Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда бир нече күндөн бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кыздын сөөгү табылып, кылмышка шектүү 41 жаштагы жаран кармалды. Бул каргашалуу окуя Кыргызстанда кыз-келиндердин коопсуздугу маселесин кайрадан күн тартибине чыгарып, коомчулукта кызуу талкууланууда. Ал эми анын мурда да кыз зордуктоого байланыштуу кылмышы бар экени, бирок убагында тийиштүү жаза албай калганы тууралуу маалымат ошол кездеги тийиштүү мекемелердин жоопкерчилиги боюнча маселени козгоду.
"Аны таанычу эмес, мурда да ушундай кылмышы бар киши экен"
17 жаштагы Айсулуу Мукашева үй-бүлөдөгү үч бир туугандын ортончусу, эки уул баланын ортосундагы жалгыз кыз болчу. Быйыл 11-класста окуп жаткан.
Жакындарынын айтымында, 27-сентябрда ал курбу кызыныкына барып келем деп Барскоондон Жети-Өгүзгө чыккан бойдон дайыны табылбай жаткан. Өспүрүмдүн сөөгү эки күндөн кийин Боом капчыгайынан табылды.
"Азаттык" 30-сентябрда кыздын бир тууган агасы Сыймык менен байланышып, окуянын чоо-жайын сураштырды:
"Курбу кызынан сурасак ага барбаганын айтты. Дрон алып чыгартып, "Коопсуз шаар" камераларын каратып издей баштадык. Бир камерадан карындашым жөө басып баратканы, артынан "Хонда Стрим" машинасы өткөнү көрүндү. Ошол машинага отуруп кеткен го деп шекший баштадык. Номуру аркылуу кимге катталганын таптырып, издеп, чала баштадык. Чалсак зөөкүр телефонду алып, "Жоок, ал машинаны сатып жибергем" деди. Ошол эле күнү кечинде Бишкектеги "Берекет" базарына барып телефонун сатып жибергенин уктук. Издеп баштадык, дрон колдонушту, кол жээгине киргенин аныктадык. Кечээ кармашты, күнөөсүн моюнуна алды. Өлтүрүп, көлдүн жээгине көмүп, кайра түндө барып казып, Боомдон ыргытып жибергенин айтты. Бул бир адамдын колунан келбес нерсе". Сыймыктын айтымында, карындашынын сөөгү шектүү окуя кандай болгонун өзү айтып бергенден кийин гана табылган, ага чейин аны көлдүн жээгинен эле издеп жатышкан.
"Мурда-кийин ал кишини таанычу эмес, биз да көргөн эмеспиз. Машинесине "попутка" катары эле түшүп алган окшойт. Ал мурда да зордуктоого айыпталып, бирок сот жообуна тартылган эмес экен", - деген Сыймык милиция карындашына бычак тийбегенин, ал муунтуп өлтүрүлгөнүн айтып бергенин кошумчалады.
Карындашы кабылган каргашалуу окуяда кылмыштын бир эмес, бир нече түрү болгонун, ал зордукталганын айткан агасы зөөкүр жазанын эң катаал түрүн алышы керек деп талап кылышарын белгиледи.
Милициянын маалыматы
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 27-сентябрдан бери дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө байланыштуу 41 жаштагы адам кармалганын облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Милициянын маалыматы боюнча, 27-сентябрда Айсулуу Мукашеванын атасы кызы Каракол шаарына курбусунукуна кетип, ошол бойдон дайынсыз болуп жатканын айтып арыз менен кайрылган.
Бул факт Жети-Өгүз районундук ички иштер бөлүмүнө катталып, текшерүү иштери башталган. Окуяга байланыштуу 41 жаштагы шектүү кармалып, камакка алынды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен айып коюлду. Милиция тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп, кыз зордукталып, өлтүрүлгөнү аныкталганын билдирди.
Изилдөө: Кыргызстан аялдар үчүн кооптуу өлкө
WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) боюнча Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылды.
Соңку бир канча жылда эле ондогон зордук-зомбулук окуялары коомчулуктун үрөйүн учуруп, нааразычылыгын жаратты. Тилекке каршы, кыз-келиндердин өлүмү менен аяктаган окуялар да жок эмес. Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызы менен Айзада Канатбекованы кыргыз коомчулугу унута элек.
Зомбулуктун саны барган сайын өсүп, Кыргызстан аялдар үчүн аймактагы эң кооптуу өлкө бойдон калып жатканына аялдардын укугун коргоочулар бир катар себептерди аташат. Анын ичинде укук коргоо, сот органдарынын, коомдун бул маселеге карата мамилесин, зомбулук жасаган эркектердин көп учурда жазасыз калуусун белгилешет.
Укук коргоочулар 17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны зордуктоого жана өлтүрүүгө шектүү мурда да ушундай кылмышка барган жаран экенине тийиштүү мекемелер сөзсүз көңул бурушу керектигин белгилеп жатышат. "Кылым шамы" укук коргоо борборунун башчысы Гүлшайыр Абдирасулова эгер бул маалымат анык болсо аны убагында жазага тартпагандарга чара көрүлүшү керектигин айтууда.
Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 20-декабрда Бишкекте өтүп жаткан үчүнчү Элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанда балдарга, аялдарга каршы жасалган зордук-зомбулукту сынга алган. Мамлекет башчы мындай көрүнүштөр үй-бүлө институтун бузуп, жарандардын адилеттикке болгон ишенимин жоготорун айтып, алсыз адамдарга күч колдонуу актоого жатпай турганын кошумчалаган.
“Коомубузда ар бир аялзат, ар бири бала өзүн коопсуз сезиш үчүн болгон күч-аракетти жумшоо биздин негизги милдет болушу керек. Бул милдетти так аткарганда гана адам деген бийик атты сактап, бири-бирин урматтаган, адилеттүүлүккө негизделген коомду кура алабыз”, - деген президент.
Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды жана эл аралык өнөктөштөрдү аялдарга жана балдарга карата жасалып жаткан зомбулукту алдын алууда биргелешип иш алып барууга чакырган. Жаманбаева бул тууралуу былтыр 10-декабрда Аялдарга карата дискриминацияны жоюу жөнүндө конвенциянын 45 жылдыгына арналган жыйында билдирген.
Акыйкатчы Кыргызстанда аялдардын жана балдардын, аялуу адамдардын укуктары көп бузуларын, мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдар алардын укугун коргоого көбүрөөк көңүл буруп жатканын да белгилеген.
Шерине