Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:28

"Жакындарын сагынып, кусага батканын айтып жүргөн". Ак-Бешимдеги эки бала бычакталган окуянын чоо-жайы


Ак-Бешим айылы. Каргаша баскан үйдөгү балдар арабасы
Ак-Бешим айылы. Каргаша баскан үйдөгү балдар арабасы

12-сентябрь күнү Чүйдүн Ак-Бешим айылында эки баласын өлтүрүүгө шектелип алардын энеси кармалды. Беш баласы бар 34 жаштагы аял учурда тергөө абагында. Бул үрөй учурган окуянын себептери учурда талкууга түшүп, көпчүлүк ар кыл суроолорго жооп издеп жатат.

12 жаштагы кызы жана 2 жаштагы баласы бычакталган

Эки күндөн бери коомчулуктун талкуусуна түшүп жаткан окуя Чүйдүн Ак-Бешим-2 деген айылында болгон. Токмоктон анча алыс эмес айылга окуянын чоо-жайын билүү үчүн бардык.

Беш балалуу үй-бүлө жашаган үйдүн короосу тикен зымдар менен тосулуп, жарым-жартылай бүткөн экен. Азыр үйдө эч ким жок. Үйдүн каалгасы милициянын мөөрү басылган кагаз менен чапталып турат.

Дал ушул үйдө каргашалуу окуя 12-сентябрда түштөн кийин болгон. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Канат Мажиевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, эки жаш баланын өмүрүн алган кылмыш тууралуу маалымат кечке маал түшкөн.

"Чүй районундагы Ак-Бешим-2 айылында 12 жана 2 жаштагы эки баланын бычакталган сөөгү табылганы тууралуу маалымат 102 номуру аркылуу 12-сентябрда саат 19:30да түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, балдардын өлүмүнө шектүү катары алардын апасы - 34 жаштагы жаранды кармаган. Учурда ал тергөө абагында. Иш боюнча тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө жүрүп жатат".


Айрым маалымат каражаттарынын жазышынча, келин эки баласына бычак сайып, андан соң унаа оңдоочу жайда иштеген күйөөсүнө телефон чалган. Каза болгон эки баланы ооруп атат деп билдирген. Үй-бүлөнүн атасы үйгө келип, каргашаны көргөн соң, милицияга кабар берген экен.

"Төркүнүнө бара элек болчу"

Биз барганда үй-бүлөнүн кошуналарын кепке тарттык. Алар аты-жөнүн ачык айтууну каалаган жок. Коңшуларынын бири үй-бүлө мүчөлөрү айылдагы тургундар менен көп аралашпаганын айтып берди.

Алар айткан маалыматтарга караганда, келин 34 жашта, Өзбекстандын Анжиян облусунун тургуну, балдардын атасы Ак-Бешимден болот. Экөөнүн түтүн булатканына беш-алты жылдай болгон. Шектүү бул айылга келин болуп келгенден бери төркүнүнө бара электигин, ата-энесин, туугандарын сагынып, куса болгонун айтып жүргөнүн коңшулары угушкан экен.

Коңшулардын биринин айтымында, бул келиндин экинчи никеси, жубайлар ортосунда төрт бала бар болчу. Ал эми бычакталган улуу кызы аялдын мурдагы никесинен. Секелектин документтери Өзбекстандыкы болгондуктан, жергиликтүү мектепке кабыл алынбай, башка айылга каттап окуп жүргөн:

"Кайгылуу окуя болду. Ал үйдүн балдары биздин мектепте окушчу эмес. Кызынын документи Өзбекстандыкы экен деп алышкан эмес экен, 14-мектепке барчу экен".


Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги аталган үй-бүлө жашоо-шарты оорлордун тизмесинде болгон эместигин айтууда.

Каргашалуу окуяны башынан өткөргөн үй-бүлөнүн жакындары биз менен баарлашууну каалаган жок.

