Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:20

Камчыбек Ташиев Чүйдөгү Долпран кени боюнча текшерүү болорун айтты


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Чүйдүн Чоң-Кемин айыл аймагындагы Долпран алтын кенине берилген лицензия жана кенди иштетүү маселеси текшерилерин билдирди. Бул тууралуу атайын кызматтын жетекчиси Кемин районунун Кайыңды айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда айтты.

“Кен байлыктарды бардык эле жерде иштетип жатабыз. Бирок аны экологияга, элге зыяны тийбей тургандай, эл пайда көргөндөй иштетсе болот. Мен бардыгын текшерип чыгайын. Мыйзамдын баарына туура келсе, экологияга, жашап аткан элге зыяны тийбесе, кенден мамлекет пайда ала турган болсо гана уруксат беребиз. Жөндөн-жөн эч ким казып кете албайт”, – деди Камчыбек Ташиев.

Жергиликтүүлөр Долпран кенин иштетүүгө кытайлык “Кемин ресурс групп” ишканасына лицензия берилгенин, бирок алтын өндүрүлүп баштаса жаратылышка зыян келтирилет деп кооптонуп жатышканын айтышты.

Жашоочулар 394 гектар жерди иштетүү боюнча кытайлык компанияга 2043-жылга чейин лицензия берилгенин, кенден алтындан тышкары башка да баалуу металлдар чыгарын кошумчалашты. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG