"Босогону аттап чыкканда эле үй-бүлөм бузуларын сездим..."
“Пол жууп, даараткана тазалап иштегеним өзүмө аябай оор тийди. Орустардын жийиркенич менен сүйлөгөнүн, кыжырлана караганын көрүп, өзүмдү көп жеп жүрдүм. Бирок артка кайтсам, балдарым ач калмак. Ошондуктан чыдадым”.
Айзат (аты-өзгөртүлдү, жашы 33тө) Москвада өткөргөн сегиз жылын ушинтип эстеп отурду. Ал жарым жылдан бери Бишкекте. Миграцияда жүрүп, тапкан акчасына чакан үй сатып алып, азыр балдарынын кашында жашайт. Бирок артка кылчайса балдарынан оолак болгон, алыстагы күндөрү дагы деле көз алдына тартыла түшөт.
“Акчадан кыйналдым. Акыры Москвага иштегени кетейин деп ойлодум. Босогону аттап чыгып баратканда эле үй-бүлөм бузуларын сездим, бирок кайтпадым. Күйөөм да, кайын журтум да мени жаманатты кылды.
Жолдошум эптүү болгондо, балдарым жанымда, өз үйүмдө отурмакмын деп көп ыйладым.
Жашоо ошондой болду. Ажыраштык. Кичүү балам болгону бир жаш сегиз ай эле. Балдарымдын мектепке биринчи барганын да көрбөй калдым. Азыр балдарым жанымда, чоң бакыт ошол экен.”
Эмгек, социалдык өнүгүү жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча 2024-жылдын этегинде чет өлкөдө иштеген жарым миллиондон ашуун кыргызстандыктын 55% аялдар түзгөн. Айзаттын баяны статистиканын артында жашырылган миңдеген аялдын биринин гана үнү. Алар акча табуу үчүн үй-жайын таштап чыгып, арзыбаган айлыкка өмүрүн тобокелге салып, жакындары үчүн жан үрөп иштейт.
“Апа, Москвага кетпе!”
Көпчүлүк аялдар миграцияга өз ыктыяры менен эмес аргасыздан чыгат. Айрымдары күйөөлөрүнүн артынан жөнөйт. Алардын бири Жайнагүл (аты өзгөртүлгөн, 35 жашта).
“2017-жылы күйөөм Москвага иштегени кеткен. Кийин мен да анын артынан бардым. Бул жакта үй салабыз деп, айла жок кеттик. Балдарымды апама таштап кеттим. Башында аябай кыйналдым. Аябай ыйлачумун, депрессияда жүрдүм. Көрүнгөн жерде иштедим. Бир күн да дем албай иштечүмүн. Эгер негизги жумушта эс алсам, ошол күнү башка жалданма жумушка барчумун. Ошто үйдү узак мөөнөттүк төлөм менен алган элек, бирок кийин ал компания банкрот болуп калды. Ошондо үмүтүм кыйрады,” - дейт ал.
Жайнагүл миграциянын оор жагын “жашоо үчүн жападан жалгыз күрөш” деп сүрөттөйт.
“Аял үчүн миграцияда жүрүү абдан оор экен. Кээде ыйлап, ичиме батпай кеткенде өзүмдү кармай албай калчумун. Жалпы беш жылдай жүрдүм. Эки жыл жүрүп келип кеттим, анан кайра үч жылдай иштедим. Кийинки жолу барганда ашпозчу болуп иштедим. Бирок ар бир күнү санаа, коркуу менен өттү. Орусияда жүргөндө бир да жолу эркин басып жүргөнүм эсимде жок. Үйгө коркуп барып, коркуп кайра келчүмүн”, - дейт.
Азыр ал Кыргызстанда, жарым жыл мурун кайтып келген. Аял ал үчүн эң оор сыноо балдарынан алыстай түшкөнү. Жайнагүлдүн улуу кыздары эс тартып калса, кичүү кызы азыр аны эч жакка чыгаргысы келбейт.
“Улуулары мени түшүнбөйт, мен аларды түшүнбөйм. Энеси жанында өскөн бала башкача болот экен, эркин өсөт экен. Улуу кыздарым өспүрүм болуп, чоңоюп калгандыктан тил табышуу оор. Кичүү кызым азыр үчкө чыкты.
"Апа, Москвага кетпе!” деп ыйлайт.
Бишкекке билет алып, самолётко отурган күнү ушунчалык терең дем алгам. Эми кайра кетким келбейт. Балдарымдын жанына келгениме шүгүр”.
Балдарынын жанында жүргөнүнө сүйүнгөнү менен Жайнагүл азырынча мекенинде иш таба элек экен.
