Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Депутаттар Өмүрзаков менен Эрбаев ИИМдин ишине байланыштуу кайым айтышты


Сүйүн Өмүрзаков менен Алишер Эрбаев.
Сүйүн Өмүрзаков менен Алишер Эрбаев.

Жогорку Кеңеште Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүн Өмүрзаков менен анын орун басары Алишер Эрбаев кайым айтышты. Комитеттин 23-сентябрдагы жыйынында жол кырсыктарын алдын алуу үчүн автоунааларга өтө жарык кылуучу лампаларды (LED лампа) коюуга тыюу салууну сунуштаган мыйзам долбоору талкуулады. Эрбаев Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ишин сынга алып, унааларды токтотуп лампаларын текшерүү, техникалык кароо, текшерүүнү жакшы жүргүзбөй жатканын айтты. Кызматында белгиленген укуктарын толук колдонбой жатканын белгиледи.

Өмүрзаков министрликти сындабай, "ГАИлерге асылбай" мыйзам долбоорун талкуулоону сунуштады жана төрага катары анын сунуш бергенге укугу бар экенин билдирди.

"Бул жерде комментарий бергенге укугуңуз жок. Сизди төрага кылып биз шайлаганбыз. Бул жерде комментарий бергенге укугуңуз жок. Менин депутат катары өзүмдүн оюм бар", - деди Эрбаев.

"Сизди дагы мен шайлагам, сиз сурангансыз, келип мыйзам бузбай, жакшы сүйлөп отуруп берем жаныңызга дегенсиз. Сиз министрликке асылбай, мыйзам долбоорун айтыңыз. Жаман иштейби, жакшы иштейби ага баа берилет, Министрлер кабинети бар, депутаттар айтып берет. Факты боюнча айтыңыз", - деди Өмүрзаков.

Депутат Бактыяр Калпаев автоунааларга өтө жарык кылуучу лампаларды коюуга тыюу салууну сунуштап жатат. Анын айтымында, жарым жылда Кыргызстанда 3729 жол кырсыгы катталып, 346 адам каза болду. Алардын 42си балдар. Жалпысынан 5400дөн ашуун адам жаракат алган. Эл өкүлү ушундай эле тыюуну кошуна Өзбекстан, Казакстан мыйзам менен киргизгенин айтты.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ушундай эле мыйзам 194-берененин 1-бөлүгүндө каралганын кошумчалады. Комитет бул мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирип, биринчи окууда четке кагылды. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG