Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:13

"Арасында бир туугандар бар". Бир күндө жол кырсыгынан жети киши каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

мазмуну

  • Кыргызстанда жыл башынан бери 6 миңден ашык жол кырсыгы катталып, 636 адам каза болду, анын ичинде 90дан ашык бала.
  • Жол кырсыктарынын көбү айдоочулардын эрежелерди бузушунан келип чыгууда, анын ичинде мас абалында машине айдоо жана катуу ылдамдыкта жүрүү.
  • Бийлик айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү үчүн рейддерди уюштуруп, эрежелерди бузгандарга чараларды күчөтүүдө.

Акыркы бир суткада Кыргызстанда жол кырсыгынан жети киши каза тапты. Ош – Гүлчө унаа жолунда жүк тарткан машине менен жеңил автоунаа кагылышканда беш киши мүрт кетти. Бишкек – Ош жолундагы төрт унаа кагылышкан кырсыктан эки киши каза таап, бир нече жүргүнчү ооруканага түштү.

Мунун алдында эле Бишкекте өспүрүм балдар машине айдап, кырсыкка кабылган эки окуя катталган. Быйылкы жылдын тогуз айында жол кырсыгынан Кыргызстанда 90дон ашык бала каза болуп, эки миңдейи жаракат алды. Өткөн жылга салыштырганда бул кайгылуу көрсөткүч 30% көп.

29-октябрда Бишкек – Ош автожолунда оор жүк ташыган машиненин айдоочусу рулду башкара албай, алдындагы унааны сүзүп, каршы тилкеге чыгып, Honda Stepwgn менен сүзүшкөн. Кырсыктан эки киши мүрт кетип, төртөө түрдүү жараат алган.

Бир күн узабай эле беш кишинин өмүрүн алган дагы бир жол кырсыгы Алай районунда болду. Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматында, Алай районунун Гүлчө шаарынын Жылуу-Суу айылында Audi-80 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жолдун каршы тилкесине чыгып кетип, оор жүк ташуучу машине менен кагылышкан. Audi-80дин айдоочусу жана жүргүнчүлөрү райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Арасында төрт киши туугандар экени маалым болду.

"Бир туугандар анан бир үй-бүлөдөн экөө. Калгандары да бир туугандар болгон. Бир үй-бүлөдөн аялы жана күйөөсү болуп жатат. Артында агасы жана жеңеси дегендей айтып жатышат. Азыркы учурда ушундай маалымат", - деди Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Гүлжигит Мадаев.

Бул кырсыкта каза болгондор жөнүндөгү расмий маалыматта үч киши Алай районунун Тилектеш айыл аймагынын Кен-Жылга айылынын тургундары экени, алардын улуусу 68 жаштагы Рамаев Камчыбек машинанын айдоочусу, ал эми 56 жаштагы Чамашева Гүласыл жана 48 жаштагы Раимкулова Эркебү жүргүнчүсү болгону маалымдалды. Калган эки жүргүнчү – Ош шаарынын тургуну, 41 жаштагы Голанов Толкунбек жана 37 жаштагы Чамашева Айсулуу экени белгилүү болду.

Быйыл өлкөдө 9 айда 6 миңден ашык жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 636 адам каза болду, 9 миңден ашык адам ар кандай жараат алды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) былтыркыга салыштырганда жол кырсыгынын саны өсүп жатканын, 90% учурда айдоочулар күнөөлүү деп табылганын билдирүүдө.

Байказы Айтикул уулу
Байказы Айтикул уулу

"Тагыраагы, айдоочулар жол кыймыл эрежелерин толук билбегендиктен, кайдыгерликтен болгон жол кырсыктары. Катуу ылдамдыкта, каршы тилкеге чыгып, мас абалында унаа каражаттарын айдап, жашы жете электер катышкан, тилекке каршы, жол кырсыктары катталып жатат", - дейт ИИМдин ЖКККББнын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу.

Байгазы Айтикул уулу жол коопсуздугун камсыздоо үчүн комплекстүү чаралар көрүлүп жатканын, такси айдагандар лицензия алууга милдеттендирилгенин билдирди. Ар жуманын соңунда рейд уюштурулуп, мас абалда машине айдагандар, автожарышка чыккандар, жасалма номур менен жүргөндөр, айдоочулук күбөлүгү жок автоунаага отургандар аныкталып жатканын, коопсуздук курун тагынбаган айдоочулар менен жүргүнчүлөр 1-октябрдан тартып жоопкерчиликке тартыла баштаганын белгиледи:

"Одоно жол эрежелерин бузган айдоочуларды жеринде токтотуп, аларды сурамжылоо иштерин жүргүзүп, эгерде жолдо жүрүү эрежелерин толук билбесе, алардын айдоочулук күбөлүгүн алып коюу менен кайрадан экзаменге, сынакка жөнөтүү нормасы дагы мына жакынкы убактарда күчүнө кирет".

Кыргызстандын Айдоочулар уюмунун төрагасынын орун басары Дүйшөналы Токтакунов Кыргызстанда айдоочуларды тартипке чакырган чаралар жетиштүү эле экенин белгилейт. Ал айдоочулар өзүнүн жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна кайдыгер мамиле жасап жатканына нааразы.

Дүйшөналы Токтакунов
Дүйшөналы Токтакунов

"Көбүнчөсүндө айдоочулардын жоопкерчилигинин төмөндүгүнөн болуп жатат да. Болушунча шарттар түзүлүп атат, штрафтар, видео көзөмөл деле Бишкек – Ош, Бишкек – Торугарт, Бишкек – Каракол деп бардык жакка коюлду. Көбүнчөсү жол талаш болот да. Карама-каршы жолдун тилкесине чыккандан жол талаш болот да, анан сөзсүз адамдардын өлүмүнө дуушар болуп жатат. Жолдун кээ бир шарттары, элементтери туура келбесе да жол кырсыктары боло берет, ошондуктан чоң трассалардын ортолору тосулганы жакшы да. Тосулган жерлерде карама-каршы тилкеге чыга албайт, кырсык ал жерлерде аз", - дейт Токтакунов.

Адистер Кыргызстанда жолдор кууш, автоунаа көп экенин эскертип, жетиштүү уктап, эс албаган такси айдоочуларды көзөмөлдөө зарыл дешет.

Расмий маалымат боюнча, быйыл тогуз ай аралыгында 898миң 335 жол эрежелерин бузган айдоочу аныкталган.

Алардын ичинен мас абалында машине айдаган 12 миң, ылдамдыкты ашырып айдаганы 135 миң, терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алгандар 6 миң, тийиштүү документтери жок авунаага отургандар 11 миң айдоочу. Мындан тышкары автоээнбаштык жасаган 1 миңден ашуун айдоочу, коопсуздук курун тагынбаган 112 миң айдоочу аныкталган. Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 123 миң 303 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Жолдогу кырсык: Тогуз айда 90дон ашык бала набыт болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:22 0:00
  • 16x9 Image

    Наргиза Асекова

    Наргиза Асекова “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин журналисти. Кыргыз-Орус Славян университетинде журналистика адистигине ээ болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG