Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:29

Новопокровка айылында заводдо болгон жарылуудан эки киши каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн Новопокровка айылында газоблок чыгарган заводдо жарылуу болуп, 34 жана 61 жаштагы эки адам каза болду.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 21-октябрда Instagram баракчалардын биринде Ысык-Ата районунда болгон делген жарылуунун видеосу чыккан.

Териштирүүдө 21-октябрда Ысык-Ата райондук милициясына Новопокровка айылындагы газоблок чыгарган анча чоң эмес заводдо цемент цистернасы жарылып, эки адам каза болгону тууралуу маалымат түшкөнү аныкталган.

Бул факты каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүп жатат. Бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүп, күбөлөр суралып, жарылуунун себептерин аныктоо үчүн экспертизалар дайындалды. (BTo)


Шерине

XS
SM
MD
LG