Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын бир айга жетип-жетпеген запасы калганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, айрым компанияларда бир айга жете тургандай, кээ бирлеринде андан да аз күйүүчү май бар. Негизи өлкөдө буга чейин жок эле дегенде эки айлык запас сакталып турчу.
Кыргызстанда жай айларында башталган күйүүчү-майлоочу майдын кымбаттоосу күз айларында да уланууда. Улуттук статистика комитети билдиргендей, А-95 үлгүсүндөгү бензин июндун башында 73 сом болсо, учурда 80-82 сомго чыкты. А-92 үлгүсүндөгү бензин 65 сомдон 74-76 сомго, дизел 73 сомдон 78-80 сомго көтөрүлдү.
Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы мунун себебин Орусиядагы мунайды кайра иштетүүчү бир нече заводу Украинанын дрон чабуулунан улам иштебей, ал жактын өзүндө тартыштык болуп жатканы менен түшүндүрүп келет.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы азыр бааны кармап турууга мүмкүн болбой жатканын, күйүүчү майдын кымбатташы Орусиядагы абалга байланыштуу экенин билдирүүдө.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички базарын мунай азыгы менен туруктуу камсыздоо маселелерине арналган кеңешме өткөрүп, күйүүчү майдын баасына көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын берген.
Эл аралык энергетикалык агенттиктин соңку баяндамасына ылайык, украиналык дрондордун орусиялык объектилерге жасаган соккуларынын айынан Орусиянын мунай заводдорундагы мунай иштетүү көлөмүнүн азая бериши жок эле дегенде келерки жылдын ортосуна чейин уланат. (BTo)
Шерине