Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Ноябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:14

Венесуэла Москва, Бээжин жана Тегерандан аскердик жардам сураганы кабарланды


Николас Мадуро жана Владимир Путин. Архив сүрөт.
Николас Мадуро жана Владимир Путин. Архив сүрөт.

Венесуэланын бийлиги аскер радарларын жана истребител учактарды оңдоого жардам сурап, Орусия, Кытай жана Иранга кайрылды. Каракас Орусиядан ракета сурашы да мүмкүн экенин The Washington Post басылмасы АКШ өкмөтүнүн документтерине шилтеме кылып жазды.

АКШ чалгын кызматынын маалыматына караганда, Венесуэланын транспорт министри Рамон Селестино Веласкес октябрь айында Москвага барып, орус президенти Владимир Путинге өзүнүн өлкө башсысы Николас Мадуронун катын берүүгө милдеттендирилген.

Маалымдалгандай, Путинге аба соккусунан коргонууга, ошондой эле Орусиядан алынган истребителдерди оңдоого көмөктөшүү өтүнүчү берилген. Басылма жазгандай, Мадуронун катында Орусиянын учактары Венесуэла армиясы үчүн маанилүү курал экени белгиленген.

Мадуро Кытайдын лидери Си Цзиньпинден аскер радарларын жиберүүнү тездетүүнү суранган. Ирандан чалгын жабдыктарын, GPS сигналын басаңдатуучу жабдууларды жана дрондорду сурашы ыктымал.

Москва, Бээжин жана Тегеран Мадуронун өтүнүчүнө кандай жооп бергени белгисиз. Каракастын бул өтүнүчү АКШ Венесуэла өкмөтүнө маңзат соодасын кыскартуу максатында басым жасап жаткан учурга туш келди.

Мурдараак The Wall Street Journal гезити америкалык аскерлер Венесуэлага чабуул жасоо мүмкүнчүлүгүн карап жатканын жазган. Президент Трамптын администрациясы муну менен мыйзамсыз баңгизат соодасын кыскартууну көздөп жатканы кабарланган.

Шерине

XS
SM
MD
LG