Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:54

ШКУ саммити: Бишкек Кытай-Орусия тандемине оойбу?


Президент Садыр Жапаров Тяньцзинь шаарындагы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышууда. Ал жыйынга катышуу үчүн Кытайга 31-августта сапар алган. Дүйнөдөгү геосаясий мааниси бар жыйын катары сыпатталып жаткан жолугушуунун Кыргызстанга кандай мааниси бар?

Кытайдын Тяньцзин шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун жыйыны Кыргызстандын эгемендик күнүнө туш келди. Буга байланыштуу Жалал-Абад шаарында 30-августтагы майрамдык аземге катышкан кыргыз президенти Садыр Жапаров бул күнү Кытайга сапар алды. Ал алгач Кытайдын төрагасы Си Цзинпинге жолугуп, эки өлкө ортосундагы мамилени өнүктүрүүнү талкуулады.

Анын жыйынтыгында ондон ашык документке кол коюлду. Алардын арасында "Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жол долбоорундагы Кыргызстандын үлүшүн каржылоо үчүн жеңилдетилген насыя берүү жөнүндө ниет кат, "Бедел" өткөрмө бекетин жабдуу боюнча макулдашуу, кайтарымсыз жардам алуу тууралуу келишимдер бар.

Кытай соңку жылдары Кыргызстандын эң ири экономикалык өнөктөшүнө айланып, бир нече ири долбоорлорду ишке ашырууга катышууда. Бул жолу да Си Цзинпин кытай компанияларын "Тамчы" аймагын жана "Ала-Тоо Резорт" комплексин курууга чакырарын убада кылган.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров Кыргызстан коопсуздукка жана коркунучтарга каршы жамааттык аракеттерди күчөтүүнү улантарын айткан.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

“Бул чечимдер мамлекеттердин “Шанхай рухун” жетекчиликке алып, эң сезимтал маселелер боюнча да өз ара макул болгон чечимдерди таба аларын айкын көрсөттү, муну менен региондогу туруктуулукту, коңшулук мамилени жана узак мөөнөттүү өнүгүүнү чыңдоого өбөлгө түзүлүүдө”, - деген ал.

Муну менен катар дүйнө жүзүндө өлкөлөр климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине дуушар болуп жатканын, “жашыл” долбоорлорду кеңейтүүнү демилгелеген.

Дипломатиялык мүмкүнчүлүк же сыноо?

Президент Кыргызстан ШКУга төртүнчү төрагалыгын баштай турганын, муну ынак коңшулукту жана достукту бекемдөөгө өбөлгө катары карай турганын белгилеген.

Дипломат, Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов ШКУнун 25-саммитин эл аралык, аймактагы саясатка таасир этүүчү чоң белги катары сыпаттады.

“Сүрөттөрдөн деле көрүп жатсаңыз керек. Орусиянын, Кытайдын жана Индиянын лидерлери чогулуп сүрөткө түштү. Бул чоң белги. Дүйнөлүк саясат, айрыкча Евразия чөлкөмүндө саясат жакшы нукка буруларынын белгиси. Борбор Азияда карама-каршылык болбой, бири-бирин колдогон, толуктаган саясат болот деп ишенем. Мурда кээ бир саясат таануучулар, глобалдык оюнчулар, "Орусия менен Кытайдын ортосунда тиреш бар" деген божомолду айтышкан. Менин оюмча андай тиреш түзүлгөн эмес. Биздин мамлекет Эгемендик алгандан кийин Орусия дагы, Кытай дагы өзүнчө багытта кызматташкан. Ал багыттар бири-бирине карама-каршы келген эмес. Кабыл алынган декларацияда, сүйлөшүүлөрдө карама-каршылык эмес, бири-бирин колдогон жалпы маданият, жалпы тарых, жалпы өнүгүү деген сөздөр айтылып жатат. Ошол себептүү бизде, Борбор Азияда жакшы абал түзүлөт. Эң негизгиси өнүгүү маселеси коюлуп жатпайбы. Кыргызстанга төрагалык өтүп жатат. Ошонун арты менен улуттун жалпы чөлкөмдүн кызыкчылыгы үчүн жакшы демилгелерди көтөрөт, ишке ашырат деген үмүт бар”.

Кытайдын түндүгүндөгү Тяньцзин шаарында өтүп жаткан саммитке 20дан ашуун лидер келген. Бул өлкөлөрдүн ичинде Батыш менен жана ич ара мамилеси чыңалгандар да бар. Ошол себептүү Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин бул жыйыны дүйнөлүк тартипти кайра түзүүгө багытталышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев мындай кырдаалда Кыргызстан өңдүү чакан мамлекеттер көп вектордуу багытынан тайбаганы оң деп эсептейт.

“Акыркы кезде чыңалган геосаясий кырдаалда жараша маанилүү жыйында геосаясий маселелер чечилиши мүмкүн, позициялар аныкталышы мүмкүн деген сөздөр бекеринен айтылбаса керек. ШКУнун катарына быйыл Кытай менен Орусиядан башка Индия, Иран, Пакистан кирип жатат. Булардын баары геосаясий курч кырдаалдын мизинде турган, салмактуу мамлекеттер. Кыргызстан үчүн, чөлкөмдөгү башка мамлекеттер үчүн бул жыйын бир жагынан дипломатиялык мүмкүнчүлүк болсо, экинчи жагынан дипломатиялык сыноо. Бул эми Украинадагы согуш башталгандан берки кырдаалга, Америкадагы саясаттын кескин өзгөрүп жатышына байланыштуу маселе. Бул биздин тышкы саясатты калчаган, аны алып барып жаткан жетекчилердин күн тартибинде бир канча убакытта бүтө турган маселе. Бул сыноого мурдатан эле дайын жообубуз бар – бул көп вектордуу саясат. Биз атаандашып жаткан мамлекеттердин бир тарабына ыктап, таламын талашпайбыз. Ар бир мамлекет менен өз ара кызматташтыгыбыз бар. Көп вектордуу саясатты ишке ашырууда Борбор Азия өлкөлөрүнүн ич ара кызматташканы да маанилүү. Муну азыр лидерлерибиз жакшы түшүнөт. Өзбекстан АКШ менен, биз Кытай менен жакшы мамиледе болуп, ар тараптуу алакаларды жүргүзүүгө өбөлгө боло алабыз”.

Жороев муну менен катар, бул жыйында Кыргызстандын Батыш менен Чыгышты байланыштырган темир жол курулушундай чоң долбоорлорду алга жылдырууга жетише алганы маанилүү деп эсептейт.

"Биз Кытайдан кете албайбыз, Кытай бизден кете албайт"

Садыр Жапаров саммитте экономикалык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга да токтолгон. Уюмдун натыйжалуу каржы механизмин түзүү маселесин тездетүүнү, анын ичинде аймактык экономикалык интеграцияга көмөктөшүү менен ШКУнун Өнүктүрүү банкын, Өнүктүрүү фондун жана Инвестициялык фондун түзүүнү сунуштаган.

“Кыргыз төрагалыгы ошондой эле эл аралык автомобил жана темир жол ташуулары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү сунуштайт, бул жаңы транспорттук каттамдарды түзүүнү жана ШКУга мүчө мамлекеттердин транзиттик-транспорттук потенциалын натыйжалуу пайдаланууну да карайт”, - деп белгилеген ал.

Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы долбоорлордун ириси – Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу. Былтыр декабрда анын курулушуна расмий старт берилген. Эксперттердин айтымында, темир жол Кыргызстандын казынасына кыйла киреше алып келиши мүмкүн. Жол бүтсө, бир жагынан транзит үчүн жылына 200-300 млн доллар алым алынса, экинчи жагынан кыргыз товарларынын Европа рыногуна түз чыгышына чоң жол ачылат деген пикирлер айтылган.

Экономист Искендер Шаршеев Кытайдын кыргыз экономикасына таасири чоң экенин белгиледи. Мындан улам ал дүйнөдөгү кыйчалыш кырдаалды мүмкүнчүлүк катары кароону сунуштады.

“Биз дайыма жерден туюк мамлекет экенибизди түшүнгөнүбүз оң. Андай болгон соң Кытай аркылуу деңизге жол алышыбыз керек. Экинчи чети Жаңы Жибек Жолу бүт дүйнөгө чыгат. Кызыл деңизди жапкандан кийин соода компаниялары айланып өтүп, кээ бирөөлөрү кайра кургак жолго өтүштү. Жер аркылуу товар ташуу 85% өскөн. Бул темир жолдун актуалдуулугу өсүп жатканын билдирет. Ошондуктан биз Кытайга керекпиз, Кытай бизге керек. Нейтралитетти кармайбыз деген татаал. Анткени, чек ара жакын. Кытай менен боорубуз жармашып турат”.

Кытай келечекти ойлоп иш кылабы?

Соңку жылдары Бээжин Кыргызстандын билим берүү жана илим тармагына да көбүрөөк назар бура баштаган. Кытай тилин жана маданиятын жайылтуу иши активдүү жүрүп келет. Бул өлкөдөгү жогорку окуу жайларда билим алган кыргызстандыктардын саны кыйла көбөйгөн.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев коңшу мамлекеттин тилин билген жаштардын көбөйгөнүн кубаттайт. Ошол эле маалда Кыргызстан чоң державалар менен иштешкенде өзүнүн ички саясатын, эне тилин дагы чыңдашы керектигин белгиледи:

“Биз 7 миллиондун тегерегиндеги элбиз. Биз эмес, бизден чоң мамлекеттер жылма экспансиядан чочулашат. Кытайлар негизи деңиз жээгине, шарты жакшы өлкөлөргө барып жашагысы келет. Бирок жогору жактан "кайсы бир мамлекетке барып жашагыла" деген деле тапшырмалар болушу мүмкүн да. Бээжинде Коомдук илимдер академиясы бар. Ошол жерде Борбор Азияны үйрөнүү институту бар. Шинжаңда, Үрүмчүдө да бар андай окуу жай. Алар биздин чөлкөмдү абдан жакшы изилдеп атышат. Кытайдын мурдагы борбору Сиянда Борбор Азияны изилдеген кишинин эстелиги турат. Ал илгери эле көчмөндөр менен кантип мамиле куруу керектигин ийне-жибине чейин жазган. Биздин мамлекет алаканын оош-кыйыштарын алдын ала анализдеп, эгер мындай болсо, кандай кылабыз дегенди ойлонушу керек. Кытай менен мамилебиз азыр абдан жакшы. Ошол мамилени улантып, ага катар коркпой-үркпөй эле ички саясатты да чыңдай берели. Биздин жаштар да алардын тилин билсин, өз эне тилинде да жакшы сүйлөсүн. Кыргыз тилин жоготуп алса, чоң өлкөлөргө сиңип кетүү оңой да. Ушул жагынан саясат болушу керек. Мамлекеттик тил деп мыйзам кабыл алуу жетишсиз. Негизи Кытайдан көп нерсе, айрыкча тарыхты, адабиятты сыйлаганды үйрөнсөк ашыкча болбойт”.

Кыргыз өкмөтү экономиканы алдыга жылдыруу багытында, өзгөчө өндүрүш тармагын өнүктүрүүдө Кытайды “шыктандыруучу кошуна” катары көрөрүн жашырбайт.

Быйыл июнь айында “Жайкы Давос-2025” форумуна катышкан өкмөт башчы Адылбек Касымалиев “Бир алкак-бир жол” демилгесинин алкагындагы Кыргызстандын ролун беш багыт менен негиздеген. Ал транспорттук өз ара байланыш, соода-экономикалык кызматташтык, финансылык кызматташтык, санариптештирүү жана инновациялар, ошондой эле энергетика тармагындагы кызматташтыктан турат.

Кыргызстандын тышкы соодасында Кытай эң башкы өнөктөш. Бээжиндин эсебинде 2024-жылы Кытай–Кыргызстан соодасынын көлөмү 22,7 млрд доллар болгон. Кыргыз статистикасы бул санды 5,6 млрд доллар деп көрсөтөт. Анын 98% Кытайдан келген импорт болуп эсептелет.

Шерине

XS
SM
MD
LG