19-октябрда Боливияда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында борборчул Христиан-демократиялык партиянын өкүлү, сенатор Родриго Пас жеңишке жетти.
Шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматында, ал добуштардын болжол менен 55 пайызын алып, мурдагы президент, консерватор Хорхе Кирогону утуп чыкты.
Өлкөдө солчул саясатчылардын дээрлик 20 жылга созулган бийлиги аяктады. Буга чейин өлкөнү "Социализмге карай кыймыл" партиясынын өкүлдөрү Эво Моралес жана Луис Арсе жетектеп келген. Ал эми Моралес Конституциядагы мөөнөт боюнча чектөөлөрдөн улам талапкер боло алган жок.
58 жаштагы Родриго Пас шайлоодон кийинки кайрылуусунда өлкөнүн тышкы саясаты өзгөрөрүн айтты. Ал "Боливияны дүйнөгө ачабыз" деп, АКШ менен мамилелерди калыбына келтирүү ниетин билдирди.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио шайлоо алдында эки талапкер тең Вашингтон менен мамилени жакшыртууну каалаганын айткан. Маалыматтарга караганда, Пас АКШ инвестициясын тартуу боюнча 1,5 миллиард долларлык план даярдаган.
Боливиядагы бийликтин алмашуусу Түштүк Америкадагы дагы бир өлкө Колумбия менен АКШнын мамилеси курчуган учурга туура келди. Дүйшөмбү күнү Колумбия Вашингтондогу элчисин чакырып алганын билдирди. Буга АКШ президенти Дональд Трамптын Колумбиянын президенти Густаво Петрону маңзат соодасына көмөктөшүүдө деп айыптаганы себеп болгон. (AiA)
Шерине