17 жаштагы окуучу кыздын өлүмүнө байланыштуу талкуулар токтой элек. Бул үрөй учурган окуя кыргыз коомунда резонанс жаратып, укук коргоо, сот тармагына курч сындар айтылууда. "Азаттыктын" кабарчылары каргашалуу окуя болгон жерге барып келди.
Караколдо классташ кызына кол көтөргөн окуучунун окуясы боюнча териштирүү башталганын Ысык-Көлдүн жетекчилиги билдирди. Ал эми окуя болгон №2 Байсары уулу Кыдыр аке атындагы орто мектептин директоруна, класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусуна жана социалдык педагогуна сөгүш берилди.
Ысык-Көл облусунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 17 жаштагы окуучу кыз Айсулуу Мукашеванын өлүмүнөн соң президент Садыр Жапаров Баш мыйзамга өлүм жазасын кайтаруу демилгесин көтөрдү.
Ички иштер министрлиги Ысык-Көл облусунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 17 жаштагы окуучу кыздын өлүмүнө байланыштуу милиция кызматкерине карата ички иликтөө жүргүзүлөрүн билдирди.
Чек ара такталганда Тажикстандан кыргыз тарапка берилчү 190дон ашык турак үйдүн 45и өткөрүлүп, тажик тарапка Көк-Терек айылындагы 17 үйдү өткөрүү жараяны башталганын райондук бийлик ырастады. Учурда эки тараптын жумушчу тобу алмашыла турган объектилерди тактап, каттоого алып жатат.
Кыргызстанда психиатриялык ооруканада жатып кылмыштуу топ түзгөн деп 40 жаштагы киши камакка алынды. Милициянын маалыматында, жети жыл мурун укук коргоо органынын мурдагы кызматкерин өлтүргөн деп айыпталган жаран жазадан качуу үчүн “акыл-эсинен айныган” деген жасалма аныктама алган.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда бир нече күндөн бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кыздын сөөгү табылып, кылмышка шектүү 41 жаштагы жаран кармалды. Анын мурда да кыз зордуктоого байланыштуу кылмышы бар экени, бирок убагында тийиштүү жаза албай калганы маалым болду.
Даниянын аба мейкиндигин дрондордун кайра бузуп киришине байланыштуу НАТО Балтика деңизинде зениттик фрегат жана кошумча чалгын жабдыктарын жиберди.
Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатты. Ага 84 депутат “макул” деп добуш берип, эч ким “каршы” болгон жок. Жогорку Кеңештин өзүн өзү таркатуу чечими жана алдыдагы парламенттик шайлоо тууралуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, экс-депутат Адахан Мадумаров “Азаттыкка” маек курду.
АКШнын президенти Дональд Трамп Европанын колдоосу менен Украина басып алынган аймагын өзүнө толук кайтарып аларын билдирди. Президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассемблеясында Украинадагы согуш, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча сүйлөп, согушту токтотууга чакырды.
Өткөн айда орусиялык альпинист Наталья Ногавицинанын Жеңиш чокусунда бутун сындырып алып, 7200 метр бийиктикте калып кеткен окуясы кыргыз тоолорундагы альпинизм, андагы тагдырлар тууралуу кызыгууну күчөттү.
Дагы жүктөңүз