Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:00

Франциянын экс-президенти Саркози беш жылдык мөөнөтүн өтөө үчүн Санте абагына барды


 Николя Саркози
Николя Саркози

Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози Париждеги Санте түрмөсүнө барды. "Ливия ишине" байланыштуу айыпталып, беш жылга соттолгон Саркози Франциянын экс-президенттеринин ичинен биринчи болуп абакка камалууда. Ал доо арызы каралганга чейин жаза мөөнөтүн бир кишилик, душу бар камерада өткөрөт.

"Рейтер" агенттигинин билдиришинче, эртең менен, саат 10до Саркозинин машинеси Санте түрмөсүнүн дарбазасынын алдына токтогон.

"Мен түрмөдөн коркпойм. Сантенин кире беришинде башымды бийик көтөрүп турам", - деген Саркози Tribune Dimanche басылмасына курган маегинде.

Сот бир ай мурда, 25-сентябрда өкүм чыгарган, бирок Саркози сот залынан камакка алынган эмес. Ага иштерин бүтүрүп, түрмөгө өзү келиши үчүн мөөнөт берилген.

Сот Саркозини 2005-2007-жылдары шайлоо кампаниясын Ливиянын Муаммар Каддафи башкарган режими тарабынан "каржылоо иши боюнча кылмыштуу кутумга барганы үчүн айыптуу" деп тапты. (ST)

Шерине

XS
SM
MD
LG