“Бул жакта да иш табыш оңой эмес. Ушунча жыл тытынып иштегенденби эми эч нерсеге кызыгуум жок. Миграцияда жүрүп, түйшүктөн кадимкидей чарчаптырмын.”
"Миграция эркиндик эмес муктаждык"
Жаңы жарыялаган изилдөөдө “кыргыз жана тажик аялдары миграция агымына мурдагыга караганда көп аралашып, экономикалык муктаждык жана гендердик ролдордун өзгөрүшү аялдардын чет жакта иштөөгө даярдыгын күчөткөнү” белгиленет.
Изилдөөдө кыргызстандык аялдардын басымдуу бөлүгү миграцияны үй-бүлөсүн багуу, балдардын окуусун жана насыяны төлөө үчүн тандашат. Ал эми Тажикстанда аялдардын 74% миграцияга үй-бүлөсүнүн уруксаты менен гана чыга алат. Маалыматка караганда, кыргызстандык мигрант аялдардын 65% орто же жогорку билими бар, бирок көбү Орусияда же Түркияда тейлөө тармагында иштегенге мажбур.
Миграция уюмунун маалыматына ылайык, мигрант аялдардын 18% жумуш ордунда зомбулукка же психологиялык басымга кабылган, 8% паспортун иш берүүчү алып койгон, 6% айлыгын толук алган эмес. 2024-жылы Кыргызстанга чет өлкөдөн акча которуулар 3,8 млрд доллар болсо дээрлик анын тең бөлүгүн мигрант аялдар жиберген. Бул жалпы ИДПнын 17%.
Ошол эле кезде чет жакка чыккан кыз-келиндер мекенинде жакындарынын же коомдун сынына кабылган учурлар аз эмес.
“Эркек иштеп келсе аны баатыр кылып, аял сырттан келсе коом аны күмөн саноо менен карайт. Мындай мамиле аялды кайра эле аярлуу кылат” - деп айтылат жогорудагы изилдөөдө.
Мигрант аялдарга болгон мындай мамилеге Жайнагүл да кабылган. Ал четте жүргөн аялдардын психолиялык абалын сүрөттөйт.
Москвага же Түркияга аял киши келгенде "бузулуп кетти, тентип кетти" дешет.
"Аялдардын көбү бул жакка өз үй-бүлөсүн багайын, балдарын ачка калтырбайын деп келет. Мигрант аялдар үчүн балдарын сагынып, куса болуп жашоо эң оор сыноо. Түн кирбесе экен деп ойлочумун. Күндүз иш менен алаксып, сагынычты унутуп калчудай болосуң. Үйгө келип, жаздыгыңды кучактаганда көзүңдөн жаш токтобойт. Бир нерсе жесең да өтпөйт. Ушуну балдарым жесе, ичсе деп ойлоно бересиң".
Миграциядан мекенге кайтуу
Махабат 43 жашта. Ал төрт жыл Москвада иштеп, жакында эле Кыргызстанга кайтып келген. Азыр ал чакан ашканасында кардарларга тамак даярдап, ысык чайын сунат. Бирок мунун артында мекенден оолак жүргөн оор жылдар, сагыныч жана көп эмгек жатат.
“2019-жылы үч жашар кызымды ээрчитип Москвага кеткем. Ошол кезде эл жапырт кетип жаткан. Башында абдан корктум. Бирок жашоо аргасыз кылат экен. Үйдө акча жетишпей, карыз көбөйүп, чыгашабыздан кирешебиз аз болуп калган. Москвага барганда эмне иш болсо да жасадым. Башында идиш жууп, картошка арчып, ашпозчунун жардамчысы болдум. Кийин ашпозчу болуп кеттим. Күн-түн иштедим. Кээде чарчагандан ыйлагың келет”, - дейт ал.
Чет жактагы жашоо Махабатты кадимкидей чыйралткан. Ал мигрант аял үчүн ар бир күн күрөшкө айланганын айтып отурду.
“Миграцияда аял болгонуң эле күрөш экен. Бирок ошол эле учурда сени күчтүү кылат. Мурун күйөөм "сыртка чыкпа, иштебейсиң" дечү. Мен да унчукпай жүрдүм. Бирок акыры чарчадым. Андай жашоо менен узакка баруу мүмкүн эмес экен. Эки жолго түшүүгө туура келди.”
Төрт жылдан кийин мекенине кайтып келгенде Махабат мурункудай эмес болчу. Ал өзүнө ишенген, үнүн бийик чыгарган аялга айланган. Акыркы жылдары ашкана ачып, чакан ишкерлик баштаган.
“Кээде иш жүрөт, кээде жүрбөйт. Бирок өз үйүмдө, ата-энемдин жанына келип жашап жатканыма шүгүр. Эң оор нерсе миграцияда жакындарың алыста болгону экен. Биз азыр салык төлөп, иш ачып жатабыз. Бирок "бул аял балдарын жалгыз багып жатат" деп эч кандай жеңилдик берилбейт. Мамлекет аялдарга иш мүмкүнчүлүгүн түзүп берсе, көптөр кайра кетпейт эле,” - дейт Махабат.
Азыр анын эң чоң максаты башка аялдарга да жумуш ордун түзүп берүү.
Эл аралык миграция уюмунун (IOM) маалыматына караганда кыргызстандык аялдардын 55% үй-бүлөлүк себеп менен мекенине кайтып келет. Келген аялдардын 31% “үй кожойкеси”, 24% жумушсуз, 15% чакан соода же тейлөө тармагында алектенет. Тажикстанда кайтып келген аялдардын 63% ишсиз калса, 45% кайра миграцияга кетүүгө даяр.
“Аял миграциядан кайтып келгенде аны ишке орноштуруу эмес, үйгө отургузуп коюу аракети болот. Бул мамиле өзгөрмөйүн миграция чынжыры токтобойт. Биз миграцияны көйгөй эмес, социалдык өзгөрүү катары карашыбыз керек. Кыргыз аялдары чет жакта чечим чыгаруу укугуна ээ болуп, акча таап, үй-бүлөсүн бага алат. Бирок кайтып келгенде анын бул ролдору жокко чыгарылат. Башкача айтканда, бул экономикалык активдүү, социалдык жактан пассивдүү аялдардын феномени”, - деди эл аралык уюмдун өкүлү Мария Резникова.
Изилдөөдө аялдар миграция учурунда финансылык жактан көз карансыз болсо, мекенине кайткандан кийин андан кур калары белгиленет. Кыргыз аялдарынын 73%, тажик аялдарынын 53% жумушка орноштуруу же укуктук колдоо кызматтарын билбей турганын айтышкан. Кыргызстанда негизги маалымат булагы социалдык медиа жана интернет болсо, Тажикстанда аялдар аны махалла же жамаат лидерлеринен алышат.
Кыргызстанда азыр мигранттар үчүн атайын реинтеграция программасы жок.
IOM эксперттеринин айтымында, миграциядан кайткан аялдар үчүн “биринчи 90 күндүк план” болушу зарыл. Ал убакытта аялга жумуш издеп, кайра окуу, психологиялык жардам жана финансылык кеңеш алууга мүмкүнчүлүк берилиши керек.
Психолог Нуриза Асанова аял мигранттар үйлөрүнө травма менен кайтып келерин айтат.
“Алар чет жакта күчтүү, активдүү, чечим чыгара билген аялга айланат. Бирок кайтып келгенде кайра "аял, эне, жубай" деген социалдык ролго кирүүгө мажбур болот. Бул ички конфликт. Көпчүлүгү депрессияга кабылат, өзүн баалабай же жөн гана эмгек куралы катары карай баштайт. Бизде зомбулуктан жабыркаган аялдар үчүн кризистик борборлор бар, бирок миграциядан келген аялдар үчүн жок. Алар да травма менен кайтып келет. Алыста узак жүрүп, балдарынан оолак, жалгыздыкты баштан кечиришет. Мамлекет бул психологиялык муктаждыкты аңдабайт”.
“Аялдар жана өнүгүү” фондунун жетекчиси Айгүл Абдулдаева аял миграциясын улуттук стратегиянын бөлүгү катары кабыл алуу зарылдыгын айтат:
“Мамлекет аял миграциясын көйгөй катары көрөт. Бул туура эмес. Бул — мүмкүнчүлүк. Миграция аялды өзгөртөт: ал билим алат, тил үйрөнөт, дүйнөнү көрөт. Бирок биз ошол өзгөрүүнү колдошубуз керек. Германияда, Польшада же Чехияда мигрант аялдар үчүн адаптация программалары бар. Бизде андай жок. Миграцияга даярдоо курстары болбосо аял эксплуатацияга кабылат. Кайтып келсе, иш таба албайт. Акыры кайра четке кетет.”
Буга чейин Орусияда кыргызстандык ондогон жигит интернетте кайрылуу жасап, Москвадагы “жүрүм-туруму бузулган кыргызстандык кыздарды” жазаларын эскертишкен. Орусиядагы кыргызстандык "жарма патриоттор" кыргыз кыз-келиндерди "жаман жолдо жүрөт" деген шылтоо менен уруп-сабап, кордоп, видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялаган окуялар буга чейин маал-маалы менен кайталанып келген.
Мындай мыйзамсыз көрүнүштү көпчүлүк социалдык тармактарда “мыкаачы”, “жапайы” жана “кылмыш иш” деп сындаса, ошол эле маалда аларды “кыргыз элинин патриоттору” деп мактагандар да чыккан.
Шерине