Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:29

Израил ХАМАСты айыптап, Газага абадан сокку урду


Газа. 2025-жылдын 19-октябры.
Газа. 2025-жылдын 19-октябры.

Израил Газада атышуу токтоп, туткун айырбаштоо жараянынын негизги бөлүгү аяктаган чакта 19-октябрда сектордун аймагына кайрадан абадан сокку урду. Ошол эле күнү кечинде аткылоосун токтотконун жарыялады.

Израил армиясы (ЦАХАЛ) ХАМАСты (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук топ деп жарыяланган) атышпоо шарттарын одоно бузууга айыптап тараткан маалыматында:

"Өлкөнүн саясий жетекчилигинин буйругунун негизинде жана ХАМАС келишимди бузганына жооп катары жасалган бир нече катуу соккудан кийин Израилдин Коргоо армиясы атышпоо шарттарын аткарууга кайтып киришти", - деп айтылды.

Израил тараптын маалыматына караганда, ХАМАСтын аткылоосунан ЦАХАЛдын эки аскери каза болгон, жооп чаралары ушуга байланыштуу көрүлдү. ХАМАС мындай айыптоону четке кагууда.

Чабуулга Газа секторунун түштүк тилкесиндеги Рафах шаары жана башка аймактар кабылганы маалымдалды.

Газанын Жарандык коргонуу мекемеси кеминде 15 киши каза болгонун билдирди. Ал эми атышпоо режими башталгандан бери жалпысынан 45 өмүр кыйылганын ХАМАС маалымдады. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG