Орусиянын Новгород облусундагы Валдай райондук соту өзбекстандыктардын "Ватандош" биримдигинин башчысы Усман Баратовду бир жыл сегиз айга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кести. Абакта отурган Баратовго колониянын иш тартибин бузганы үчүн айып тагылды.
Бул тууралуу «Гражданский контроль» уюму билдирди.
Диаспора башчысы буга чейин улут аралык кастыкка тукуруу беренеси менен соттолгон.
Прокурор жаңы жаза чегерүүдө анын улгайган жашы жана ден соолугу эске алынганын айтты. Адвокаттар аны актоону өтүнгөн. Иш быйыл мартта козгологон.
Тергөөнүн версиясына ылайык, Баратов колония кызматкеринен видеорегистраторду тартып алып, аны көздөй ыргыткан. Баратов болсо жерге түшүп кеткен камераны көтөрүп, бирок кызматкер аны албай койгондо колунда кармап туруу ыңгайсыз болгону үчүн башка жерге ыргытып жибергенин айтты.
Видеорегистратор ал маалда иштебей турган, андыктан «кол салуу» тасмага түшпөй калган.
Былтыр августта Баратов төрт жылга кесилген. Мындай жазага анын "Одноклассники" социалдык тармагындагы посту себеп болгон.
Тергөөдө Баратов "Одноклассники" социалдык түйүнүнө жумуртка кымбаттаганы тууралуу жаңылыкты бөлүшүп, "Короздорду фронттон кайтаргыла!" деген комментарий жазганы Украинада согушуп жаткан орусиялык аскерлердин аялдарынын "ар-намысына шек келтирүү" деп бааланган. Мындай айыпты Баратов четке кагып, сатиралык сүрөттүн согушта жүргөн аскерлерге эч тиешеси жоктугун айткан.
Баратовдун иши тергеле баштаганда Мамлекеттик Думанын вице-спикери Пётр Толстой Орусиядагы улуттук бирикмелерди жана диаспораларды уюшма кылмыштуу топторго теңөөнү, "мындай бирикмелердин ишин токтотууну" талап кылган.
Экинчи кылмыш иши болбосо ал быйыл 20-ноябрда эркиндикке чыкмак.
Шерине