Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:17

Бишкекте адам өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча өспүрүм бир айга камалды


Жол кырсыгына кабылган автоунаа.
Жол кырсыгына кабылган автоунаа.

Бишкекте бир адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу 17 жаштагы өспүрүм Чүйдүн Вознесеновка айылындагы №14 өспүрүмдөр кармалуучу абакка бир айга камалды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарганын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

18-октябрдын кечинде борбор калаанын Жоомарт Бөкөнбаев жана Жусуп Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы болгон. Шаардык милициянын маалыматына караганда, Lexus RX 330 үлгүсүндөгү машиненин 46 жаштагы айдоочусу Абдырахманов көчөсүнөн Бөкөнбаевге бурулуп жаткан. Ошол маалда Toyota Camry автоунаасы жогору жактан келип, Lexus менен сүзүшкөн.

17 жаштагы айдоочулук күбөлүгү жок бала башкарган Toyota Camry кийин тротуарга чыгып, төрт жөө жүргүнчүнү коюп кеткен. Алардын бири – 13 жаштагы А.Т. кырсык болгон жерде үзүлгөн.

Бул факты Бишкек шаардык милициясынын каттоосуна алынып, Кылмыш-жаза кодексинин “Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда ушул жылдын алгачкы сегиз айында 5 393 жол кырсыгы катталып, андан 540 адам каза болуп, дагы 7 964 киши жаракат алган. Бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22,3% көп. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG