Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Казакстан локомотив, Өзбекстан "Боинг" алат. Эки өлкө АКШ менен 12 млрд долларлык келишим түздү


 Нью-Йорк. 22-сентябрь, 2025-жыл
Нью-Йорк. 22-сентябрь, 2025-жыл

Казакстан АКШдан 4,2 миллиард долларлык локомотивдерди, Өзбекстан 8 миллиард долларга Boeing учактарын сатып алуу келишимине кол койду. АКШ лидери Дональд Трамп келишимдерди Борбор Азия менен экономикалык кызматташтыкты күчөтүү жана Кытайдын таасирине каршы туруу аракетинин бир бөлүгү катары атады.

АКШ президенти Дональд Трамп Борбор Азия чөлкөмү менен экономикалык байланышты чыңдоого багытталган Ак үйдүн аракетинин алкагында Өзбекстан жана Казакстан менен 12 миллиард доллардан ашуун соода келишимдерин түздү.

Мунун алкагында Өзбекстан АКШнын Виржиния штатында жайгашкан Boeing компаниясынан 22 учак сатып алууну макулдашты. Компаниянын маалыматына ылайык, мамлекеттик “Өзбекстан аба жолдору” адегенде 14 учакты түз сатып алып, дагы сегизин алуу укугуна ээ болот. 22 учактын жалпы баасы сегиз миллиард доллардан ашарын Трамп 22-сентябрда Truth Social баракчасына жазды.

АКШ президенти Дональд Трамп.
АКШ президенти Дональд Трамп.

"Буга чейин Өзбекстандын урматтуу президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөр болгон. Бүгүн президент Мирзиёевди Boeing компаниясы менен кол коюлган келишим менен куттуктагым келет. Баасы 8 миллиард доллардан ашкан бул келишимге ылайык, «Өзбекстан аба жолдору» 22 даана 787 Dreamliner учагын сатып алууда. Бул АКШда 35 миңден ашуун жумуш орундарын түзөт. Президент Мирзиёев сөзүнө бекем адам. Биз дагы көп тармактарда кызматташууну уланта беребиз".

“Өзбекстан аба жолдорунун” учагы.
“Өзбекстан аба жолдорунун” учагы.

Ал эми чөлкөмдөгү дагы бир өлкө Казакстан АКШнын Пенсильвания штатында жайгашкан Wabtec Corporation компаниясынан 300 локомотив жана башка темир жол жабдууларын сатып алууга 4,2 миллиард долларлык келишим түздү. АКШнын Соода министрлиги муну “АКШ тарыхындагы эң ири темир жол келишими” деп атады.

«Бул тарыхый келишим АКШдагы өндүрүштү өнүктүрүп, Америка менен Борбор Азиядагы өсүштү, мүмкүнчүлүктөрдү жана байланыштарды ылдамдатат», — деди Соода министри Ховард Лутник Нью-Йоркто Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен бирге келишимге кол коюп жаткан учурда.

Шейшембиде АКШ президенти Дональд Трамп Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясына катышуу үчүн Нью-Йоркко барган Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев да Нью-Йоркто учак сатып алуу келишимине кол коюуга катышты.

Трамп жогорку технология, анын ичинде курал-жарак өндүрүшүндө зарыл болгон сейрек кездешүүчү элементтерди камсыздоого көңүл буруп, мындай ресурстарга ээ Борбор Азия менен соода жана инвестициялык байланыштарды чыңдоого аракет кылууда. Бул тармакта азыркы учурда Кытай үстөмдүк кылып келет.

АКШдагы сапарынын алкагында Касым-Жомарт Токаев Американын Соода палатасы уюштурган бизнес жаатындагы бир нече жолугушууга катышат. Быйыл сентябрдын башында АКШнын Соода палатасы 25 америкалык компаниянын жетекчилерин Казакстанга алып барып, бул өлкөгө болгон эң ири бизнес делегациясынын сапарын уюштурган.

Кийинки айда АКШнын Соода палатасы Өзбекстанга да биринчи жолу бизнес делегация менен сапарга барганы жатат. Борбор Азиядагы калкы эң көп өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев менен АКШ лидери Трамп бул айдын башында инвестиция маселесин талкуулаган. Трамп августтун соңунда Глобалдык өнөктөштүк боюнча атайын өкүл Паоло Замполлини Ташкентке жиберип, Мирзиёев менен жолугушууну тапшырган.

«Өзбекстан АКШ үчүн баалуу өнөктөш экени белгилүү. Трамптын администрациясы саясий, экономикалык жана коопсуздук маселелеринде жогорку деңгээлде кызматташууну артыкчылык катары кароодо», — деп жазды 2023–2025-жылдары Улуттук коопсуздук кеңешинде Борбор Азия боюнча директор болуп иштеген Брианна Тодд.

Казакстан жана Өзбекстан мунай, газ, уран жана сейрек кездешүүчү элементтерге бай. АКШнын ири мунай компаниялары ExxonMobil жана Chevron Казакстандын мунай-газ секторуна олуттуу инвестиция салганы менен, АКШ буга чейин Борбор Азия чөлкөмү менен иштешүүгө анчейин кызыккан эмес.

Азыр эми АКШда уранга жана сейрек кездешүүчү элементтерге болгон суроо-талап өсүп жаткан шартта жана Ак үй Борбор Азия менен экономикалык байланышты чыңдоого аракет кылып жаткандыктан, бул өлкөлөр үчүн жаңы келишимдерге жол ачылышы мүмкүн.

Трамптын аймакка кызыгуусу Кытай Борбор Азиянын тоо-кен тармагына инвестициясын күчөтүп жаткан учурга туш келди. Адистердин айтымында, Борбор Азия өлкөлөрү Кытай менен Орусиянын таасирин тең салмакташ үчүн АКШдан да колдоо күтүп жатат.

Трамп администрациясы АКШ бизнес келишимдерин колдоо үчүн Экспорт-Импорт банкы (АКШ өкмөтүнүн тышкы соода насыя берүүчү мекемеси) жана Өнүктүрүү жана каржылоо корпорациясын (DFC – АКШнын чет өлкөлөрдөгү инвестициялык агенттиги) пайдаланууда.

Экспорт-Импорт банкы Wabtec компаниясынын Казакстандагы темир жол келишимине 400 миллион долларлык насыя берген.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясына катышканы барган учурда казак президенти Касым-Жомарт Токаев 22-сентябрда украин президенти Владимир Зеленский менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Тараптар орус-украин согушун токтотуу жолдорун жана келечекте Украинаны кайра куруу иштерине казак компанияларын тартуу мүмкүндүгүн талкуулашты.

Казакстан менен Украинанын президенттери Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясы маалында жолугушту. 22-сентябрь, 2025-жыл.
Казакстан менен Украинанын президенттери Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясы маалында жолугушту. 22-сентябрь, 2025-жыл.

Эки лидердин беш жылдан берки алгачкы жолугушуусу толугу менен англис тилинде өткөнүн казакстандык делегация билдирди. Токаев украин тарап менен дипломатиялык алакаларды улантуу зарыл экенин белгиледи. Анын алдында АКШ президенти Дональд Трамп телефондон казак президенти менен сүйлөшүп, Казакстан АКШдан 4 миллиард 200 миллион долларлык темир жол машиналарын сатып алуу тууралуу келишимге кол койгонун жогору баалап, ыраазычылык билдирди.

Украинадагы согушка карата бейтараптуулук позициясын карманып келген Казакстан тышкы мамилелерде баланс сактоого умтуларына басым жасап келет.

Которгон: Айгерим Акылбекова

Шерине

XS
SM
MD
LG