Менин пикиримде, Өзбекстандын көз карандысыздыгы Каримов өлкөнү өзү каалагандай башкара ала турганын түшүнгөн күнү бүткөн. Ал бардык маанилүү кызматтарга ишенимдүү адамдарын дайындап, бийлигин чыңдаган соң залим башкаруу оронтту. Ошентип, бул Каримовдун өзүнүн жеке көз карандысыздыгына айланды. Бул көз карандысыздыктын үзүрүн ишенимдүү адамдары жана кыздары Гүлнара менен Лола көрдү. Өзбек эли андан эч кандай пайда көргөн жок".

Лола Каримова-Тилляева бул сындардан кийин Instagram’дагы баракчасына "саясий талкууларга" катышпай турганын билдирип жооп жазды.

"Өтө кубанычтуу, тогуз жыл мурда дүйнөдөн кайткан биринчи президенттин элесине арналган постума бүдөмүк реакция жасаган “буюртмачылардын” үмүтүн актай албайм. Менде эч кандай саясий дымак жок, ошондуктан талаш-талкууларга катышпайм. Орустардын “Жок жерден дүрбөлөң салба” деген жакшы макалы бар", - деген ал.

"Өзбекстандагы бардык кыймылсыз мүлктү саттык"

Каримовдун кичүү кызы буга чейин да сынга кабылып, ага чыдабай сотко кайрылган учурлар болгон. Мисалы, 2011-жылы ал Франциядагы Rue89 аттуу интернет-басылмасын жалаага айыптап сотко берген.

Буга басылманын Канны шаарында өткөн кайрымдуулук кечеси тууралуу макаласы себеп болгон. Анда Лоланы "диктатордун кызы" деп аташкан. Ошол кезде Испанияда жана Женевада БУУнун штаб-квартирасында Өзбекстандын элчиси болгон эжеси Гүлнара экөөнү өлкөнүн эл аралык абройун кымбат баалуу иш-чаралар аркылуу актоого аракет кылат деп айыпташкан. Макалада белгилүү италиялык актриса Моника Беллуччи кайрымдуулук кечесине катышканы үчүн 190 миң евро алганы да айтылган.

Лола Каримова-Тилляева журналисттерден 30 миң евро өлчөмүндө кенемте талап кылганы менен сот журналисттердин пайдасына чечим чыгарган. "Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюму соттун бул чечимин кубаттаган.

Каримова-Тилляева эжесинен айырмаланып, мурдатан эле эл көзүнө көп чалдыккан эмес. Өзбекстанда президенттин кичүү кызы тууралуу маалыматтар аз болгон. Лола Каримова 1978-жылы Ташкент шаарында туулган. Ислам Каримов менен жубайы Татьянанын кичүү кызы. Эжеси Гүлнарадан башка Пётр аттуу аталаш агасы бар.

Ташкенттеги Дүйнөлүк экономика жана дипломатия университетинин эл аралык укук боюнча бакалавр жана магистр даражасын алган. Ташкент мамлекеттик университетинин психология илимдеринин кандидаты.

Лола Каримова-Тилляева (солдон экинчи) ата-энеси, күйөөсү Тимур Тилляев (оңдо четте), балдары Марьям жана Умар менен.
Лола Каримова-Тилляева (солдон экинчи) ата-энеси, күйөөсү Тимур Тилляев (оңдо четте), балдары Марьям жана Умар менен.

Лола Каримованын жашоосу тууралуу расмий маалыматтарды табуу кыйын. 2004-жылдагы америкалык дипломатиялык билдирүүлөрдө гана ал тууралуу айрым маалыматтар кездешет. Бул билдирүүлөр ар кандай жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгарган Wikileaks сайтына жарыяланган.

Документтерде ошол кезде 26га толгон Лола түнкүсүн шапар тепкенди жакшы көргөн кыз катары сүрөттөлгөн. Күндө кечкисин Porsche Cayenne унаасы менен Ташкенттин эң кымбат көчөлөрүндө чабагандап жүргөнү жазылган.

