Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:29

Түркиянын кандаштарды боорго тартуу саясаты, түрк тилдүүлөрдүн түкшүмөлү


Анкара түрк тектүү чет элдиктерге Түркияда иштөөгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүүнү көздөп жатат. 9-октябрда президент Режеп Тайип Эрдоган тиешелүү чечимге кол койгон.

Башында көпчүлүк бул жаңылыкты “Түркиянын кыргыз, өзбек, казак, түркмөн же башка түрк тилдүү өлкөлөрдүн жарандарына берген жеңилдиги, эми мамлекеттик жана жеке уюмдарда иштей берсе болот” деп түшүндү.

Келечекте Түркияга боордош элдерден келген мигранттардын саны кескин өсөт деген пикирлер да айтылды.

Айрымдар болсо бул чечим Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө болбогон өлкөлөрдө жашаган түрк тилдүү элдерге, мисалы, Кытайдагы уйгурларга, Орусиядагы татарларга же Ооганстандагы өзбектерге багытталган деп болжолдошкон.

Бирок кийинчерээк бул документтин мааниси башка экени белгилүү болду. Тагыраагы, Түркия өкмөтү бул чечим менен этникалык жактан түрк тектүү, бирок башка өлкөнүн жараны болгон кандаштарга тиешелүү укуктук тартипти жаңылаган.

Чечимдин маңызы эмнеде?

Бийликтеги Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын (AK Parti) төрага орун басары Куршад Зорлу Anadolu агенттигине курган маегинде бул чечим 1981-жылдан бери колдонулуп келген мыйзамга байланыштуу экенин айтты.

Анын белгилешинче, түрк тектүү чет элдиктердин Түркияда кесип жана искусство ишмердүүлүгүн жүргүзүүсүнө, мамлекеттик же жеке уюмдарда иштөөсүнө байланыштуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү иштери быйылкы жылдын апрелинде башталган.

“Бул өзгөртүү Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жарандарына эмес. Бул - азыр Түркияда жашап жаткан, жарандыгы башка, бирок улуту түрк адамдарга багытталган”, – деди Куршад Зорлу.

Бирок ал бул категорияга кирген адамдардын саны чектелүү экенин да кошумчалаган. Анын маалыматында, учурда Түркияда болжол менен 358 миң түрк тилдүү мамлекеттердин жарандары жашоо уруксаты менен жүрөт. Ошондой эле 89 миңге жакын улуту түрк чет элдиктерге иштөөгө уруксат берилген.

"Түркия мамлекети башка түрк тилдүү өлкөлөр менен, анын ичинде Борбор Азиядагы мамлекеттер менен тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган саясат жүргүзүп келет. Акыркы демилгелеринин бири - башка түрк тилдүү мамлекеттерди бирдиктүү алфавитти ыкчам кабыл алууга чакыруу болду. Ал эми түрк тектүү чет элдиктерге байланыштуу чечимдин кабыл алынышы - дал ушул алфавитке байланыштуу талкуулар жүрүп жаткан маалда болгон ар кандай божомолдорду пайда кылды" - дейт талдоочу Адил Турдукулов.

“Мен түркмүн” деп айтуу жетиштүүбү?

Qırım Media басылмасы жазгандай, чечимге ылайык, түрк тектүү чет элдик адамдар өз өлкөсүндө ар кандай себептерден улам иштей албаса жана азыр Түркияда жашаса, өз кесиби боюнча ишмердүүлүгүн улантууга укуктуу.

Бирок арыз берүүчү адам түрк тектүү экенин Түркиянын расмий органдары берген төмөнкү документтер менен далилдеши керек.

  • Түркия элчилиги же консулдугу берген расмий тастыктоо каты;
  • Ата-бабаларынын түрк тектүү экенин көрсөткөн архив же калкты каттоо маалыматтары;
  • Түрк тилин билүү же маданий байланыштарды тастыктаган кошумча далилдер.

Ошондуктан “мен түркмүн” деп айтуунун өзү жетишсиз жана жаңы чечимди бардык түрк тилдүү калктарга ачылган эшик катары сыпаттоо туура эмес.

“Türk soylu yabancılar” деген эмне?

Жаңы чечимдеги “Türk soylu yabancılar” термини талкуулардын негизги темасына айланды.

Түркиянын Калк жана жарандык башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул термин улуту түрк болгон адамдарга карата колдонулат. Алардын Түркияда иштөө мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат Эл аралык эмгек башкармалыгынын сайтында да берилген.

Түркиядагы жаңы чечим, расмий түшүндүрмөлөргө ылайык, өлкөнүн “тарыхый жана маданий байланыштарды бекемдөө” саясатынын алкагында кабыл алынган.

TRT басылмасы турк тектүүлөрдү колдоо программасы тарыхый тамырларга ээ экенин жазды. 20-октябрда жарыяланган макалага ылайык, 1940-жылдан 1981-жылга чейинки мезгилде Европадан, Кипрден көптөгөн этникалык түрктөр Түркияга көчүп келишкен. Алар тарыхый мекенине келгенде күтүлбөгөн көйгөйгө туш болушкан, өздөрү үйрөнгөн кесиптерде иштөөгө Түркияда өлкө жарандарына гана уруксат берилчү. Бул маселени чечүү үчүн 1981-жылы 2527-номердүү мыйзам кабыл алынган. Ал турк тектүү адамдарга эмгек уруксатын алуу менен Түркия жарандарына гана таандык болгон кесиптерде иштөөгө мүмкүнчүлүк берген. Башында бул мыйзам экономикалык жактан оор абалда калган белгилүү бир топко жардам берүү максатында кабыл алынган. Кийинки он жылдарда программа кыйла кеңейген. 1990-жылдары СССР ыдырагандан кийин, ал постсоветтик республикалардан келген этникалык түрктөрдү кабыл алуу үчүн колдонулган. 2000-жылдары болсо катышуучулардын катмары дагы кеңейип, болгар түрктөрү, месхет түрктөрү да кошулган.

Стамбулдагы кыргыз диаспорасынын маалыматына ылайык, Түркияда азыр болжол менен 25 миң кыргызстандык жашайт. Алардын арасында студенттер 2200гө чамалуу.

“Беш миңдей адам иштөө уруксаты менен жүрөт. Анын ичинен 1 250сү эркек, калганы аялдар. Кыргыздар негизинен эки тармакта иштешет: оорулуу же кары адамдарды карагандар жана адистикке байланыштуу кызматтарда эмгектенгендер. Мындан тышкары, медицинада 300дөй кыргыз иштейт” - дейт диаспоранын жетекчиси Туйгунбай Эргешов.

Эл аралык миграция уюмунун (IOM) баяндамасында Түркияда документсиз иштеп жаткан борборазиялыктар да бар экени айтылат.

Борбор Азияда чет элдеги кандаштарды көчүрүп келип, аларды турак жай, иш менен камсыздаган программа Кыргызстанда "Кайрылман", Казакстанда "Оралман" деп аталат.

Шерине

XS
SM
MD
LG