22-октябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигерини кабыл алды.
Министрликтин басма сөз кызматы Жээнбек Кулубаев Кыргызстан АКШ менен саясий диалогду мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин айтканын билдирди. Ал эми виза маселеси өзүнчө каралган.
Жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн мамилелесин мындан ары тереңдетүүгө жана үзгүлтүксүз жумушчу байланыштарды улантууну макулдашты. Виза боюнча эмне сөз болгону жана кандайдыр бир чечим кабыл алынганы тууралуу маалымат берилген жок.
АКШнын Мамлекеттик департаменти сентябрь айында бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына берилчү иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтү кыскарганын билдирген. Анда мындай чечим АКШнын президенти Дональд Трамптын “АКШны чет элдик террористтерден жана башка улуттук жана коомдук коркунучтардан коргоо” буйругуна ылайык кабыл алынганы белгиленген.
Ага ылайык, кыргыз жарандарына мурда B-1/B-2 визасы он жылдык мөөнөткө чейин берилсе, мындан ары үч ай болуп кыскарган жана бул виза менен АКШга бир гана жолу кирүүгө болот.
B-1/B-2 визалары – АКШга убактылуу иш сапар (B-1) же туристтик, эс алуу жана туугандарга жолугуу максатында (B-2) баргысы келгендерге берилет. Бул визаларды алуу үчүн талапкерлер АКШдан кайра кайтарын далилдеши керек. Кыргызстандыктардын көбү визанын ушул түрүн тандашат.
Июнь айында АКШ 36 мамлекеттин катарында Кыргызстандын жарандарына да өз аймагына кирүүгө тыюу салышы мүмкүн экени тууралуу маалымат жарыяланган. Washington Post гезити 15-июнда Мамлекеттик департаментинин катына шилтеме кылып жазган тизмеге Кыргызстан, Египет, Жибути, Камерун, Нигерия, Сирия, Танзания жана Африка, Кариб, Тынч океан аймагындагы өлкөлөр кирген.
Андан соң Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси Бишкектеги АКШ элчилиги жана Вашингтондогу элчи Айбек Молдогазиев сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. (BTo)
Шерине