Булактардын айтымында, ал "бандитке окшош" келечектеги күйөөсү Тимур Тилляев менен таң аткыча сейилдөөнү жакшы көрчү. Тилляев ишкер, көп жылдар бою өлкөдөгү ири соода-транспорт компаниясы саналган "Абу Сахийдин" ээси. Компания товарларды импорттоо менен алектенген жана Ташкенттеги ошол эле аталыштагы ири дүң базарга ээлик кылган.

Жубайлардын качан никеге турганы белгисиз. Ислам Каримовдун көзү тирүүсүндө эле чет мамлекетке көчүп кетишкен. Каримов Өзбекстанды 25 жыл темирдей катуу башкарып, 2016-жылы сентябрда 78 жашында дүйнөдөн кайткан.

2006-жылы Тилляевдер Рига шаарына көчүп барган. Андан кийин Парижге, кийин Швейцарияга жер оодарган. Лола Каримова-Тилляеванын үч баласы бар. Улуу кызы Марьям 26 жашта, ал белгилүү блогер жана инфлюенсер, учурда АКШда жашайт.

Эжеси Гүлнара саясатта жана бизнес чөйрөсүндө активдүү роль ойносо, Лола көбүнчө кайрымдуулук жана маданий долбоорлорго басым жасаган. 2002-жылы балдарга жардам берүү максатында түзүлгөн "Сен жалгыз эмессиң" фондун жетектеген (азыр бул фонд эмне менен алектенери белгисиз).

2007-жылы Лола Каримова-Тилляева БУУнун билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюму - ЮНЕСКОнун Өзбекстандагы туруктуу өкүлү болуп дайындалган. Бул кызматты ал он жылдан ашуун аркалаган. Көп жылдар бою Өзбекстандын гимнастика федерациясын жетектеп, Азиялык гимнастикалык биримдиктин ардактуу президенти жана Ташкенттеги МГУнун филиалынын директорунун орун басары болуп иштеген.

2013-жылы Каримова-Тилляева өзүнүн парфюмерия үйүн негиздеген. Компаниянын расмий сайтында "Лола фэн-шуй илимин көп жыл изилдеп, анын философиясынын терең идеяларын жыпар жыттардын тилинде жеткирүү үчүн парфюмерия үйүн ачууга бел байлаганы" айтылат.

Лоланын коомдук, мамлекеттик жана башка ишмердүүлүгү өзбек медиасында дээрлик чагылдырылган эмес. Тилляевдер чет өлкөдөгү кымбат баалуу кыймылсыз мүлк сатып алууларга жана башка чыр-чатактарга байланыштуу гана маалымат каражаттарына чыгып турган.

2020-жылдын август айында америкалык медиа каражаттар Лола Каримова-Тилляева Голливуддагы өзүнө таандык үч вилласын саттыкка койгонун жазышкан.
2020-жылдын август айында америкалык медиа каражаттар Лола Каримова-Тилляева Голливуддагы өзүнө таандык үч вилласын саттыкка койгонун жазышкан.

2013-жылы "Озодлик" радиосу Лола Каримова-Тилляева күйөөсү экөө Лос-Анжелестин батышындагы Беверли-Хиллзде кыймылсыз мүлккө ээлик кыларын жазган. Аларга таандык Le Palais ("Сарай") ак сарайынын баасы болжол менен 58 миллион долларды түзөрү айтылган. Теги палесталык архитектор Мохаммед Хадид үйдүн долбоорун француз сепилдеринин стилинде чийген.

Тергөөчүлөрдүн маалыматында, 4460 чарчы метр аянттагы бул ак сарайдын жети уктоочу бөлмөсү жана 11 ваннасы, 200 конокко ылайык банкет залы, галерея, жер төлөдөгү 12 унаага ылайык гаражы, заманбап кинотеатры, жабык жана ачык бассейни, төрт роза багы, ак куу сүзгөн көлмөсү жана эки фонтаны бар.

Бир нече жылдан кийин америкалык журналисттер Ислам Каримовдун кичүү кызынын Калифорниядагы башка мүлктөрүн да табышкан.

2015-жылы америкалык The New York Times гезити иликтөө жарыялап, анда Лола Каримова-Тилляева менен күйөөсү Лос-Анджелесте ар бири бир нече миллион долларлык төрт люкс үйдү сатып алышканын, алардын баары белгилүү адамдар жашаган эң кымбат жана кадырлуу райондордун бири - Бель Эйрде жайгашканы айтылган.

Лола Каримованын Беверли-Хиллздеги ак сарайынын көрүнүшү.
Лола Каримованын Беверли-Хиллздеги ак сарайынын көрүнүшү.

Лола Каримова-Тилляеванын менчигинде Женева шаарынын четинде жайгашкан резиденция да болгон. Бул үй 2010-жылы 47 миллион долларга сатып алынган. Бул тууралуу TheBlacksea.eu көз карандысыз журналисттик уюму жазып чыккан.

Каримова-Тилляеванын адвокаттары мындай маалыматтарды "айың" деп атаган Тимур Тилляевдин үй-бүлө мүлкүнүн Өзбекстандын мамлекеттик ресурстарына тиешеси жоктугун билдиришкен.

"Биз дагы бир жолу кайталап айтабыз: ал (Лола Каримова-Тилляева - ред.) жана анын күйөөсү Тимур эч качан үй-бүлөлүк абалын пайдаланган эмес. Мурда белгилегендей, анын күйөөсү соода-транспорт компанияларынын акцияларына ээ. Ал мамлекеттик тендерлерге катышкан эмес жана анын ишмердүүлүгүнүн газ же пахта өңдүү улуттук ресурстарга байланышы жок. Тимурдун компаниясы бардык бизнес эрежелерин сактайт, эч кандай салыктык жеңилдиктерге жана монополиялык укуктарга ээ эмес", - деген жактоочу 2015-жылы "Озодликтин" жазуу жүзүндөгү суроосуна жазган жообунда.

2013-жылы Каримова-Тилляева Би-Би-Синин өзбек кызматына жазуу жүзүндө интервью берүүгө макул болгон. Ал маекте Женевадагы үйүн ипотекага алганын белгилеген:

"Биздин үй-бүлөлүк абалыбызды кантип эсептеп чыгышканын билбейм. Бизге башкалардын байлыгын таңуулап жатышат. Женевадагы үйдө жашайбыз. Өзбекстандагы болгон кыймылсыз мүлкүбүздү сатканбыз. Ташкентте балдар менен барганда жашайлы деп бир гана квартираны калтырганбыз. Женевадагы үй үчүн биз нарктын 18 пайызын жеке каражаттарыбыздан төлөдүк, калган сумманы банктан алган насыя менен жапканбыз".

2024-жылы The Wall Street Journal басылмасы Тилляевдердин Беверли-Хиллздеги сарайы 36 миллион долларга сатылганын маалымдаган.

Гүлнаранын көлөкөсүндө

Лола көп жылдар бою эжеси Гүлнаранын көлөкөсүндө жашап келген. Гүлнара Каримова бир кезде Борбор Азиядагы эң белгилүү аялдардын бири эле жана аны атасынын мураскору катары эсептешчү.

Бирок Гүлнара Каримова атасынын каарына калды. Кийинчерээк каржылык кылмыштар үчүн айыпталып, камакка алынды.

2013-жылы Би-Би-Синин өзбек кызматына жазуу жүзүндө курган маегинде Лола эжеси экөөнүн ортосунда байланыш жок экенин ачык айткан.

"Биз 12 жылдан бери сүйлөшпөйбүз. Муну биз эч качан жашырган эмеспиз, көп адамдар билет. Ортобузда туугандык да, достук да мамиле жок. Үй-бүлөлүк иш-чараларда да жолукпайбыз. Жакшы мамиле үчүн дүйнө таанымдын окшоштугу же мүнөздүн жакындыгы, же болбосо орток кызыкчылык менен адаттар болушу керек да. Биздин мамилебизде мунун бири да болгон эмес жана азыр дагы жок. Биз таптакыр эки башка адамбыз", - деген Ислам Каримовдун кичүү кызы.

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун үй-бүлөсү (солдон оңго): Лола Каримова-Тилляева, жубайы Татьяна Акбаровна, президент Каримов, улуу кызы Гүлнара жана анын уулу Ислам Каримов. Архивдик сүрөт.
Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун үй-бүлөсү (солдон оңго): Лола Каримова-Тилляева, жубайы Татьяна Акбаровна, президент Каримов, улуу кызы Гүлнара жана анын уулу Ислам Каримов. Архивдик сүрөт.

2016-жылы Өзбекстандын лидери көз жумгандан үч ай өткөндө Гүлнара Каримованын уулу, таятасынын атын алган Ислам Каримов Би-Би-Синин өзбек кызматына маек курган. Ал эже-сиңдинин ортосу атасынын айынан сууп кеткенин айткан.

"Апам (Гүлнара Каримова) таятамдын жолун жолдоп, математикалык багыттагы мектепти алтын медаль менен бүтүргөн. Спорт менен машыккан, кара курдун ээси. Ал өзүнүн карьерасын өзү түптөгөн. Кандай иш кылбасын таежем (Лола) аны туурап, кайталап турган. Менимче, баары таятамдын “Эмне үчүн эжеңдей боло албайсың?” деген жемесинен улам башталган. Бул сөз ага катуу тийген. Өмүр бою кандайдыр бир атаандаштык болуп келген. Ал дагы колунан иш келерин далилдөөгө аракет кылган. Жек көрүү ошондо пайда болсо керек", - деген Гүлнаранын уулу.

Каримовдун үй-бүлөсүндөгү чыр кийинки муунга да таасир эткен. Лола Каримова-Тилляеванын тун кызы, блогер Марьям Тилляева жакында Instagram баракчасына апасы менен бир нече жылдан бери сүйлөшпөй турганын жазган.

"Убакыт өткөн сайын таарыныч тереңдеп жатат. Качан элдешерибизди билбейм, анткени барган сайын аны тааный албай баратам… уккандарыма караганда ал өзүнөн өзү качып, көп ишти көңүл бурдуруу үчүн гана жасап жаткандай".

Бул билдирүүгө Лола Каримова-Тилляева жооп берген эмес.

Тилляевдердин Умар жана Сафия аттуу уул-кызы дагы бар, бирок алар тууралуу ачык булактарда дээрлик маалымат жок.

2016-жылдын ноябрында, атасы каза болгондон эки ай өткөндөн кийин Лола Каримова-Тилляева Ислам Каримов атындагы фондду негиздеген. Фонд кайрымдуулук иштери менен алектенип, маркум президенттин "ысымын жана принциптерин түбөлүккө калтырууну" максат кылган.

Ислам Каримов каза болгондон бир жыл өткөндөн кийин Тимур Тилляевдин Өзбекстандагы компаниясы кожоюнун жана аталышын алмаштырган.

Андан дагы бир жыл өткөндөн кийин Лола Каримова-Тилляева Өзбекстандагы бардык расмий кызматтарын тапшырып, маалымат талаасынан көрүнгөн эмес. Бул абал атасынын өлүмүнүн тогуз жылдыгына карата кайрылуу жасаганга чейин уланды.


"Азаттык Азиянын" макаласы орус тилинен которулду.

Шерине

XS
SM
MD
LG