Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:43

“Дагы канча адамдын өмүрүн алат?” Бишкектеги жол коопсуздугу


Александра Сластихина уулу Тимур менен.
Александра Сластихина уулу Тимур менен.

Бишкекте жол кырсыгынан каза тапкан өспүрүмдүн энеси бийликке кайрылып, мындай кылмышка себепчи болгон балдардын ата-энесинин да жоопкерчилигин мыйзам алкагында кароого чакырды. 18-октябрдагы каргашада бир өспүрүмдүн өмүрү кыйылды, дагы үч бала жабыркады.

Бир үй-бүлөнүн чырактай уулунун өмүрүн бир заматта алган кырсыкка себепкер деп өспүрүм бала шектелүүдө. Маркумдун апасы бийликке кайрылып, бала болсо да мындай кылмыш жасагандардын ата-энесинин жоопкерчилигин мыйзам алкагында кароого чакырууда.

Александра Сластихинанын уулу Тимур эки аптадан кийин 13 жашка чыкмак. Энесинин айтымында, 7-класста окуган уулу чоң кишидей жоопкерчиликтүү, жумшак мүнөз, жайдары бала эле.

Жок жерден уулун колдон алдырган эне дагы эле аны жоготконуна ишене албай турат.

Тимур музыкага кызыгып, рок-аткаруучу болсом деп кыялданчу экен.

Тимур музыкант болууну кыялданчу.
Тимур музыкант болууну кыялданчу.

18-октябрь күнү телефонун оңдотуп алып, үйгө кайтып келе жаткан өспүрүм шаарда жолдун кесилишинде светофордо турган. Ошол убакта "Тойота Камри" маркасындагы машине "Лексусту" сүзүп, жолдон тротуарга чыгып барып, ал жерде турган төрт өспүрүмдү сүзгөн.

Алардын бири Тимур эле. Окуяга күбө болгондордун арасында биздин кесиптешибиз Камилла Валиева да болгон:

"Окуя ишембиде, саат тогуз жарымдар чамасында болду. Ири авария болуп, мамы кулап, айлана-тегерек түтүн болуп калды. Мен да жүгүп барып, ак "Камрини" көрдүм, жолдун ортосунда "Лексус" туруптур. Андан кийин светофор кулап, эл көп болду. Менин тааныштарым дароо "Тез жардам" чакырып, жабыркагандарга жардам беришти. Мен өйдөрөөк басканда жерде жаткан Тимурду көрдүм, жүзү көрүнгөн жок. Дарыгер тамырын кармап, пульс жок дегендей башын чайкап жатыптыр".

Маркум баланын апасы Александра Сластихина ал караңгы кечти төмөнкүчө эскерип олтурду:

"Кечинде үйдө конок бар эле, ошого торт көтөрө келгем. Келсем, күйөөм чоң авария болду деп терезеден сыртты карап жатыптыр. Анан ал Тимур телефонун албай жатканын айтып кийине баштады. Уулунун геолокациясы кырсык болгон жерди көрсөтүп жатыптыр. Мен ичимден Тимур ал жерде эмес деп жаттым. Кийин мен да жүгүрүп барып, "Тез жардам", милиция арасынан уулумду көрдүм. Жетип эле тамырын кармай калдым, бирок ал жердеги кыз баламдын жанын алып калыш үчүн жарым саат бою алышканын айтты".

Кийин патологоанатам адис Тимур көптөгөн жараат алып, эң олуттуусу 7-омурткасы үзүлүп кеткенин ата-энесине билдирген.

"Телефонун алып, эч жакка чуркабай эле светофорду күтүп турган. Уулум бөөдө жерден эле жок болду. Президентке, Камчыбек Ташиевге (УКМК төрагасы) айтарым, азыркы абалымды сөз менен жеткире албайм... Бул эмне деген акыйкатсыздык? Биздин “Коопсуз шаар” деген жерде жашоо кандай кооптуу? Менин балам жөн эле турган. Эмнеге чыныгы коопсуздук системасын орнотуп, эреже бузгандарга айыппул көбөйтүүгө болбойт? Кырсык кылгандарды өлкөдөн чыгарбай, аларга карата чараларды күчөтүш керек. Жолду кеңейтип жатасыңар, бирок коопсуздукту камсыз кылыш үчүн дагы канча адам өлүшү керек?", - деди Александра Сластихина.

Кырсыктан жабыркаган 18 жаштагы эки жана 19 жаштагы бир бала ушул тапта ооруканада жатат. Алардын экөөнүн абалы оор экенин айтылууда.

Травматология ооруканасынан бөлүм башчысы Талант Сарымсаков:

“Экөөнүн абалы оорураак. Анткени мээсинен доо кеткен. Азыркы абалы туруктуу. Экөөнө операция кылабыз деп жатабыз”, - деп билдирди.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Эки унаа тең айып короого киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалганын милиция билдирди.

“Тойота Камри” унаасынын айдоочусу, 17 жаштагы өспүрүм Биринчи май райондук сотунун чечими менен бир айга камалды. Анын жанында айдоочулук күбөлүгү жок экени аныкталды.

Милициянын маалыматында, быйыл жыл башынан бери айдоочулук күбөлүгү жок машине айдап жүргөн 24 өспүрүм кармалган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын үгүт-насаат боюнча инспектору Гүлназ Орозалиеванын билдиришинче:

“Быйылкы жылдын тогуз айындагы статистикасын карап көрсөк, Кыргызстандын аймагында жалпы балдардын катышуусу менен 1600дөн ашык жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 90дон ашык бала каза болду. Ушул эле кырсыктардан 1900 ашык бала жаракат алды. Мурунку жылга караганда көрсөткүч 30% көбөйгөн. Ата-энелерге айтат элем, балдарды карагыла, алардын айынан көп кырсык болуп жатат”.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына бул ишти жаап-жашырууга эч кандай аракет болбостугун, укук тартибин коргоо органдары мыйзамдын жана адилеттүүлүктүн принциптеринин чегинде гана иш алып барарын, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жоопко тартыларын жазды.

Ал бул окуя ички иштер министринин жеке көзөмөлүндө экенин белгиледи.

Шерине

XS
SM
MD
LG