Тилсиз жоо Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде түн ортосунда, саат 03:30дар чамасында тутанган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын маалыматында, аларга кабар таңга маал 5:52де түшүп, өрт өчүргүчтөр 10 мүнөттө жетип келген.
"Чатыр алоолонуп күйүп, бул жактан суу чачып, бирибиз бул, калганыбыз ары жактан кирип өрттү өчүрүүгө аракет кылдык", - деди №29 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кароол башчысы Нуртемир Балтабаев.
Адистер өрт чыкканда тургундар эки кабат үйдүн жер төлөсүндө жатканын, түнү үшүп калбаш үчүн жылыткычты күйгүзүп алганын билдирүүдө.
ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын улук нөөмөтчүсү Кошбай уулу Белек буларды айтты:
"Бөлмөгө киргенде алты адамдын сөөгү табылган. Өрт болжол менен электр мешинен чыккан. Себеби, эки жаштагы баласы болгон. Ага карап электр жылыткычты сайышкан".
Өрт өчүрүүчүлөрдүн айтымында, 34 жаштагы келин жана анын үч кыз, эки уулу таанылгыс болуп күйүп калган.
- Абдуллаева Садбар Сулаймановна - 1991-жылы туулган.
- Абдуллаева Мухаммадали Айбекович - 2012-жылы туулган.
- Абдуллаева Сафия Айбековна - 2014-жылы туулган.
- Абдуллаева Саида Айбековна - 2016-жылы туулган.
- Абдуллаева Раёна Айбековна - 2019-жылы туулган.
- Абдуллаева Мухаммадкадыр Айбекович - 2022-жылы туулган.
Коңшулары жалын үйдүн чатырын каптаганда гана байкашканын билдирүүдө. Алардын айтымында, балдар чет өлкөдө иштеп жүргөн атасын эртең-бүгүн келет деп күтүп жатышкан.
Амир-Тимур аймактык башкармалыгынын башчысы Махаммадамин Канатов буларды айтты:
"Күйөөсү Түштүк Кореяда. Кечээ сүйлөшкөн экен. Сүйлөшүп билет алып, эртең келем деген экен да. Кечээ дүкөнгө барып, майда-чүйдө алып киргенин көргөндөр бар экен. Эртең атабыз келет деп даярдык көрүшкөн экен да. Коңшулары турмуш-шарты жакшы, үлгүлүү үй-бүлө болгонун айтышууда".
Президент соңку өрт кырсыгынан каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты. Ал суук түшөрү менен турак жайларда, өндүрүш объектилеринде электр энергиясын жана жылытуу шаймандарын пайдаланууда өрт чыгуу коркунучу жогорулай турганын белгилеп, тийиштүү мекемелерге эл арасында коопсуздук, алдын алуу чараларын күчөтүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.
Кырсык болгон жерде Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев барды. Укук коргоо органдары, тиешелүү кызматтар иш алып барууда.
Ош: Көп кабаттуу үйдөгү өрт
ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын маалыматында, 2025-жылдын башынан бери Ош шаарынын аймагында 65 өрт кырсыгы катталып, анын ичинен эң көп 28 учур турак жай секторунда болгон. 33 өрт электр каражаттарынын туура эмес пайдалануусунан келип чыккан.
19-октябрдын таңында эле Ош шаарындагы 13-кабат үйдөн өрт чыгып, 200гө жакын адам эвакуацияланып, жалпысынан 1895 чарчы метр аянтты өрт каптаган. Өрттү өчүрүүгө Ош шаарынын жана Кара-Суу районунан техникалар тартылган.
ӨКМ анда турак жайда өрт коопсуздугун алдын алууга шарт түзүлбөгөнүн айткан. Ош мэриясы күйгөн үйлөрдү калыбына келтирүүгө убада берген.
Август айында Өзгөн шаарынын Таштак тилкесинде эки кабаттуу мал сарай өрттөнүп, эки жашар наристе чарчап калган.
Февралда Бишкек шаарындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда чыккан өрт кырсыгы учурунда эки бейтап бала өмүрүнөн ажыраган.
ӨКМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2024-жылы 3148 өрт кырсыгы катталып, андан 47 адам каза болгон. Алардын ичинен жетөө балдар. 2023-жылы баш-аягы 3498 өрт кырсыгы катталып, 35 адам каза таап, 31 киши жараат алган.
Өрт кырсыктарынын көбү электр жабдууларын этиятсыз колдонуудан улам чыгат. Андан тышкары мештерди жана морлорду колдонууда да өрт коопсуздугу сакталбаганы тилсиз жоонун негизги себептеринин бири экени айтылып келет.
Шерине