Тажикстан татарстандык бизнесмендин аялын өлтүрүүгө аракет кылган деп шек саналган Рифат Султановду Казан шаарына экстрадициялады. Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматы орусиялык басылмаларга шилтеме берип жазды.
Маалыматка караганда, окуя 14-октябрда болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, Орусиянын жана Тажикстандын жараны Рифат Султанов 34 жаштагы Ирина Шевыреваны бычак менен бир нече жолу сайып, ошол эле түнү Тажикстанга качып кеткен.
18-октябрда Орусиянын Ички иштер министрлиги Султановдун Тажикстанда кармалганын жана анын экстрадициясы боюнча маселе каралып жатканын билдирген. Кылмышка шектүү 19-октябрда Казанга жеткирилди.
Бул кылмыш иши боюнча Татарстанда дагы алты киши камакка алынган. Алардын арасында аялдын күйөөсү бизнесмен Иван Шевырев, анын атасы, ошондой эле компаниянын коопсуздук кызматынын башчысы жана улуту тажик Орусиянын эки жараны бар.
Тажикстандын расмий органдары бул иш боюнча азырынча комментарий бере элек.
Бул иш боюнча тергөө уланууда. Мигранттарга каршы билдирүүлөрү менен таанымал Орусиянын Тергөө комитетинин жетекчиси Александр Бастрыкин ишти жеке көзөмөлүнө алган. Буга чейин Бастрыкин Орусияда мигранттар жасаган кылмыштардын саны өсүп жатканын айткан. (AiA)
Шерине