Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:07

Сахаров атындагы сыйлык Грузияда жана Беларуста абакта отурган журналисттерге ыйгарылды


Мзия Амаглобели жана Анджей Почобут
Мзия Амаглобели жана Анджей Почобут

Европарламент Сахаров атындагы сыйлыкты Грузияда жана Беларуста камакта отурган журналисттер Мзия Амаглобели жана Анджей Почобутка ыйгарды.

2021-жылы камакка алынган Почобут журналист, беларус бийлиги тааныбаган Поляктар биримдигинин активисти. Европа парламентинин билдирүүсүндө айтылгандай, ал «Лукашенко режимин катуу сындаганы жана тарых, адам укуктары жаатындагы эмгектери менен таанылган, бир нече жолу камалган».

Журналист 2023-жылдын февралында "жек көрүүгө шыкактоо жана улуттук коопсуздукка зыян алып келген аракеттерге үндөө" беренелери менен сегиз жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кесилген.

Грузиялык журналист Мзия Амаглобели "Нетгазети" жана "Батумелеби" басылмаларынын негиздөөчүсү. Быйыл январда Тбилисидеги нааразылык акция учурунда "полиция кызматкерине кол салган" деген айып менен кармалган. Тергөөчүлөрдүн айтымында, ал Батуми шаарынын Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Ираклий Дгебуадзени жаакка чаап жиберген. Амаглобели Дгебуадзе ага акаарат келтирген сөздөрдү айтып, бетине түкүрүп жибергенде жаакка чапканын танбайт. Августта сот аны эки жылга эркинен ажыраткан.

«Грузия көз карандысыздыкка жеткенден бери биринчи аял саясий туткун, жарандардын өз оюн эркин билдирүү укугун коргоп келаткан Амаглобели башкаруудагы «Грузин кыялы» партиясынын режимине каршы чыгып келаткан Грузиядагы демократиялык кыймылдын формалдуу лидерине айланды», - деп айтылат Европарламенттин билдирүүсүндө.

Сахаров - Евробиримдиктин адам укуктары боюнча башкы сыйлыгы, советтик физик, диссидент, укук коргоочу, Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты Андрей Сахаровдун урматына 1988-жылы негизделген.


Шерине

XS
SM
MD
LG