Келиндин Назира аттуу кайнежеси Би-би-сиге үй-бүлөсүндө мындай каргаша болуп кетет деп үч уктаса да түшүнө кирбегенин айтып берген. Ал келинди абдан токтоо, мүнөзү жакшы адам катары сыпаттап, анын психикасына байланыштуу жаман сапаттарын байкабаганын, балдарына күйүмдүү эне болгонун билдирген.

"Түшкө кирбегендей нерсе болду. Азыр деле ишене албай турам. Төрөттөн кийинки депрессияга кабылды окшойт деп жоромолдоп жатам. Себеби беш жыл ичинде удаа-удаа төрт бала төрөдү. Эс албай эле төрөй берсе, аял деле чарчайт да",- деп билдирген ал.

Кайнежесинин айтымында, үй-бүлөдөгү балдардын улуусу төрт, кийинки кызы үч, бычакталган уулу экиде, кенжеси жети айлык, эмчекте болчу.

"Иним жумуштан кайтып келсе, аялы үч баласын кучактап короодо отуруптур. Күйөөсү кичүүсүн колуна алып эркелетип, "жүрү, үйгө кирели" десе, "кире албайм, балдарды бычактап салдым" деп жооп бериптир. Ошондо иним үйгө чуркап кирип, болгон окуяга күбө болуп жатпайбы", – деген ал Би-би-сиге маегинде көзүнө жаш алып.

Эжесинин айтымында, иниси унаа оңдогон жайда иштейт, оокат-тиричилиги да жетиштүү. Үй-бүлөсүн эч нерседен кем кылбай багып келген. Учурда балдар убактылуу мамлекет тарабынан реабилитациялык борборго жайгаштырылган. Алар азыр психологдордун жана дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

"Ушул күнгө чейин мен багып жаткам. Атасы балдарды бергиси келбей, көпкө чейин кармап турду. Түшүндүрүп, дарыгерлердин көзөмөлүндө жакшы болот деп айтып жатып араң бердирдик. Азырынча ошол жакта болот. Иним өзүнө келгенде кайра алат", – деди эжеси.

Назиранын айтымында, бычакталган эки жаштагы наристе жерге берилген, ал эми кыздын сөөгүн өз атасы Өзбекстанга алып кеткен.

Төрөттөн кийинки депрессиянын кесепети

Беш балалуу энени бул окуяга эмне түрттү деген суроо көпчүлүктүн тынчын алууда. Айрымдар беш баланы төрөгөн аялдын психикалык саламаттагы жөнүндө маселени да козгоп жатышат. Коомдогу психикалык саламаттык, төрөттөн кийинки депрессия да мындай каргашага себеп болорун психолог Малаке Кыдыралы айтып берди.

Малаке Кыдыралы - психолог
Малаке Кыдыралы - психолог

"Бул окуянын себеби азырынча бизге так белгисиз. Бирок адамдын менталдык туруштугу кээ бир стресстик факторлорду көтөрө албай калат. Аял киши төрөттөн кийинки депрессияга кабылышын биздин коомчулук дагы деле түшүнө элек. Төрөгөн аял кайра эле оокатын кылып, тиричилигин уланта беришин каалап, аялдан ошону күтүп, талап кылган учурлар болот. Ошондуктан, төрөттөн кийинки депрессияга кабылган аял дарыланышы керек. Аялдын генетикасында кайсы бир психологиялык ооруларга алсыздык болсо, мындай чоң стресстин алдында ал оорулары козголот. Анын кесепети аял үчүн өтө оор болушу мүмкүн. Айрым учурларда өзүнө кол салышы мүмкүн, балдарына кол көтөрүшү же таптакыр эле менталдык саламаттыгы бузулуп калышы мүмкүн. Бул окуяда аял киши башындагы стрессти көтөрө албай калганын көрсөтүп турат".

Кылмышка шектүү келин тергөө абагында, ишти Чүй облустук ички иштер башкармалыгы тергеп жатат.

Кыргызстанда жакындарынын колунан каза тапкан, зомбулукка кабылган наристелердин кейиштүү, жүрөк ооруткан тагдырлары буга чейин да болгон.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG