Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:28

"Асман" шаарын куруу боюнча кытайлык компания менен меморандум түзүлдү


"Асман" шаарын куруу боюнча меморандум
"Асман" шаарын куруу боюнча меморандум

Президенттин алдындагы инвестиция боюнча улуттук агенттик Асман шаарын куруу боюнча кытайлык China Construction Company менен меморандум түзүлгөнүн 21-октябрда билдирди.

Мекеменин маалыматында, сүйлөшүүлөр алгач Шанхайда, кийин Бээжинде уланып, 17-октябрда улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров менен Cao Xiangming (China Construction Design Institute) компаниясынын эл аралык долбоорлор боюнча башкы директорунун ортосунда меморандумга кол коюлган.

Сүйлөшүү жүрүшүндө тараптар кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын жана инвестиция салуу боюнча болжолдуу багыттарды талкуулашты.

Документ инвестициялык, инфраструктуралык жана курулуш тармактарында кызматташууну өнүктүрүүгө, ошондой эле Asman City долбоорун ишке ашыруу үчүн заманбап технологияларды жана чет элдик инвестицияларды тартууга багытталган.

Кыргызстандын бийлиги Ысык-Көлдүн жээгине экологиялык, заманбап, бардык шарттары бар шаар куруу дымагын 2021-жылы жай айында билдирген. Ошол эле жылы күздө өкмөт Асман шаарын куруу мамлекеттик дирекциясын түзгөн. Былтыр мартта жаңы калааны курулушун көзөмөлдөө милдети Президенттин иш башкармалыгына өткөн.

Садыр Жапаров 2023-жылдын 30-июнунда бул шаарды курууну баштоо аземине катышкан. Капсула салынгандан кийин курулуш токтоп калган. Президент былтыр майда Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарына барганда Асман шаарын куруу он чакты күндөн кийин башталарын билдирген. Ал капсула салынгандан кийин курулуштун токтоп калганын долбоорго өзгөртүүлөр киргизилгени менен түшүндүргөн.

Экономика министрлигинин маалыматында, шаардын курулушунун баасы 20 млрд доллар деп эсептелген. Аны курууга түштүк кореялык компания 1 миллиард доллар инвестиция салууга ынтызарлыгын билдиргени расмий айтылган. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, Асман шаары 500 миң кишиге ылайыкталат.

Шерине

XS
SM
MD
LG