Казак өкмөтү коомдук жайларда видео көзөмөл системасын киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу vlast.kz басылмасы Казакстандын санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри Жаслан Мадиевге таянып жазды.
Мадиевдин айтымында, жаңы система жасалма интеллект технологияларынын жардамы менен коомдук жайларда 24 саат бою байкоо жүргүзөт. Ал автоматтык түрдө жүздөрдү, автоунаа номерлерин аныктап, адамдардын кыймыл-аракетин жана кароосуз калган буюмдарды байкай алат. Өкмөт бул система коомдук коопсуздукту камсыздоого жана укук коргоо органдарынын ишин жеңилдетүүгө жардам берет деп эсептейт.
"Мамлекет заманбап санарип технологиялардын жардамы менен тынч жана адилет коом курууну, мамлекеттик түзүмдөрдүн ишин жакшыртууну көздөйт", - деди Мадиев.
Министрликтин маалыматында, жасалма интеллект багытындагы бир нече долбоорлор ишке кирген. Алардын бири жасалма интеллекттин жардамы менен жарандардын укуктук суроолоруна так жана ыкчам жооп берген программа.
Ошол эле учурда, эксперттер менен укук коргоочулар бийликтин көзөмөлдөө мүмкүнчүлүктөрү күчөп баратканына тынчсызданышууда. Алардын пикиринде, адамдын жүзүн таануу системасы жарандардын жеке маалыматтарын алардын макулдугусуз чогултуу жана сактоо коркунучун жаратат. Бул технологиялар жарандык активисттерге каршы колдонулушу мүмкүн деген кооптонуулар бар.
Алматыда активист Санжар Бокаев жүздү таануу камералары аны "издөөдө жүргөн" адам катары аныктагандан кийин кармалган. Полиция аны Алматы аэропортунда жасалма интеллектке негизделген TargetEYE аттуу система аркылуу таап, кармаган. Көп узабай Бокаев бошотулган, бирок кийин ал өкмөт бул технологияларды активисттерди көзөмөлдөө үчүн колдонуп жатканын билдирген. (AiA)
Шерине