Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:57

Быйыл айдоочулук күбөлүк алуу сынагынан 280 миңден ашык адам кулады


Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда тогуз айдын ичинде (январь-сентябрь) айдоочулук күбөлүк алуу сынагынан 281 миң 661 адам кулады.

Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун Айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Нургазы Ормонбек уулу “Кабар” улуттук агенттигиндеги маегинде айтты. Анын маалыматы боюнча, ал эми 74 миң 646 киши сынактан өтүп, айдоочулук күбөлүк алган.

Нургазы Ормонбек уулу автомектепти окугандар теориялык тестке жакшы даярданып, практикалык экзаменден кулагандар да көп экенин кошумчалады.

Кыргыз бийлиги өлкөдө жол кырсыктары көбөйгөндүктөн айдоочулук күбөлүк берүүдө көзөмөлдү күчөткөн. Айдоочуларды даярдоонун жана кайра даярдоонун сапатын жакшыртуу үчүн быйыл 20-октябрдан баштап менчик автомектеп ачуу үчүн лицензия берүүгө 2028-жылга чейин тыюу салынды. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG