Камактагы ишкер Имамидин Ташов абакта 22 күндөн бери ачкачылык кармап жатканын айтып чыкты. Анын мындай кадамга барышына абактагы шарт, басым-кысым себеп болгонун адвокаттары билдирүүдө. Жаза аткаруу кызматы Ташовдун ачкачылык кармап жатканын ырастаганы менен ишкерге басым-кысым болгонун четке кагууда.
Бир жарым жылга жакын убакыттан бери тергөө абагында жаткан Имамидин Ташовдун 20 күндөн ашык убакыт ачкачылык кармап жатканы өткөн жума аягында белгилүү болду. 17-октябрда Бишкек шаардык сотундагы жараянда ачкачылык кармап жатканын айткан Ташов ден соолугу кескин начарлап кеткенин билдирген.
Ал Жаза аткаруу мекемесинин кызматкеринин басымына тушукканын, ачкачылык кармоо аркылуу протест кылууну чечкенин айтып чыкты:
"Аба жетпей жатат чындыгында. Билесиздер, райондук сотто менин бир адвокатымды катуу куугунтуктап жүрүп камаганга да жетти сот системасы. Өзүңөр билесиңер, менин ишенгеним эле ошол адвокаттар. Райондук сотто мыйзамды одоно бузуу менен менин көрсөтмөмсүз чечим чыгарып келдиңер (сотко кайрылып). Мен 18 күндөн бери бир сындырым нан жей элекмин. Мен эми тигил жак менен (Жаза аткаруу кызматы) өзүмдүн деңгээлимде күрөшүп жатам. Эми силерден менин өтүнүчүм, эгер мүмкүн болсо мени өзүңүздөр менен күрөштүрбөй эле ишимди мыйзамдуу карап бериңиздер. Адвокаттарды басынтпаңыздар. Ишти кароону башка күнгө жылдырууга макулмун, мен өзүм да азыр чыдабай атам".
Ал күндөгү отурум Ташовдун ден соолугуна байланыштуу соңку абалын жана сот процессине катышуу мүмкүнчүлүгүн аныктоочу документтерди көрсөтүү керек болгондуктан кийинкиге жылдырылды. Буга мамлекеттик айыптоочу каршы болгон жок. Ошентип, ишти кароо 30-октябрда уланмай болду.
Ташовдун адвокаты Асел Аргымбаева 20 күндөн ашык ачкачылык кармап жаткан ишкер ага жабык жайда кабылып жаткан басым тууралуу буларды билдиргенин "Азаттыкка" айтып берди:
"Ташов өзү гана эмес, аны менен камерада отурган башка да камактагыларга болгон мамиле тууралуу айтууда. Аларды сөгүп, камерадан чыгарууда колун артка алдыртышат экен, адвокат катары муну биз да көргөнбүз. Андан тышкары кийимин колуна карматып, камерадан каздай бастырып чыгарат экен. Камераларда пландан тышкаркы текшерүү иштерин да жүргүзүшөт. Анан бут кийиминин боосун берип коюп, кайра аны алып алышкан. Мына ушундай мамилеге Ташов нааразы".
Буга байланыштуу Ташовдун жактоочулары Башкы прокуратурага жана өлкөнүн акыйкатчысына арыз менен кайрылган. Башкы прокуратура арызды Аскер прокуратурасына жөнөткөн, ал жерден жооп келе элек.
Ал эми Омбудсмендин аппараты окуяга байланыштуу камактагы ишкерге 30-сентябрь күнү жана 3-октябрда барып, мониторинг жүргүзгөн. Анда 24 чарчы метрлик бир камерада Имамидин Ташов жана андан сырткары дагы 15 адам отурары аныкталган. Бул "Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" мыйзамдын 24-беренесинде көрсөтүлгөн талаптарга каршы келерин мекеменин басма сөз катчысы Жазгүл Масалиева билдирди:
"А бул жерде 16 адамдын ар бирине 1,5 чарчы метрден гана туура келип атат. Андан тышкары, арызда Имамидин Ташовго талапка жооп бербеген жууркан-төшөк берилгени айтылат. Камактагы Ташовдун өзү менен маектешүү учурунда ал бул фактыны ырастаган. Бул тууралуу камералык картасында маалымат жазылган эмес. Эгерде камакта отурган адам ачкачылык кармап жатса, ал башкалар менен бирге бир камерада кармалбай өзүнчө бөлүнүп, такай медициналык кароодо болушу керек. Ошондуктан бул мониторинг учурунда аныкталган маалыматтар боюнча биз Жаза аткаруу кызматына кат жөнөтүп, мыйзам бузууларды жоюу керектигин билдиргенбиз. Бул кызматтан азырынча жооп келе элек".
Акыйкатчы бул катты Жаза аткаруу кызматына 10-октябрда жөнөткөнү маалымдалды.
Ал тапта Имамидин Ташов жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Бишкектеги №21 (№1 тергөө абагы) мекемесинин кызматкерлери ага басым-кысым жасабаганын билдирип, "Азаттыкка" маалымат берди.
"Имамидин Ташов ачкачылык жарыялагандан бери аны менен адвокаттар 10 жолу, ал эми Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү төрт жолу барып жолугушкан. Жабык жайдын администрациясы мыйзам талаптарына ылайык түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүүдө. Учурда тергөө алдында кармалган Ташовдун ден соолугу канааттандырарлык абалда, ал мекеменин медициналык кызматкерлеринин туруктуу көзөмөлүндө", - деп айтылат маалыматта.
KG Group курулуш компаниясынын жетекчиси, ишкер Имамидин Ташов 2024-жылы апрелде камакка алынган. Атайын кызмат ага чейин издөөдө жүргөн ишкер кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөн соң Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалганын билдирген.
Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган. Ишкер коюлган киненин баарын четке кагып келет. Андан сырткары алдамчылык тууралуу берене менен козголгон бир канча иш тергелип жатканы белгилүү болгон. Бишкектин Биринчи май райондук соту быйыл 25-июлда аны үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыраткан.
Адвокат райондук соттун өкүмүнө макул болбой, Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазган. Учурда анын арызы ошол мекемеде каралууда.
Кыйноолорго каршы улуттук борбордун мурдагы жетекчиси Бакыт Рысбаев жабык жайларда ушундай көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн мыйзамдын үстөмдүгүн күчөтүш керек деген пикирде.
"Абакта жаткан адамдар ал жердеги басым-кысымга даттанган кезде айрым учурларда ошол тиешелүү органдар убагында реакция кылбай калат. Мындайда Атайын прокуратура деген орган көзөмөлгө алып, териштирип, эки тарапты тең сурап анан жыйынтыгын, юридикалык баасын бериши зарыл. Жабык жайларда бир гана ошол жерде иштеген кызматкерлер гана эмес, отургандар арасында бири-бирине басым жасаган учурлар да болот. Саясатчы же ишкер камакта отуруп айтып чыккан айрым учурлар бизге белгилүү болуп жатат, ал эми катардагы жарандардын иши кандай болуп жатканы чоң маселе. Жабык жайларда абал кандай экени мага азыр беймаалым. Бирок, кандай болгон күндө да мыйзам, мыйзамдын үстөмдүгү жана мыйзамга болгон мамиле маанилүү. Кимиси болбосун, жетекчиби же катардагы кызматкерби же болбосо айыпталуучубу, айтор, мыйзамды сыйлап, урматтап, ага баш ийүүсү керек. Мыйзамды сыйлап, бирок ошол эле учурда мыйзам менен эсептешпесе, анда жабык жайлардагы мындай көрүнүштөр улана берет".
Имамидин Ташов буга чейин да абакта кыйноого кабылганын, начар шартта кармалып жатканын айтып өзүнө кол салып, ачкачылык кармаган. Бирок тиешелүү органдар анын айткандарын четке кагышкан.
Шерине